Жыйындын катышуучулары. Архив

"Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкерлер

(жаңыланган 18:50 16.03.2021)
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешине аттанып жаткан талапкерлердин тизмесин жарыялады.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан тизмеге 98 талапкер кирген. Алардын аты-жөнү, туулган жылы жана учурда иштеп жаткан кызматы тууралуу маалыматты сунуштайбыз.

Талапкерлердин кызмат орундары БШКда көрсөтүлгөндөй жазылды.

  1. Төлбаев Бабыржан Латиханович, 1976, ACDI-VOCA, "Өнүгүү үчүн азык-түлүк" программасынын ассистенти;
  2. Жамгырчиев Талантбек Анарбекович, 1982, Бишкек шаардык кеңешинде депутат;
  3. Лисниченко Валентина Михайловна, 1955, Бишкек шаардык кеңешинде депутат;
  4. Аматов Рысбай Аматович, 1975, Бишкек шаардык кеңешинде депутат;
  5. Шейшеев Нурлан Бузурманкулович, 1977, "Нуримарат" курулуш компаниясында директордун орун басары;
  6. Рымбекова Элнура Раимбековна, 1982, "ЛЖС лифт КЖ" ЖЧКсы, башкы директор;
  7. Бейшенбаев Эдиль Нурбекович, 1987, Ленин району боюнча салык кызматынын өкүлү;
  8. Бактыбеков Алымбек Бактыбекович, 1991, "Группа Компаний АККА"ЖАКсы, башкаруу төрагасы;
  9. Пак Елена Владимировна, 1989, "ПРП Констракшн" ЖЧКсы, аткаруучу директор;
  10. Сурапбаев Таалайбек Каримжанович, 1988, Бишкек шаардык кеңешинде депутат;
  11. Баев Талантбек Даданович, 1978, Жалал-Абад шаардык кеңешинде депутат;
  12. Мансуркулова Зияда Кадырбековна, 1978, "Суу-Башат" ЖЧКсы, директордун орун басары;
  13. Акылбеков Асылбек Акылбекович, 1981, Бишкек шаардык кеңешинде депутат;
  14. Султанов Низамиддин Рустамович, 1982, "Султан Групп" ЖЧКсы, башкы директор;
  15. Акматова Жаннат Абдрахмановна, 1967, "Кайрат Юг" банкы, башкы кассир;
  16. Абдыкадыров Улан Эмильбекович, 1982, "ИлТег строй компани" ЖЧКсы, башкы директор;
  17. Махмудов Махаммад Абдуллаевич, 1986, "Памир Строй" курулуш компаниясы, башкы директор;
  18. Исмангазиева Адиса Асановна, 1961, Бишкек шаардык кеңешинде депутат;
  19. Шайлиев Чынгыз Сатыбалдиевич, 1990, "Кант" ЖЧКсы, директор;
  20. Калпаев Алмазбек Алиевич, 1987, Каржы министрлигинин алдындагы бюджеттик насыяны башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги, чарба бөлүмүнүн башчысы;
  21. Алымкулова Паризат Жамалдиновна, 1976, жумушсуз;
  22. Парманов Эсенали Алламович, 1981, жеке ишкер;
  23. Маматов Руслан Нурдинович, 1977, жумушсуз;
  24. Дунларова Жамиля Калнуровна, 1982, жумушсуз;
  25. Акматов Марлисбек Жумабекович, 1968, "Мини пансионат" ЖЧКсы, аткаруучу директор;
  26. Энназаров Санжарбек Арзыкулович, 1975, "Дари Строй" ЖЧКсы, директор;
  27. Онурова Динара Раимбердиевна, 1983, "Мега Кум" ЖЧКсы, башкы бухгалтер;
  28. Нургазы Талантбек улуу, 1989, жумушсуз;
  29. Назырбеков Салимбек Мамытович, 1984, жумушсуз;
  30. Мамытбекова Элмира Жээнбековна, 1978, жумушсуз;
  31. Алиев Аскербек Тукешович, 1953, "Бишкекнаабайкана" муниципалдык ишканасынын жетекчиси;
  32. Султанова Кызайым Ажыматовна, 1970, жумушсуз;
  33. Мадумарова Аида Канатбековна, 1996, мамлекеттик спорт агенттигинде адис;
  34. Абдыкадыров Бекназар Сапарбекович, 1997, жумушсуз;
  35. Акылбек Айдарбек уулу, 1990, "Бишкек Бетон Заводу" ЖЧКсы, директор;
  36. Тойчуева Асель Женишбековна, 1993, жумушсуз;
  37. Талантбек Мамасали уулу, 1976, жумушсуз;
  38. Боколеева Чынара Болотбековна, 1982, Кыргыз-Россия Славян университетинде доцент;
  39. Арстанбекова Айчүрөк Урустамбекова, 1992, Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы электрондук саламаттык сактоо борборунун катчысы;
  40. Бексултан Молдобек уулу, 1997, "Маркет Секьюрити" күзөт агенттиги" ЖЧКсы, күзөт жетекчиси;
  41. Асаналиев Айбек Базаркулович, 1978, жумушсуз;
  42. Малдыбаева Салиман Жанузаковна, 1963, "Мукар жана профи" жактоочулар коллегиясы, башкы бухгалтер;
  43. Сатимкулов Нургазы Кудайбердиевич, 1987, "КТ Мобайл" коммерциялык директор;
  44. Касымкулов Санжар Нурбекович, 1992, "Эдвайзер Компани" ЖЧКсы, директордун орун басары;
  45. Темирбек кызы Бахиана, 1991, жумушсуз;
  46. Пазылов Абдимитал Икрамович,1983, "Ноокат уюму" коомдук фондунун президенти;
  47. Акылбеков Надырбек Муратович, 1975, жумушсуз;
  48. Керимкулова Чынара Шамшиевна, 1977, жумушсуз;
  49. Осмоналиев Тимур Каныбекович, 1993, DIGITAL долбоорун ишке ашыруу бөлүмүндө котормочу;
  50. Алмазбекова Сурия Хамидовна, 1998, "Тред Эдвайзер" ЖЧКсы, сатып алуу боюнча адис;
  51. Токтосунова Нуриякан Таалайбековна, 1993, жумушсуз;
  52. Шайлобек Тегин Адилет, 1991, BIO Medical System мекемеси, эл аралык мамилелер боюнча адис;
  53. Нурбек уулу Алишер, 1996, жумушсуз;
  54. Акматбева Анара Алмазбековна, 1986, "Бишкек Петролеум" улук оператор;
  55. Жумабаев Жыргалбек Жылкычыевич, 1994, убактылуу жумушсуз;
  56. Амангелдиев Жайнак Бакытович, 1992, жумушсуз;
  57. Асылова Кундуз Калыгуловна, 1987, Дивизион ЖЧКсы, бухгалтер;
  58. Сагынбаев Самат Султанбекович, 1991, жумушсуз;
  59. Жуматаев Кубатбек Токоевич, 1980, жумушсуз;
  60. Зулпукарова Бегимай Муктарбековна, "НИМСА" мекемеси, маалымат технологиясы боюнча окутуучу;
  61. Салимжанов Бообек Эркинбекович, 1985, жумушсуз;
  62. Кубатов Канат Бекмырзаевич, 1986, "Манифешн" ЖЧКсы, өнүктүрүү боюнча консультант;
  63. Жапарова Канышай Сатаровна, 1970, жумушсуз;
  64. Чаначев Улан Белекович, 1986, жумушсуз;
  65. Жапаров Санжарбек Дастанович, 1973, жумушсуз;
  66. Шамшиева Жанат Асанбековна, 1985, жумушсуз;
  67. Барсуков Артур Аркадьевич, 1988, убактылуу жумушсуз;
  68. Хасанова Диляра Бектуровна, 1987, "Энерджи Кей Джи" ЖЧКсы, бухгалтер;
  69. Сартбаев Жанат Жаныбекович, 1995, жумушсуз;
  70. Таалайбеков Алтынбек, 1990, "Архистрой" ЖЧКсынын башка директору;
  71. Ажыбекова Жанара Көкүлбековна, 1980, жумушсуз;
  72. Молдогазиева Назира Насировна, 1977, жеке менчик ишкер;
  73. Бердикожоев Жаныбек Эгембердиевич, жумушсуз;
  74. Кудайбергенов Азиз Даниярович, 1986, "Sarly" ЖЧКсынын башкы директору;
  75. Абдылдаева Молмолкан Акимбаевна, 1975, "Кыргыз Темир Жолу" мамлекеттик ишканасында коштоп жүрүүчү;
  76. Базавлюк Павел Владимирович, 1990, маалымат жок;
  77. Тостокова Кенжебүбү Абдыраимовна, 1971, Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинде окутуучу;
  78. Сарыбаев Маданбек Мырзабекович, 1956, жумушсуз;
  79. Султанбекова Жылдызкан Укушовна, 1971, "Электроизолятор" ЖЧКсы, жетекчинин орун басары;
  80. Рахманбердиев Нурдин Музирапович, 1981, жеке ишкер;
  81. Ибраева Гүлзат Майрамбековна, 1977, жумушсуз;
  82. Эмилисов Бектур Таалайбекович, 1994, ТЭЦ "Электр станциялары" ишканасындагы филиал, электромонтер;
  83. Абдулбакиев Абдурахимжан Шайхизунунович, 1976, жумушсуз;
  84. Табалдиева Айжан Шариповна, 1984, жумушсуз;
  85. Ыбышалиев Кубаныч Советбекович, 1989, "Аманман" ААК, бөлүм башчынын орун басары;
  86. Мажитов Жеңишбек Абдималикович, 1979, жумушсуз;
  87. Жапарова Бегайым Жаныбековна, 1977, "Мега-Кум" ЖЧКсында кассир;
  88. Сүйүнов Уланбек Майрамбекович, 1994, убактылуу иштебейт;
  89. Ашубаева Асель Асаналиевна, 1982, "Иджу Трейд" ЖЧКсы, менеджер;
  90. Акматалиева Наргиза Эсенгуловна, 1986, Турак-жай ээлерин караган уюмдун төрагасы;
  91. Грицак Дмитрий Борисович, 1984, убактылуу жумушсуз;
  92. Жантаева Айнура Узубековна, 1980, жумушсуз;
  93. Сыранов Данияр Акматалиевич, 1975, жумушсуз;
  94. Суркеев Мурзабек Таштемирович, 1970, жеке ишкер;
  95. Жумаева Чынара Мусаевна, 1976, 7-каналдын Бишкек шаарындагы координатору;
  96. Терзыул Елена Анатольевна, 1985, жумушсуз;
  97. Календеров Алмазбек Календерович, 1966, "Абу компания" ЖЧКсынын директору;
  98. Бектеналиев Султан Буланбекович, 1995, "San Rise" IT компаниясынын программисти.
Белгилер:
"Ата-Журт Кыргызстан" партиясы, талапкер, депутаттар, Бишкек шаардык кеңеши
Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалган Алмазбек Акматов. Архив

Алмазбек Акматов өлкөнүн Эсептөө палатасына төрага болду

(жаңыланган 18:36 16.04.2021)
Акматов февраль айында эле аудитор болуп шайланган болчу. Ал Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактык бөлүмдөрүн жетектеген.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Акматов февраль айында эле аудитор болуп шайланган болчу. Ал Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактык бөлүмдөрүн жетектегени маалым.

Буга чейинки жетекчи Улукбек Марипов февраль айында премьер-министр кызматына дайындалган. Жаңы башчы дайындалганга чейин бул милдетти аудитор Айжан Садыркулова аткарып келди.

Алмазбек Акматов бул кызмат орунга Конституциянын 64-беренесинин 5-бөлүгүнүн 4-пунктунун жана "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" мыйзамынын 16-беренесинин негизинде дайындалды.

Белгилер:
Алмазбек Акматов, дайындоо, жетекчи
Тема боюнча
Салык кызматына жаңы жетекчи дайындалды
Кыргызстандын АКШдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган Бактыбек Аманбаев. Архив

Бактыбек Аманбаев АКШга элчи болуп дайындалды

(жаңыланган 17:57 16.04.2021)
Аманбаев 2013-2015-жылдары Кыргызстандын омбудсмени болгон. Былтыркы октябрь окуяларынан кийин өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп дайындалып, ушул жылдын февраль айына чейин иштеген.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын АКШдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул кызматты 2019-жылдан бери Болот Отунбаев аркалап келген. Аны менен катар Отунбаев Кыргызстандын Канададагы элчиси болуп эмгектенген.

Аманбаев 2013-2015-жылдары Кыргызстандын омбудсмени болгон. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясынын тизмесинде катышкан. Октябрь окуяларынан кийин өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп дайындалып, ушул жылдын февраль айына чейин иштеген.

Белгилер:
жарлык, элчи, Бактыбек Аманбаев, АКШ, Кыргызстан
Тема боюнча
Салык кызматына жаңы жетекчи дайындалды
Бишкек шаарынын дрондон көрүнүшү. Архив

Бишкектин жаңы башкы планы тез арада иштелип чыкмай болду

(жаңыланган 22:03 16.04.2021)
"Бишкек башкы архитектура" ишканасында өткөн жыйында шаар куруу боюнча документациялык көйгөйлөрдү тезинен чечүү зарылдыгы айтылды.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы менен Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине борбор калаанын жаңы башкы планын иштеп чыгуу өтүнүчүн камтыган кат жиберилет. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" мекемесинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда иштеп жаткан генералдык пландын мөөнөтү бүтө элек болсо да аракеттер көрүлөт.

Бүгүн аталган мекемеде шаар куруудагы документацияны иштеп чыгуу жана бекитүү маселесине арналган отурум болду. Ага профилдик министрликтин өкүлдөрү, "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын башчысы Марат Жороев, Кыргызстандын архитекторлор союзунун жетекчилери жана мүчөлөрү, прокуратура жана курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Талкуудан соң Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине айрым процедураларды жөнөкөйлөштүрүү максатында тийиштүү ченемдик-техникалык документацияларды тез арада өркүндөтүү зарылдыгы боюнча кайрылуу чечими кабыл алынды.

"Бишкек мэриясына, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине Бишкектин учурдагы башкы планынын мөөнөтү бүткөнгө чейин эле жаңысын иштеп чыгуу өтүнүчү менен кат жиберилет", — деп айтылат маалыматта.

Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов буга чейин Бишкек шаарынын башкы планынын ачыктыгын камсыздоо негизги милдеттеринин бири экенин билдирген.

Учурда ордо калаада 2025-жылга чейинки генералдык план иштеп жатат. Ал 2006-жылы кабыл алынып, бекитилген.

Белгилер:
Бишкекбашкыархитектура, башкы план, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте түркүн түстүү жоогазындар гүл ачты. Ажайып сүрөттөр
Бишкекте дагы эки көчөнүн кесилишинде оңдоо иштери жүрүп, жолдор жабылат
Бишкекте эмен бактарын курттан коргоо үчүн ийне сайылып баштады. Сүрөт