ЖК жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоону биринчи окууда колдоду

© Фото / пресс-служба ЖККыргыз Республикасынын конституциясы. Архив
Кыргыз Республикасынын конституциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Жазылуу
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин референдум дайындалат.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин жактырды.
Аталган долбоор бүгүн парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда каралды. Натыйжада 87 эл өкүлү макул, 9 депутат каршы добуш беришти.
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0