Инвестфонд түзүлөт. Жапаров менен Мирзиёев кол койгон документтер

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров менен Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев
Президент Садыр Жапаров менен Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.03.2021
Жазылуу
Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барды. Эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунун жыйынтыгында 22 келишимге кол коюлду.
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-өзбек биргелешкен кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Кол коюлган документтердин тизмеси:
  • Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуу долбоору;
  • Кыргызстандын Экономика жана финансы министрлиги менен Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы контрабанда жана бажы мыйзамдарынын бузулуусу менен күрөшүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Өзбекстандын Энергетика министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин 2021-2022-жылдарга карата кызматташуу программасы;
  • Кыргызстандын Экономика жана финансы министрлиги менен Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин ортосундагы өз ара соода кылууда товарлардын кыймылы тууралуу маалымат алмашуу жөнүндө протокол;
  • Эки мамлекеттин Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосундагы саламаттык сактоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Өзбекстандын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Кыргыз өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Өзбекстандын Өнөр жай коопсуздугу мамлекеттик комитетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын Экономика жана финансы министрлиги менен Өзбекстандын Монополияга каршы комитетинин ортосундагы атаандаштык саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстандын Дене тарбия жана спорт министрлигинин ортосунда меморандум;
  • Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин, Өзбекстандын Суу чарба министрлигинин жана Энергетика министрлигинин электр энергиясын бири-бирине берүү боюнча протокол;
  • Эки өлкөнүн Коргоо министрликтеринин ортосундагы аскер жана аскердик-техника жаатында кызматташууну өнүктүрүү ниети жөнүндө протокол;
  • Эки өлкөнүн Коргоо министрликтеринин 2021-жылга карата кызматташуу планы;
  • Кыргыз-Өзбек өкмөттөрүнүн ортосундагы өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну аткаруу алкагында ыйгарым укуктуу органдардын өз ара аракеттенүүсү боюнча биргелешкен иш-чаралар планы;
  • Эки республиканын ортосундагы өнөр жай кооперациясы жаатындагы кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча практикалык чаралар планы ("Жол картасы");
  • Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Өзбекстандын Маданият иштери боюнча министрлигинин ортосундагы маданият жана искусство жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча 2021-2023-жылдарга карата иш-чаралар планы;
  • Эки республиканын ортосундагы айыл чарба жана азык-түлүк менен камсыздоо жаатында кызматташуу боюнча практикалык иш-чаралар планы ("Жол картасы");
  • 2017-жылдын 13-декабрында Ташкент шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана Өзбекстан Республикасынын Жаштар союзунун Борбордук кеңешинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандумунун" алкагында эки тараптуу кызматташууну ишке ашыруу боюнча 2021-2022-жылдарга карата иш-чараларды өткөрүү календары;
  • Кыргызстандын Нарын облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун ортосундагы кызматташууну андан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча жол картасы;
  • Кыргызстандын Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын Наманган облусунун ортосундагы кызматташууну андан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча жол картасы;
  • Кыргызстандын Ош облусу менен Өзбекстандын Андижан облусунун ортосундагы кызматташууну андан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча жол картасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0