Портфель менен кишилер. Архив

"Патриот" партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкерлер

(жаңыланган 18:42 16.03.2021)
"Патриот" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесине 77 адам кирген. Алардын аты-жөнү, туулган жылы жана учурда иштеп жаткан кызматы тууралуу маалыматтарды сунуштайбыз.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешке аттанып жаткан саясий партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялады.

"Патриот" саясий партиясынан 77 талапкер тизмеге кирген. Алардын аты-жөнү, туулган жылы жана учурда иштеп жаткан кызматы тууралуу маалыматтарды сунуштайбыз.

Талапкерлердин кызмат орундары БШКда көрсөтүлгөндөй жазылды:

  1. Бобушев Улан Рысбекович, 1976, "КыргызАВТОВАЗ-Трейд" ЖЧКсынын директору;
  2. Дунларов Салим Анварович, 1993, "Первый Автоцентр" ЖЧКсынын башкы директорунун өндүрүш боюнча орун басары;
  3. Агафонова Галина Сергеевна, 1983, Айтматов атындагы Орус улуттук мамлекеттик драма театрында жогорку категориядагы артист;
  4. Кадыров Сабиржан Бахтиярович, 1987, Бишкек шаардык кеңештин депутаты;
  5. Докенов Эрнис Шарапидинович, 1961, "Кыргыз темир жолунун" жумушчулар профсоюзу уюмунун төрагасы;
  6. Быковская Евгения Владимировна, 1974, "Бишкек шаардык көркөм гимнастика федерациясы" коомдук фондунун президенти;
  7. Кузнецов Евгений Юрьевич, 1976, Айтматов атындагы Орус улуттук мамлекеттик драма театрынын директору;
  8. Казанов Дмитрий Валерьевич, 1983, Бишкек шаардык каратэ-до федерациясынын президенти;
  9. Жоомартова Наргиза Акимжановна, 1997, Өзбек улуттук маданий борборунда президиумдун жаштар канатынын мүчөсү;
  10. Жаров Хусанжан Иминжанович, 1976, Баскетбол федерациясынын калыстар кеңешинин төрагасы;
  11. Завазиев Даниэль Робертович, 1985, Баскетбол федерациясынын менеджери;
  12. Мамедова Людмила Романовна 1997, Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын студенти
  13. Соболев Сергей Владимирович, 1981, "Парагон Кей Джи" ЖЧКсынын башкы директору
  14. Чесноков Владимир Юрьевич, 1976, Майыптыгы бар адамдар арасындагы сууда сүзүү федерациясынын президенти;
  15. Рыспекова Күлжан Кадыркуловна, 1959, "Сафия" ЖЧКсынын башкы директору;
  16. Пехов Евгений Анатольевич, 1992, Баскетбол федерациясынын башкы секретары;
  17. Мелис уулу Эрнис, 1986, "Первый Автоцентр" ЖЧКсынын башкы бухгалтери;
  18. Аширова Алтынай Майрамбековна, 1990, №29 мектеп-гимназиясынын мугалими;
  19. Разаматов Садыкжан Курбанович, 1969, жумушсуз;
  20. Кадыралиев Эрнис Аманбекович, 1982, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жүргүнчүлөрдү тейлөө филиалында коштоп жүрүүчү;
  21. Асангожоева Айнура Кушбековна, 1970, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жүргүнчүлөрдү тейлөө филиалында коштоп жүрүүчү;
  22. Абилдаев Бактияр Асеналханович, 1964, "Бишкек Динамо" коомдук фондунда директордун кеңешчиси;
  23. Адылбек уулу Нурсултан, 1993, жумушсуз;
  24. Узекеева Индира Шералиевна, 1975, жумушсуз;
  25. Абдыкерим Аман, 1994, жумушсуз;
  26. Китаев Данияр Насирович, 1995, жумушсуз;
  27. Абилдаева Джамиля Бактияровна, 1999, жумушсуз;
  28. Юсупов Тологон Бактыбекович, 1990, "Фабэр Сервис" ЖЧКсынын кызматкери;
  29. Завазиев Артур Робертович, 1989, жеке ишкер;
  30. Кудакеева Аида Советбековна, 1971, жумушсуз;
  31. Ханшанло Зариф Закирович, 1998, жумушсуз;
  32. Абасов Гянжали Гади-Оглы, 1994, "Фрунзесталь" ЖЧКсынын аткаруучу директору;
  33. Тимурова Лира Тимуровна, 1985, жумушсуз;
  34. Сватковский Евгений Иванович, 1974, Каттоо кызматынын алдындагы архив агенттигинде адис;
  35. Халмурзина Малика Даврановна, 1984, Баскетбол федерациясында секретарь;
  36. Шадыканов Адилет Усонович, 1995, "Дордой" базарында сатуучу;
  37. Завазиева Наталья Геннадьевна, 1979, үй кожойкеси;
  38. Дунларов Саид Рашидович, 1991, жумушсуз;
  39. Бакиева Наргиза Алишеровна, 1981, жумушсуз;
  40. Жуков Сергей Вадимович, 1991, жумушсуз;
  41. Мусакеева Чолпон Мансуровна, 1975, жумушсуз;
  42. Карпушевич Олег Геннадьевич, 1970, жумушсуз;
  43. Тамаза Татьяна Николаевна, 1956, пенсионер;
  44. Келиотис Владислав Сергеевич, 1998, пенсионер;
  45. Шайманбетова Назгуль Сонколбековна, 1989, убактылуу жумушсуз;
  46. Джаров Ихтияржан Бахтиярович, 1988, "Керемет Банкта" курер;
  47. Демидова Елена Алекссевна, 1992, убактылуу жумушсуз;
  48. Михайлов Александр Васильевич, 1960, пенсинер;
  49. Оскоева Роза Бейматовна, 1950, пенсинер;
  50. Жаров Бахтияр Иминжанович, 1965, убактылуу жумушсуз;
  51. Булатова Элмира Гулмиевна, 1962, пенсинер;
  52. Тян Сергей Александрович, 1986, убактылуу жумушсуз;
  53. Касымалиева Нурзада Мелсбековна, 1991, убактылуу жумушсуз;
  54. Мамедов Асан Рошоевич, 1959, убактылуу жумушсуз;
  55. Абдуллаева Санталатхан Артыкмырзаевна, 1962, убактылуу жумушсуз;
  56. Кочкаров Дилшод Хамидович, 1964, Өзбек улуттук маданий борборунда айдоочу;
  57. Китаева Жыпаргуль Насировна, 1952, пенсинер;
  58. Потехин Олег Евгеньевич, 1958, убактылуу жумушсуз;
  59. Карибова Соня Давришевна, 1962, убактылуу жумушсуз;
  60. Куранбаев Шакиржан Адилжанович, 1984, Баскетбол фдерациясында машыктыруучу;
  61. Кемилбаева Нази Романовна, 1992, "Лавли мама" ЖЧКсында фитнес-тренер;
  62. Захарин Геннадий Ильич, 1955, пенсинер;
  63. Олейник Татьяна Сергеевна, 1987, убактылуу жумушсуз;
  64. Мальцев Григорий Вадимович, 1992, "Парус" бассейнинде машыктыруучу;
  65. Жоомартова Гульзада Акимжановна, 1989, убактылуу жумушсуз;
  66. Абдышев Гапарбек Турдукулович, 1966, убактылуу жумушсуз;
  67. Марченко Ирина Владимировна, 1969, убактылуу жумушсуз;
  68. Есенжолов Ержан Бауыржан улы, 1994, убактылуу жумушсуз;
  69. Бекболотова Мира Эдиловна, 1961, пенсионер;
  70. Даньшин Дмитрий Александрович, 1994, убактылуу жумушсуз;
  71. Викулова Светлана Львовна, 1962, пенсионер;
  72. Савенков Алексей Вячеславович, 1972, убактылуу жумушсуз;
  73. Сариева Динара Бекболотовна, 1974, Өзбек улуттук маданий борборунда катчы;
  74. Халмурзин Алишер Артыкжанович, 1981, убактылуу жумушсуз;
  75. Аненкова Людмила Ивановна, 1954, пенсионер;
  76. Турдыев Исламжан Пархатович, 1993, "Ынтымак" өспүрүмдөрдүн адистештирилген олимпиадалык резерв мектебинде тренер;
  77. Турсунакунова Нурайым Жолдошбековна, 1993, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде жетектөөчү адис.
Белгилер:
"Патриот" саясий партиясы, шаардык кеңеш, тизме, шайлоо
Тема боюнча
Бишкек шаардык кеңешине шайлоо: партиялардын бюллетендеги номери аныкталды
Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалган Алмазбек Акматов. Архив

Алмазбек Акматов өлкөнүн Эсептөө палатасына төрага болду

(жаңыланган 18:36 16.04.2021)
Акматов февраль айында эле аудитор болуп шайланган болчу. Ал Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактык бөлүмдөрүн жетектеген.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Акматов февраль айында эле аудитор болуп шайланган болчу. Ал Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактык бөлүмдөрүн жетектегени маалым.

Буга чейинки жетекчи Улукбек Марипов февраль айында премьер-министр кызматына дайындалган. Жаңы башчы дайындалганга чейин бул милдетти аудитор Айжан Садыркулова аткарып келди.

Алмазбек Акматов бул кызмат орунга Конституциянын 64-беренесинин 5-бөлүгүнүн 4-пунктунун жана "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" мыйзамынын 16-беренесинин негизинде дайындалды.

Белгилер:
Алмазбек Акматов, дайындоо, жетекчи
Тема боюнча
Салык кызматына жаңы жетекчи дайындалды
Кыргызстандын АКШдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган Бактыбек Аманбаев. Архив

Бактыбек Аманбаев АКШга элчи болуп дайындалды

(жаңыланган 17:57 16.04.2021)
Аманбаев 2013-2015-жылдары Кыргызстандын омбудсмени болгон. Былтыркы октябрь окуяларынан кийин өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп дайындалып, ушул жылдын февраль айына чейин иштеген.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын АКШдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул кызматты 2019-жылдан бери Болот Отунбаев аркалап келген. Аны менен катар Отунбаев Кыргызстандын Канададагы элчиси болуп эмгектенген.

Аманбаев 2013-2015-жылдары Кыргызстандын омбудсмени болгон. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясынын тизмесинде катышкан. Октябрь окуяларынан кийин өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп дайындалып, ушул жылдын февраль айына чейин иштеген.

Белгилер:
жарлык, элчи, Бактыбек Аманбаев, АКШ, Кыргызстан
Тема боюнча
Салык кызматына жаңы жетекчи дайындалды
Кыз Ысык-Көл тамырын бөтөлкөсүн сүрөткө тартып жатат

Акониттин кайнатмасы мамлекеттик резиденцияда жасалат. Видео

(жаңыланган 23:42 16.04.2021)
Президенттик аппараттан аконит кайнатмасын даярдоочу имарат толук тазаланганын жана тийиштүү деңгээлде жабдылганын билдиришти.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Коронавируска кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн жасалуучу "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жасалат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Мамлекеттик резиденцияда атайын имарат бөлүнүп берилди, ал толук тазаланган жана талаптагыдай жабдылган. Кайнатма чөп ошол жерден жасалат, атайын жабдуу бар. Ал жерде медицина кызматкерлери бар, министр өзү да катышууда. Медиктер 300дөй ыктыярчыны дарылап сакайтты. Саламаттык сактоо министри өзү бул аракетти колдоп, акырындык менен пайдаланылып жатат", — дешти президенттик аппараттан.

Алар кайнатма чөп кустардык ыкма менен куюлбай турганын белгилешти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Садыр Жапаров (@sadyr_japarov)

Буга чейин Садыр Жапаровдун Instagram баракчасында дарыгерлер коронавирустун башталгыч стадиясындагы бейтаптарды айыктыруунун ыкмасын тапканы боюнча билдирүү таратылган. Бүгүн саламаттык сактоо министри суюктук жөнүндө айтып, аны түз эфирден ичти.

"Ысык-Көл тамыры" уусу күчтүү чөптөрдүн катарына кирет. Тажрыйбалуу медиктер коронавирустан мурда бекитилген протоколдун негизинде дарыланууну сунушташууда.

Белгилер:
Ысык-Көл тамыры, уу коргошун, дары, коронавирус, чөп
Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун коронавирусту сакайта алабы. Россиялык адистин пикири
Бишкекте киши уу коргошунга ууландыбы? Дарыгерлердин жообу
Барыктабасова: "Ысык-Көл тамыры" элдин саламаттыгын коркунучка кептейт