Премьер-министр Араван районунун акимине сөгүш жарыялады

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевРабочая поездка премьер-министра Улукбека Марипова в Ошскую область
Рабочая поездка премьер-министра Улукбека Марипова в Ошскую область - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2021
Жазылуу
Өкмөт башчы иш сапары менен Ош облусуна барып, Араван районунун жашоочуларынын көйгөйлөрү менен дагы таанышкан.
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов Араван районунун акимине сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, өкмөт башчы иш сапары менен Ош облусуна барып, Араван районунун жашоочуларынын көйгөйлөрү менен дагы таанышкан.
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Улукбек Марипов Араван районунун акимине сөгүш жарыялады.
Премьер-министр Улукбек Марипов Араван районунун акимине сөгүш жарыялады. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Премьер-министр Улукбек Марипов Араван районунун акимине сөгүш жарыялады.
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨкмөт башчы иш сапары менен Ош облусуна барып, Араван районунун жашоочуларынын көйгөйлөрү менен дагы таанышкан.
Өкмөт башчы иш сапары менен Ош облусуна барып, Араван районунун жашоочуларынын көйгөйлөрү менен дагы таанышкан. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Өкмөт башчы иш сапары менен Ош облусуна барып, Араван районунун жашоочуларынын көйгөйлөрү менен дагы таанышкан.
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевАнда жергиликтүү тургундардын бири турак үйлөрдүн айланасы таштандыга толуп калганын айтып, жергиликтүү бийлик органдары алардын арызын карабай жатканын кошумчалаган.
Анда жергиликтүү тургундардын бири турак үйлөрдүн айланасы таштандыга толуп калганын айтып, жергиликтүү бийлик органдары алардын арызын карабай жатканын кошумчалаган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Анда жергиликтүү тургундардын бири турак үйлөрдүн айланасы таштандыга толуп калганын айтып, жергиликтүү бийлик органдары алардын арызын карабай жатканын кошумчалаган.
1/3
Премьер-министр Улукбек Марипов Араван районунун акимине сөгүш жарыялады.
2/3
Өкмөт башчы иш сапары менен Ош облусуна барып, Араван районунун жашоочуларынын көйгөйлөрү менен дагы таанышкан.
3/3
Анда жергиликтүү тургундардын бири турак үйлөрдүн айланасы таштандыга толуп калганын айтып, жергиликтүү бийлик органдары алардын арызын карабай жатканын кошумчалаган.
Анда жергиликтүү тургундардын бири турак үйлөрдүн айланасы таштандыга толуп калганын айтып, жергиликтүү бийлик органдары алардын арызын карабай жатканын кошумчалаган.
Марипов көйгөйдүн бар экенине көзү жеткенден кийин Араван райондук акимине сөгүш жарыялаган.
"Эл жашаган аймакта, көчөдө таштандынын толуп калышына кантип жол бердиңер? Бул жакта эл жашап, балдар ойнойт. Алар таштандыдан чыккан жагымсыз жыт менен дем алышат. Аким жана башка жетекчилер кыймылдаш үчүн ушул үйлөрдө жашап көрүшү шарт. Таштандыны тазалап кетүү бир күндүк жумуш. Эмнеге ал маселе чечилбей жатат?" — деген өкмөт башчы.
Ал бир күндүн ичинде аймакты таштандыдан арылтуу тапшырмасын берген.
Өсүмдүк майлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Марипов: мамлекет акча бөлдү, жакында кант менен май арзандашы керек
Улукбек Марипов азык-түлүктүн баасы менен таанышуу үчүн күтүүсүздөн борбордук базардын жанына токтоп, эл менен сүйлөшкөн.
"Азык-түлүк, мунай бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө да кымбаттап жатат. Зарыл болгон тамак-ашты өзүбүз өндүрүп чыгарышыбыз зарыл. Импорттон көз каранды болбош үчүн өсүмдүк майын, кумшекерди өзүбүз чыгарганыбыз жакшы. Азыр биздин негизги максатыбыз — фермерлерди колдоо. Алар продукциялары менен ата мекендик рынокту толтурушу шарт. Күйүүчү май маселеси чечилди. Фермерлерге аны жетиштүү көлөмдө беребиз. Мындан сырткары, карбамидди өндүргөн завод куралы деген планыбыз бар", — деди Марипов.
Буга чейин премьер-министр аймактарга айттырбай бара турганын жар салган.
Жаңылыктар түрмөгү
0