Абактагы депутат Дүйшөн Төрөкулов бошонуп, парламент жыйынына келди. Видео

© Sputnik / Эламан КарымшаковЖК депутаты Дүйшөн Төрөкулов
ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Жазылуу
Депутат кечээ, 10-мартта, Биринчи май райондук соттун чечими менен үй камагына чыгарылганын билдирди.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Тергөө абагында отурган депутат Дүйшөн Төрөкулов бошоп чыгып, бүгүн парламенттин жыйынына келди.
Ал журналисттердин суроосуна жооп берип кечээ, 10-мартта, Биринчи май райондук соттун чечими менен үй камагына чыгарылганын билдирди.
"Адвокаттарым менин баш коргоом боюнча чараны өзгөртүү өтүнүчүн келтирген. Сот аны канааттандырды. Мага козголгон ишти саясий куугунтук деп айта албайм, жалаа жабылып калды. Өлкөдө тополоң болбодубу, толкун менен келе жатканда кичине аша чаап кетишти окшойт", — деди Төрөкулов.
Ал эми тергөөнүн купуялуулугун сактоо үчүн тил кат жазып бергенин жүйө келтирүү менен өзүнө козголгон иш тууралуу айтуудан баш тартты.
Жаңылыктар түрмөгү
0