Муфтий болууга 8 киши камынып жатат. Тизме

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүМуфтий. Архив
Муфтий. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.03.2021
Жазылуу
Кечээ уюмдагы Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы талапкерлердин документтерин каттоону жыйынтыктады.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтий кызматына сегиз талапкер ат салышат. Мындай маалыматты Аалымдар кеңеши өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.
Кечээ уюмдагы Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы талапкерлердин документтерин каттоону жыйынтыктады.
"Натыйжада Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырды. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызмат ордуна сегиз талапкер ат салышуу ниетин билдирген. Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 эсепчи катталды", — деп айтылат маалыматта.
Документтер иликтөөдөн өткөндөн кийин 29, 30, 31-март жана 1-апрель күндөрү Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы талапкерлердин билим деңгээлин, кесипкөйлүгүн текшерүү максатында сынак өткөрмөкчү.
© Фото / пресс-служба совета улемов КыргызстанаНурбек Токтогулов
Нурбек Токтогулов - Sputnik Кыргызстан
1/8
Нурбек Токтогулов
© Фото / пресс-служба совета улемов КыргызстанаСайдамир Джейналиев
Сайдамир Джейналиев - Sputnik Кыргызстан
2/8
Сайдамир Джейналиев
© Фото / пресс-служба совета улемов КыргызстанаСултанали Гапуров
Султанали Гапуров - Sputnik Кыргызстан
3/8
Султанали Гапуров
© Фото / пресс-служба совета улемов КыргызстанаУбайдулла Сарыбаев
Убайдулла Сарыбаев - Sputnik Кыргызстан
4/8
Убайдулла Сарыбаев
© Фото / пресс-служба совета улемов КыргызстанаШүкүр Исмаилов
Шүкүр Исмаилов - Sputnik Кыргызстан
5/8
Шүкүр Исмаилов
© Фото / пресс-служба совета улемов КыргызстанаШакир Маматов
Шакир Маматов - Sputnik Кыргызстан
6/8
Шакир Маматов
© Фото / пресс-служба совета улемов КыргызстанаНематилла Жээнбеков
Нематилла Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
7/8
Нематилла Жээнбеков
© Фото / пресс-служба совета улемов КыргызстанаНиязали Арипов
Ниязали Арипов - Sputnik Кыргызстан
8/8
Ниязали Арипов
1/8
Нурбек Токтогулов
2/8
Сайдамир Джейналиев
3/8
Султанали Гапуров
4/8
Убайдулла Сарыбаев
5/8
Шүкүр Исмаилов
6/8
Шакир Маматов
7/8
Нематилла Жээнбеков
8/8
Ниязали Арипов
Кыргызстандын муфтийи болууга документ тапшырган талапкерлердин тизмеси:
  1. Нурбек Токтогулов
  2. Сайдамир Джейналиев
  3. Султанали Гапуров
  4. Убайдулла Сарыбаев
  5. Шүкүр Исмаилов
  6. Шакир Маматов
  7. Нематилла Жээнбеков
  8. Ниязали Арипов
17-февраль күнү Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызмат ордуна жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы кызмат ордуна конкурс жарыяланган болчу.
Муфтий кызматын буга чейин Максатбек Ажы Токтомушев жетектеп келген. Февраль айында УКМК КМДБдин кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланган деп мекеменин эсепчисин кармаган. Андан кийин Токтомушев кызматтан кетүү боюнча арыз берген.
Атайын кызмат тараткан билдирүүдө, муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы да айтылган. Ушул эле күнү Максатбек Токтомушев дагы кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, тил кат менен бошоткон.
Жаңылыктар түрмөгү
0