Аткаминердин портфели. Архив

"Кыргызстан демократиялык кыймылы" партиясынан шаардык кеңешке бараткандар

71
(жаңыланган 16:15 18.03.2021)
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешине аттанып жаткан саясий партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялады.

"Кыргызстан демократиялык кыймылы" саясий партиясынан 71 талапкер тизмеге кирген. Алардын аты-жөнү, туулган жылы жана учурда иштеп жаткан кызматы тууралуу маалыматтарды сунуштайбыз.

Талапкерлердин кызмат орундары БШКда көрсөтүлгөндөй жазылды:

  1. Жаныбаев Урмат Тимурович, 1984, жеке ишкер;
  2. Воинов Тимур Александрович, 1985, жумушсуз;
  3. Шекекова Назгүл Аскербековна, 1977, Stratton Business Consult ЖЧКсы, директор;
  4. Асымбеков Асан Шамильбекович, 1987, жумушсуз;
  5. Сагындык Абадбек уулу, 1992, маалымат жок;
  6. Зуева Лора Георгиевна, 1991, жеке ишкер;
  7. Жекшеев Азият Жыпарович, 1987, жумушсуз;
  8. Абылкасымов Адилет Кубатбекович, 1989, жумушсуз;
  9. Мырсалиева Айжана Мырсалиевна, 1984, жумушсуз;
  10. Өмүрзаков Данияр Таласбекович, 1986, жумушсуз;
  11. Ибраев Кубанычбек Жыпарбекович, 1981, жумушсуз;
  12. Садыкова Дария Эмилевна, 1995, жумушсуз;
  13. Курманкожоев Султанбек Садырович, 1978, жумушсуз;
  14. Акматов Сапарбек Маматович, 1986, жумушсуз;
  15. Ибраева Мээрим Кенешбековна, 1987, AIM Partners Law Firm, башкаруучу өнөктөш;
  16. Иргисцев Кирилл Алексеевич, 1987, "Ак-Таш" тоо лыжа базасынын башкаруучу;
  17. Сапаев Эдик Рахимжанович, 1985, жумушсуз;
  18. Эшманбетова Каныкей Султанбековна, 1996, жумушсуз;
  19. Казакбаев Урматбек Абдыбекович, 1986, "Гражданский Союз" коомдук бирикмесинин теңтөрагасы;
  20. Федосеев Алексей Дмитриевич, 1986, жумушсуз;
  21. Шекекова Жылдыз Аскербековна, 1974, "Тотал" ЖЧКсынын директору;
  22. Бегалиев Максат Мурзабекович, 1982, "Бейкут" ЖЧКсынын директору;
  23. Базакечов Есенбек Молдобаевич, 1966, "Билимкана" мектебинде мугалим;
  24. Жеенчороева Айпери Талантбековна, 1993, жумушсуз;
  25. Сыдыков Бакыт Сыдыкович, 1987, AirFresh ЖЧКсынын башкы директору;
  26. Филатов Иван Анатольевич, 1988, "Здоровое будущее" ЖЧКсынын башкы директору;
  27. Арыстанбекова Зинагүл Арыстанбековна, 1973, Асфарма Медикал Дентал, менеджер;
  28. Кожобаев Майрамбек Беренович, 1984, жумушсуз;
  29. Абдылдаев Талантбек Мукашович, 1973, жумушсуз;
  30. Кайназарова Жылдыз Кайназаровна, 1984, "Кыргыз геология-экономикалык изилдөө экспедициясы" мамлекеттик ишканасында долбоордун координатору;
  31. Жээнтаев Эрнис Аскарович, "Леди.KG" гезитинин дизайнери;
  32. Исаев Саматбек Саминович, 1987, "Мой дом" ЖЧКсында менеджер;
  33. Бекназарова Наргиза Бакытбековна, 1987, "Креатив Таалим" мектебинде менеджер;
  34. Токтобеков Азамат Сапарович, 1980, жумушсуз;
  35. Бурабаев Болот Давлетбекович, 1991, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окутуучу;
  36. Илипаева Алиман Бактыбековна, 1989, жумушсуз;
  37. Атабеков Асылбек Абдилазимович, 1991, "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасында инженер;
  38. Токтобеков Усен Мураталиевич, 1986, жумушсуз;
  39. Корчубекова Мунира Жаманкуловна, 1991, жумушсуз;
  40. Абидос Алишер Алижанович, 1988, жумушсуз;
  41. Мукамбетов Таалайбек Байышбекович, 1974, жумушсуз;
  42. Сабырова Нуржана Нурумбековна, 1999, жумушсуз;
  43. Сыдыгалиева Айсана Жаныбековна, 1990, жумушсуз;
  44. Батыркулов Данияр Тагайбекович, 1986, жеке ишкер;
  45. Алмаматова Алтынай Кулназаровна, 1973, Strong медициналык борборунда дарыгер;
  46. Азыков Тимур Токтогулович, 1980, жумушсуз;
  47. Муратова Мээрим Муратовна, 1985, "Аманфарм" ЖЧКсында менеджер;
  48. Текебаев Азиз Айдарович, 1993, жумушсуз;
  49. Сулайманова Чынар Бейшентаевна, 1966, жумушсуз;
  50. Сагынова Мээрим Казибековна, 1986, жумушсуз;
  51. Ибраев Бекназар Жыпарбекович, 1977, фотограф;
  52. Чолпонкулова Назгүл Сүйүнбековна, 1986, жеке ишкер;
  53. Абадбекова Айжамал Абадбековна, 1993, жумушсуз;
  54. Мусулманкулов Данияр Жумадылович, 1986, жумушсуз;
  55. Андакулова Светлана Сольпиевна, 1964, №7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда дарыгер-педиатр;
  56. Алыкожоев Азамат Эркинбекович, 1985, жумушсуз;
  57. Шабиева Элнура Эмилбековна, 1987, "Аман Роуд" ЖЧКсында тендер боюнча адис;
  58. Анарбекова Кундуз Анарбековна, 1993, жумушсуз;
  59. Пак Андрей Леонидович, 1983, жумушсуз;
  60. Нусупова Асель Эркиновна, 1973, жумушсуз;
  61. Керимкулов Нурсултан Керимкулович, 1991, жумушсуз;
  62. Таушев Руслан Равильевич, 1983, №13 үйдүн комитет башчысы;
  63. Жолдошова Нуркан Мавланбековна, 1999, жумушсуз;
  64. Турмалиева Аида Алымбековна, 1987, жумушсуз;
  65. Акылбеков Нурлан Жоробекович, 1985, жумушсуз;
  66. Гулиев Замин Сураджевич, 1985, "Кью Спорт" ЖЧКсынын аткаруучу директору;
  67. Сатыбалдиева Мээрим Орозбековна, 1988, жумушсуз;
  68. Батырбеков Искендер Мыктыбекович, 1985, жумушсуз;
  69. Бейшеев Марсель Кыштообекович, 1989, жумушсуз;
  70. Акматова Айжан Акимовна, 1982, жумушсуз;
  71. Анарбекова Алтынай Анарбековна, 1992, жумушсуз.
71
Белгилер:
"Кыргызстан демократиялык кыймылы" партиясы, Бишкек шаардык кеңеши, тизме, шайлоо, Бишкек
Тема боюнча
"Кыргызстан" партиясынан Бишкек шаардык кеңешине кимдер аттанды? Тизме
"Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкерлер
Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү Кайрат Осмоналиев. Архив

БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев Азербайжанга элчи болуп бекиди

15
(жаңыланган 17:46 24.06.2021)
Буга чейин ЖК комитети Осмоналиевдин талапкерлигин жактырган болчу. Президент аны дипломатиялык кызматка өз жарлыгы менен бекитти.

ИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Осмоналиевди кызматка дайындоону жактырган.

Осмоналиев 2016-жылдан бери БШКнын мүчөсү болуп келген. Ал Кыргыз улуттук университетинин ардактуу илимий доктору, профессор, дасыккан юрист.

15
Белгилер:
юрист, элчи, Кайрат Осмоналиев, БШК, Азербайжан, Кыргызстан
Тема боюнча
Садык Шер-Нияз Францияга элчи болуп дайындалды
Председатель Кабинета Министров Кыргызстана Улукбек Марипов. 24 июня 2021 года

Актанбагылачы! Марипов айыл чарба министри менен орун басарларын зекиди

54
(жаңыланган 17:35 24.06.2021)
Марипов эгерде министрлик өз учурунда көңүл буруп иштегенде суунун тартыштыгы, азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелер чыкмак эместигин айтты.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери өлкөнү азык-түлүк менен камсыздоо ишин жетиштүү аткарбаганы үчүн сөгүш жана эскертүү алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековго эскертүү, ал эми анын орун басары Нурлан Шериповго сөгүш жарыяланган.

Министр сельского, водного хозяйства и развития регионов Аскарбек Джаныбеков. 24 июня 2021 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков

Мындан сырткары, дагы бир орун басар Азамат Мукашевдин бул кызматка ылайык келер-келбеси боюнча маселе каралмакчы.

"Эгерде силер өз учурунда көңүл буруп иштегенде суунун тартыштыгы, азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелер чыкмак эмес. Актанбай эле койгулачы! Тармактык министрлик коюлган милдеттерди аткарып, маселени чечүүнү башынан ойлонушу керек эле. Акыркы беш айдагы иштин планын алалычы. Суу колдонуучулар ассоциациясынын ишине анализ жасоого тапшырма берилген. Бүгүн бир да сунуш түшкөн жок. Аймактардагы кластердик механизмди тереңдетүү боюнча маалыматтар жокко эсе. Жалпысынан алганда, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин иши жетишсиз жасалган", — деген Марипов.

Эске салсак, Марипов 11-июнда Чүй облусун кыдырып жүрүп "эртеңден тарта (12-июнь – ред.) сугат суу фермерлерге жетпей турган болсо, облус, район жетекчилигине карата катуу чара көрүлөт" деген эле.

Быйыл дыйкандар менен фермерлер сугат суунун тартыштыгы боюнча олуттуу маселе жаралып жаткандыгын, аны чечүү боюнча ыкчам чаралар керектигин айтып, коңгуроо кагып жатышат. Эгерде бул маселе чечилбесе көйгөйлөр жараларын, кымбатчылык мындан да тереңдерин айтышууда.

54
Белгилер:
суу тартыштыгы, кургакчылык, түшүм, суу, Чүй облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда тышка мал сатууга коюлган чектөө алынды
Суу жок. Чөптүн жана дан өсүмдүктөрүнүн баасы азыркыдан да көтөрүлүшү мүмкүн
Сборка автобусов и электробусов в Камском автомобильном заводе (КамАЗ)

Министрлик: КамАЗ Кыргызстанда автобус чогултуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат

0
(жаңыланган 18:36 24.06.2021)
Үч тараптуу келишимге россиялык ишкананын жетекчиси, кыргызстандык компания, энергетика жана өнөр жай министри кол койду.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Камский автомобиль заводу (КамАЗ) газ менен жүргөн автобус жана электробустарды Кыргызстанда чогултуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп көрөт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Министр Доскул Бекмурзаев башында турган делегация россиялык компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышкан. Мындай мүмкүнчүлүктү карап көрүү боюнча келишимге министр Бекмурзаев, "Шыдыр Жол Кей Джи" ЖЧКнын башкы директору Токтобүбү Оргалчы жана КамАЗдын башкы директору Сергей Когогин кол койгон.

  • Сборка автобусов и электробусов в Камском автомобильном заводе (КамАЗ)
    Камский автомобиль заводу (КамАЗ) газ менен жүргөн автобус жана электробустарды Кыргызстанда чогултуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп көрөт.
    © Фото / пресс-служба Минэнергопром
  • Делегация во главе с министром энергетики и промышленности Кыргызской Республики Доскулом Бекмурзаевым ознакомилась с деятельностью российской компании «КамАЗ»
    Министр Доскул Бекмурзаев башында турган делегация россиялык компаниянын ишмердүүлүгү менен таанышкан.
    © Фото / пресс-служба Минэнергопром
  • Сборка автобусов и электробусов в Камском автомобильном заводе (КамАЗ)
    Мындай мүмкүнчүлүктү карап көрүү боюнча келишимге министр Бекмурзаев, "Шыдыр Жол Кей Джи" ЖЧКнын башкы директору Токтобүбү Оргалчы жана КамАЗдын башкы директору Сергей Когогин кол койгон.
    © Фото / пресс-служба Минэнергопром
  • Автобусы и электробусы в Камском автомобильном заводе (КамАЗ)
    Кийин тараптар келишип калса автобустарды чогултуу боюнча келишимге кол коюлат.
    © Фото / пресс-служба Минэнергопром
1 / 4
© Фото / пресс-служба Минэнергопром
Камский автомобиль заводу (КамАЗ) газ менен жүргөн автобус жана электробустарды Кыргызстанда чогултуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп көрөт.
"Келишимге ылайык тараптар Кыргызстандын аймагында эл ташый турган газ менен жүргөн автобус жана электробустарды чыгаруу боюнча изилдөөлөрдү биргеликте жүргүзүшөт", — дешти министрликтен.

Кийин тараптар келишип калса автобустарды чогултуу боюнча келишимге кол коюлат.

0
Белгилер:
келишим, Кыргызстан, автобус, "КамАЗ"
Тема боюнча
Бишкекке жаңы алып келинген автобустар кайсы жактарга каттайт? Маршрут