Таласты 5 ай башкарды. Айбек Бузурманкулов кызматтан кетти

© Фото / пресс-служба обладминистрации Таласской областиӨкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов. Архив
Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Жазылуу
Бузурманкулов Таласка жетекчи болуп 2020-жылдын октябрь айында 5-6-октябрдагы окуялардан кийин келген.
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Айбек Бузурманкулов өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Бузурманкулов ээлеген ордунан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кеткен.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Эске салсак, Бузурманкулов Таласка жетекчи болуп 2020-жылдын октябрь айында 5-6-октябрдагы окуялардан кийин келген
Жаңылыктар түрмөгү
0