Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев биргелешкен билдирүү жасашты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров менен Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев
Президент Садыр Жапаров менен Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Жазылуу
Мамлекет башчылары бир катар маселелер боюнча бир пикирге келишти. Анын катарында чек араларды аныктоо маселесин тездетүү жана инвестициялык фонд түзүү бар.
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашты. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Билдирүү 27 пунктудан турат. Президенттер төмөнкүдөй келишимдерге жетишкен:
  • Бийик жана жогорку деңгээлдерде үзгүлтүксүз байланышты жүргүзүү;
  • Бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн Борбор Азияга буруу жана башка эл аралык платформаларда кызыкчылыктарды биргелешип илгерилетүү максатында БУУда бири-бирин колдоо;
  • Өкмөттүк делегацияларга кыргыз-өзбек чек ара тилкелерин делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү;
  • Эки мамлекеттин базарларында суроо-талапка ээ болгон жогорку кошумча наркы бар товарларды кошуу менен түрлөрүн кеңейтүү боюнча чараларды көрүү;
  • Эки өлкөнүн өкмөттөрүнө 200 миллион доллар капиталы бар кыргыз-өзбек инвестициялык фонд түзүүнү тездетүү;
  • Аймакта жүк ташуунун көлөмүн активдештирүү үчүн Ташкент — Андижан — Ош — Эркечтам — Кашкар маршрутунун потенциалын пайдаланууну күчөтүү.
Биргелешкен билдирүүнүн толук тексти президенттин расмий сайтына жарыяланды.
Мындан сырткары, кол коюлган документтердин тизмеси да жарыяланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0