Суваналиев Согд жана Фергана облустарынын башчылары менен сүйлөштү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев. Архив
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Жазылуу
Жетекчилер облустар аралык соода-экономикалык байланыштарды чыңдоону сүйлөшүп, чек аралаш аймактарда коомдук коопсуздукту сактоону макулдашышкан.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмодзода жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.
Жетекчилер облустар аралык соода-экономикалык, маданий байланыштарды чыңдоо, кошуналык жакын мамилени, чектеш элдердин ынтымагын жана достугун бекемдөөнү сүйлөшүшкөн.
"Өзгөчө чек аралаш аймактарда коомдук коопсуздукту сактоо, чыр-чатактардын алдын алуу жана жаралган көйгөйлөрдү биргелешип чечүү боюнча макулдашышты", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле үч облустун кызматташуу тууралуу планы талкууланган. Анда экономикалык байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурулары белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0