"Кыргыз алтынга" жаңы жетекчи дайындалды

© Sputnik / Асель Акматалиева"Кыргыз алтын" АККнын башкаруучулугунун жаңы дайындалган төрагасы Маратбек Чолпонкулов. Архив
Кыргыз алтын АККнын башкаруучулугунун жаңы дайындалган төрагасы Маратбек Чолпонкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Жазылуу
Компаниянын мурдагы жетекчиси пара талап кылууга шектелип кармалган. Жаңы жетекчи мурда өкмөттүн аппаратында эмгектенгени маалым болду.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Маратбек Чолпонкулов "Кыргыз алтын" АККнын башкаруучулугунун төрагасы болду. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматынан билдиришти.
Гезиттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
"Кыргыз Туусуна" жаңы башкы редактор дайындалды
Буга чейин Чолпонкулов Энергетика жана өнөр жай министрлигинде, Жогорку Кеңеште иштеген, экономика министринин кеңешчиси болгон. Ал эми 2019-жылдын 5-сентябрынан бери өкмөт аппаратынын өнөр жай, ЖЭБ жана жер казынасы бөлүмүнүн жетекчиси болуп келген.
"Кыргыз алтындын" мурдагы жетекчиси Элмырза Үкүбаев пара талап кылууга шектелип кармалган. Ал февраль айында камакка алынган. УКМК Үкүбаев 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалганын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0