Айыл өкмөтүнө талапкерди акимдер гана сунуштайт... Жаңы мыйзам долбоору

© Фото / Пресс-служба президента Украины / Медиабанкка өтүүУкраинско-литовский экономический форум в Киеве
Украинско-литовский экономический форум в Киеве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2021
Жазылуу
ЖК депутаты айыл өкмөттөрүнүн жетекчисин шайлоодо райондук администрациялардын жетекчилеринин ролун күчөтүү максатында мыйзам долбоор сунуштаган.
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Жергиликтүү (айылдык) кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн жетекчилигине талапкерлерди сунуштоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырашы мүмкүн.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду. Аны "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Замирбек Эсенаманов алып чыккан.
Нарын шаарынын администрациясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Нарында жетекчилик кызматтагы бир нече адам аттестациядан өтпөй калды
Долбоорго ылайык, бул ыйгарым укуктарды толугу менен райондук администрация жетекчилерине — акимдерге берүү каралган. Документте бул мыйзам алардын ролун күчөтүү максатында иштелип чыкты деген пикир айтылган.
Учурда айыл өкмөтүнүн жетекчилигине талапкерлерди көрсөтүү укугу акимдер менен жергиликтүү кеңештин депутаттарына берилген. Айыл өкмөттүн башчысын жергиликтүү депутаттар шайлашат.
Айыл өкмөтүнүн төрагасы иши боюнча жергиликтүү кеңештерге отчёт бериши керек, бирок кээ бир ыйгарым укуктарды бергенде мамлекеттик органдарга да баш ийип калышы мүмкүн.
Демилгечи белгиленген мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт жана мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат талап кылынбастыгын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0