Финполду кандай кылып жоюшат, кызматкерлери кайда барат? Комиссиянын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековФинпол кызматкерлери. Архив
Финпол кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Жазылуу
Комиссия төрт топко бөлүндү, бүгүн алардын алгачкы отуруму өттү. Финполду жоё турган комиссиянын мүчөлөрү кандай иштерин Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (Финансы полициясы) жоюу боюнча иш алып бара турган комиссиянын төрагасы Кылычбек Абышев Sputnik агенттигине комиссиянын кандай тартипте иш алып барарын айтып берди.
Буга чейин өкмөттөн аталган комиссия сөз болуп жаткан кызматты жоюу боюнча чечимдин негизинде түзүлгөндүгүн билдиришкен. Абышев КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары.
Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2021
Жапыкеев башында турган Финпол жоюлду
Абышевдин айтымына караганда, комиссияга кирген 35 адам ар кыл мамлекеттик органдардагы эксперттер менен адистер. Анын төрагасынын орун басарлыгына Финполдун жетекчисинин орун басары болуп иштеген Жоомарт Султанов дайындалып, ал жетекчинин милдетин аткарууда.
Абышев бүгүнкү күндө комиссия биринчи отурумун өткөрүп, иштин кандайча тартипте жүрө тургандыгын талкуулап алышканын билдирди. Мындан ары жасала турган иштердин планы туурасында маалымат берилмекчи.
Комиссиянын төрагасы адистердин ишин төрт багытка бөлдү:
  • Биринчи топ Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлеринин мындан аркы тагдырын чечип жана үч айлык маянанын өлчөмүндө кенемте төлөп берүү маселесин карайт;
  • Экинчи топ ыкчам-тергөө тобу болот. Комиссиянын бул топто иштеген мүчөлөрү ачылган кылмыш иштеринин материалдарын андан ары кимге берүү маселесин карайт. Анткен менен Финполдун милдетин аткара турган мамлекеттик орган аныктала элек;
  • Үчүнчү топ Финполдун мүлкүнүн эсебин алып каттайт. Анын ичинде бухгалтериясын, оргтехникаларын жана имаратын да карашат;
  • Төртүнчү топ уюштуруу жана укуктук маселелер боюнча иш алып барат, тагыраагы, кызматты жоюу иштерин документтештирет.
Абышев мыйзам боюнча комиссиянын ыйгарым укуктарды мамлекеттик башка органдарга бергенге акысы жоктугун айтты. 
Өкмөттүн токтомунда Финполду жоюу боюнча комиссиянын ишинин мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Анын төрагасы жумуштан бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөп берүү жана башка иштерди эске алганда мыйзам боюнча үч айда бүтүш керектигин, бирок процессти тездетүүгө аракет кылышаарын айтты.
Абышев Сыймык Жапыкеев ээлеген кызматынан аталган кызматты жоюу боюнча чечимдин негизинде бошотулгандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0