"Мекеним Кыргызстан" партиясын негиздеген Айбек Осмонов ЖК депутаты болду

© Фото / пресс-служба ЦИК КРАйбек Осмонов "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алды
Айбек Осмонов Бир Бол партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
Жазылуу
Осмонов "Мекеним Кыргызстандын" негиздөөчүсү жана "Ыйман Нурунун" саясий кеңешинин төрагасы болгон.
БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Айбек Осмонов "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн чечим кабыл алганы белгилүү болду.
Ал 28-февралда көз жумган депутат Алмазбек Акматовдун ордуна келип жатат.
Депутаттын креслосу жана портфели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.03.2021
ЖКга эки жаңы депутат келди. Алардын бири спортчу, ЕРЕМ клубунун жетекчиси
Айбек Осмонов 37 жашта, ишкер жана "Мекеним Кыргызстан" партиясынын негиздөөчүсү экени маалым. Бирок ал өткөн жылкы парламенттик шайлоонун алдындагы ички пикир келишпестиктен улам аталган партиянын катарынан чыгып кеткен. Андан соң "Ыйман Нуру" партиясына өтүп саясий кеңешинин төрагасы болгон. Көп өтпөй ал партиянын курамынан дагы чыккан.
Бир туугандары Жанар Алымов Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, ал эми Нурбек Осмонов ишкерлик менен алектенет.
Жаңылыктар түрмөгү
0