БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин биринчи окууда колдоп беришти.
Эл өкүлдөрүнүн 87си макул болсо, 9у каршы чыккан.
Жогорку Кеңештин сайтына кайсы депутат кандай добуш бергени тууралуу маалымат жарыяланды.
Долбоор экинчи-үчүнчү окуудан дагы колдоо тапса, президентке жөнөтүлөт. Ал кол койгондон кийин жалпы элдик добуш берүү дайындалат. Референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен кошо 11-апрелде өткөрүү сунушталууда.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Вице-премьер Улукбек Кармышаков референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо ийгиликтүү өткөнүн брифингде жарыялады.
"Биз жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана жаңы Конституция боюнча референдумду ийгиликтүү өткөрүп алдык. Алдын ала маалымат боюнча, референдумда 30 пайыздан ашык шайлоочу добуш берди. Бардык шайлоо участкаларында орой эреже бузуулар катталган жок", — деди аткаминер.
Кармышаков мындай көрүнүш мамлекет шайлоо процессин ийгиликтүү өткөрүп алганынан кабар берерин кошумчалаган.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинде мандаттар кантип бөлүштүрүлөрү болжолдуу түрдө белгилүү болду.
АСУнун алдын ала маалыматы боюнча, мандаттар төмөнкү алты партияга бөлүштүрүлөт.
"Эмгек" — 13,90 пайыз (9 мандат);
"Ак Бата" — 12,21 пайыз (8 мандат);
НДПК — 10,48 пайыз (8 мандат);
"Ата-Журт Кыргызстан" — 9,78 пайыз (7 мандат);
"Ынтымак" — 8,37 пайыз (7 мандат);
"Биздин эл" — 7,79 пайыз (6 мандат).
Бул болжолдуу эсептөө экенин маалымдайбыз. Мандаттардын саны менен бөлүштүрүлүшү өзгөрүп кетиши мүмкүн.
Бишкек шаардык кеңешине 25 партия ат салышкан.