Мамлекеттик ипотекалык компанияга жаңы жетекчи келди

© AFP / JOEL SAGETОфистеги аял. Архив
Офистеги аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Жазылуу
Жаңы жетекчи Төлөгөнова Мамлекеттик салык кызматында, Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттикте, жеке түзүмдөрдө финансист жана бухгалтер болуп иштеген.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Аида Төлөгөнова Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкаруучулугунун төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Төлөгөнованы кечээ, 10-мартта, "Мамлекеттик Ипотекалык Компания" ААКтын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жыйынында шайлашкан.
"Төлөгөнованын Мамлекеттик салык кызматында, Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттикте, ошондой эле жеке түзүмдөрдө финансист жана бухгалтер болуп иштеп, тажрыйбасы мол", — деп айтылат маалыматта.
Маалыматта башкаруучулуктун экс-төрайымы Элмира Абжапарова өз каалоосу менен берилген арыздын негизинде ээлеген кызматынан бошотулганы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0