Аткаминер портфель менен. Архив

"Ак Бата" партиясынан Бишкек шаардык кеңешине кимдер баратат? Тизме

250
(жаңыланган 17:01 18.03.2021)
Партияны Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев баштап барууда. Жалпы талапкерлердин саны — 77.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешке аттанып жаткан саясий партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялады.

"Ак Бата" партиясынын тизмесине 77 талапкер кирген. Алардын аты-жөнү, туулган жылы жана учурда иштеп жаткан кызматы тууралуу маалымат сунуштайбыз.

Талапкерлердин кызмат орундары БШКда көрсөтүлгөндөй жазылды:

  1. Түлеев Нариман Ташболотович, 1963, "Дос-Кредобанк" ААК, директорлор кеңешинин төрагасынын кеңешчиси;
  2. Ситников Максим Валерьевич, 1979, жумушсуз;
  3. Кадыралиева Ыргал Кармышаковна, 1981, жумушсуз;
  4. Махмудов Улан Алымжанович,1983, жумушсуз;
  5. Жолдошов Улан Болотович, 1981, "Нур Корпорэйшн" ЖЧКсынын башкы директору;
  6. Шульц Светлана Викторовна, 1964, жумушсуз;
  7. Гайыпов Бектур Абдипаттович, 1981, жумушсуз;
  8. Жапаров Эрнест Самирович, 1962, Brave ЖЧКсында бизнести өнүктүрүү боюнча менеджер;
  9. Аллафердова Ирина Анатольевна, 1981, жеке ишкер;
  10. Шарыпов Бакыт Сатыбалдыевич, 1966, жеке ишкер;
  11. Лемеров Ахмед Санхурович, 1969, "ФТФ Групп" ЖЧКсынын директору;
  12. Беккоенова Айжан Мелисбековна, 1988, "Эгемен" ЖЧКсынын аткаруучу директору;
  13. Ахмеджанов Анвар Ильхамжанович, 1990 "Атом Групп" ЖЧКсынын директору;
  14. Калиев Акылбек Кубанычбекович, 1984, жумушсуз;
  15. Сарногоева Нуркыз Тыныбековна, 1995, "Бишкек жылуулук тармагы" ААКда текшерүүчү;
  16. Курманбеков Нурбек Курманбеков, 1983, Мүлк фондунун алдындагы Объектилерди башкаруу дирекциясынын "Бостери" филиалынын башчысы;
  17. Эсенаманов Мурат Кубанович, 1976, Бишкек мэриясынын №12 муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы;
  18. Исакова Таттыгүл Койчубековна, 1978, "Кыргыз темир жолу" ишканасында маалым кат берүү боюнча нөөмөтчү;
  19. Алимбеков Хасанбек Исраилович, 1968, жумушсуз;
  20. Аламанов Бекчоро Тынаевич, 1973, ужмушсуз;
  21. Рахманбердиева Замира Шүкүридиновна, 1985, жумушсуз;
  22. Асанбаев Замирбек Намазбекович, 1963, жеке ишкер;
  23. Молдоташов Амантур Алибекович, 1963, Салык кызматынын инспектору;
  24. Белекбаева Чынарахан Келдибековна, 1970, жеке ишкер;
  25. Мааданов Бакыт Жетигенович, 1965, "Росс-прокат КейДжи" ЖЧКсында адис;
  26. Жакыпов Азамат Курманбекович, 1990, "Интеллектуалдык коопсуздук тутумдары" ЖЧКсынын башкы директору;
  27. Куралбекова Айдай Куралбековна, 1991, жумушсуз;
  28. Жигитеков Айбек Садырбекович,1986, "Олимп Финанс" ЖЧКсынын директору;
  29. Кулуев Канат Каттоевич, 1968, "Бишкек башкы архитектура" ишканасында жетектөөчү адис;
  30. Саламатова Бегайым Каныбековна, 1989, Arico Bishkek ЖЧКсында дизайнер;
  31. Замирбеков Нурдин Замирбекович, 1992, "Ташболот Холдинг" ЖЧКсында администратор;
  32. Каныбеков Максат Каныбекович, 1984, жумушсуз;
  33. Жапарова Мунара Асанбековна, 1991, жумушсуз;
  34. Бегалиев Азат Жеңишбекович, 1992, "Интеллектуалдык коопсуздук тутумдары" ЖЧКсынын аткаруучу директору;
  35. Эгембердиев Данияр Максатович, "Проект-Инвест" ЖЧКсында сатуу боюнча менеджер;
  36. Исманова Людмила Владимировна, 1977, "Дос-Кредобанк" ААКда улук адис;
  37. Сарбашев Керимбек Батыралиевич, 1963, жумушсуз;
  38. Сулайманов Сейтек Каныбекович, 1986, өкмөттүн аппаратында эксперт;
  39. Керимбаева Наргиза Абжалбековна, 1983, "Экспострой курулуш компаниясы" ЖЧКсында менеджер;
  40. Миргазиев Дильшат Абдывалиевич, 1988, жумушсуз;
  41. Сүйөров Нуртай Саматбекович, 1982, жумушсуз;
  42. Абдыкалыева Жылдыз Абдыкалыевна, "Кыргыз Симтрэвел" ЖЧКсынын директору;
  43. Турсункулов Кутман Нурланович, 1991, Жогорку Кеңеште консультант;
  44. Касымов Темир Исабекович, 1983, №3 муниципалдык өз алдынча башкаруу органынын башчысы;
  45. Искендирова Сания Равильевна, 1988, "Рахат Пэлэс" ЖЧКсынын аткаруучу директору;
  46. Мамакеев Кубанычбек Кубатбекович, 1981, ARS company ЖЧКсынын директору;
  47. Мурзаев Эрмамат Сайталиевич, 1976, "ОДА Братство" ЖЧКсынын башкы директору;
  48. Муратбек кызы Жүрсүн, 1984, "Джи-Нэт" ЖЧКсында башкы бухгалтер;
  49. Чокморов Азамат Суйменкулович, 1980, жумушсуз;
  50. Токтогазиев Саламат Жумабекович, 1987, АОЗТ "Алёша", аткаруучу директор;
  51. Асанова Гульсана Кадырбековна, 1985, жумушсуз;
  52. Исаков Руслан Исмайилович, 1981, жумушсуз;
  53. Кожобеков Канатбек Салморбекович, 1973, "Азаттык" ЖАКда карьера менеджери;
  54. Шаршенова Жээнгул Жоодатбековна, 1990, жумушсуз;
  55. Эсенгулов Улан Маликович, 1980, "Темир-Лек" ЖЧКсында менеджер;
  56. Кубанычбеков Усен Кубанычбекович, 1993, жумушсуз;
  57. Мусакожоева Нургиза Алмазбековна, 1989, жумушсуз;
  58. Токтогул уулу Азат, 1983, жумушсуз;
  59. Кубанычбеков Абдысамат Кубанычбекович, 1989, "Айдан Фарма" ЖАКда коммерциялык маселелер боюнча төраганын орун басары;
  60. Бозгунбаева Седеп Сагыновна, 1984, "Райл Транс" ЖЧКсында юрист;
  61. Ганижанов Алишер Абдихалилович, 1988, "Авиакомпания "Эйр Манас" ЖЧКсында учкуч;
  62. Мамытова Айнура Турдубековна, 1970, "Дос-Кредобанк" ААКда архивариус;
  63. Сычев Игорь Эдуардович, 1968, "Ист-секьюрити" ЖЧКсында адис;
  64. Байсымакова Асел Түлкүбековна, 1977, "Рахат Пэлэс" ЖЧКсында башкы бухгалтер;
  65. Сейтказиев Нурлан Жаныбекович, 1987, жумушсуз;
  66. Мажитова Чолпон Болотбековна, 1964, "Дос-Кредобанк" ААКда башкы адис;
  67. Сагынбек уулу Эркинбек, 1992, "Бишкекасфальт-сервис" ишканасында жетектөөчү адис;
  68. Абылова Айгерим Мухтарбековна,1991, "Боорсок Инвест" ЖЧКсында бухгалтер;
  69. Сатыбалдиев Айбек Асылбекович, 1988, жумушсуз;
  70. Исабекова Жылдыз Букаровна, 1982, жеке ишкер;
  71. Сагынбек уулу Кубан, 1984, "Джи Нэт" ТМ "Boost" ЖЧКсынын директору;
  72. Мансурова Алина Кубанычбековна, 1993, жумушсуз;
  73. Жумабаев Адилет Майрамбекович, 1981, жумушсуз;
  74. Адамалиева Анаркул Калкамановна, 1964, жумушсуз;
  75. Ли Сергей Владимирович, 1984, жеке ишкер;
  76. Оразбекова Мира Кубанычбековна, 1966, Бишкек мамлекеттик университетинде улук окутуучу;
  77. Бердикеев Улан Кайназарович, 1981, жеке ишкер.
250
Белгилер:
"Ак Бата" партиясы, Бишкек шаардык кеңеши, депутат, тизме
Тема боюнча
"Реформа" партиясынан Бишкек шаардык кеңешке аттангандар. Тизме
АКШ президенти Жо Байден

Кыйынды кыртышы сүйбөгөн саясат

94
Мындай нерселерге мамлекет согуш алдында барат", – деп үстүртөн белгилей кетти РФ Тышкы чалгындоо кызматынын полковниги, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун профессору Андрей Безруков теледеги талкуулардын биринде.

Кеп америкалык администрациянын чындап эле орчундуу акциясы жөнүндө. Быйыл февраль айында Кошмо Штаттардын жаңы администрациясы өтө маанилүү товарлар менен жабдуу чынжырчасынан өлкөлөрдүн көз карандылыгын иликтөөнү буюрган. Ушул изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу Дмитрий Косыревдун макаласы РИА Новости сайтында жарык көргөн.

Иликтөө Жо Байдендин Европага болгон сапарынын алдында аяктап туру. Иш сапардын алкагында ал РФ президенти Владимир Путин менен да кезигет. Женевада өтө турган бул жолугушуу АКШ багытынын дүйнөлүк аренада эбак бышып жетилген жана абдан олуттуу бурулушунун бир бөлүгү гана болмокчу. Бул тууралуу кеп алдыда болсун.

Ал эми бул изилдөөлөрдүн натыйжасында Американын өзүнүн кеминде эле үч тармакта көз карандылыгы аныкталды. Атап айтсак, дары-дармек, жарым өткөргүчтөр жана сейрек кездешүүчү металлдар (элементтер) менен жабдуу АКШнын талуу маселелеринен. Ар биринде Кытай, башкача айтканда, Кошмо Штаттардын дүйнөлүк аренада тең салмакташ бул державадан кооптуу көз карандылыгы жөнүндө сөз жүрөт.

Ал эми жакында экинчи акция старт алды. Инновациялар жана атаандаштык тууралуу мыйзам иштелип чыгып, АКШ сенатында каралды. Жакын арада күчүнө кирет. Мында баарынан оболу кеп ошол эле держава менен атаандаштык туурасында. Аталган мыйзам боюнча Американын экономикасынын Кытайдын алдында атаандаштык жөндөмүн арттырууга 250 миллиард доллар, тагыраагы, инновациялык иштелмелерди жана америкалык алдыңкы тармактарды колдоону тездетүүгө субсидия бөлүнүүдө. Анткен менен АКШ узак жылдар бою алдыңкы жана башка көптөгөн багыттарга кытайлык мамлекеттик колдоо көрсөтүлүшүнө жол берилбестигин түшүндүрүп келишкен. Алар Пекиндин "Кытайда жасалган – 2025" программасын натуура атаандаштыктын үлгүсү жана кастыктын дал өзү катары жарыялашкан. Кезегинде Пекин эрежелерден четтеп, оюнду чынчылдык менен жүргүзгөн жок деп айыпташкан эле. Эми болсо Кытайдын оюнунан майнап чыгып, глобалдык масштабда утушка ээ болуп турганда АКШ кылы кыйшайбастан аны туураганга белсенди.

Эксперттер демократтар администрациясы реиндустриализация демилгесин республикачылардан мураска алганын, мында кеп ондогон жылдарга эсептелген программалар жөнүндө экенин белгилешет. Лондондогу The Guardian басылмасынын баяндамачысы бул он жылдыктын аягында Кытай экономиканын көлөмү боюнча АКШны кууп жетерин жоромолдойт. Бул менен дүйнөлүк технологиялык лидерликке ээ болот (дал ушул нерсе Пентагондун түн уйкусун бузууда – ред.). АКШ үчүн лидерликти башкага алдыруу абдан кооптуу. Бири-бирине тыгыз байланышкан бул көрүнүштөрдөгү негизги түшүнүк — "технологиялар". Жылына өндүрүлгөн өндүрүмдөрдүн жалпы көлөмү, албетте, маанилүү, бирок пропагандалык планда гана... Ал эми технологиялык артыкчылык жаатында бул эки ири державанын бирдей макамы бирин азапка салат, ал эми Кытайдын дүйнөлүк технологиялык лидерликке көтөрүлүшү экинчиси үчүн азаптын азабы эмеспи. Жо Байдендин Европага сапары дал ушундай маанайда даярдалган. Жогоруда аталган лондондук гезиттеги макала да ушул дипломатиялык каршы чыгуунун бүт концепциясын так сүрөттөгөн. Байден Батыш лидерлери менен Улуу Британиядагы Корнуоллдо G7 саммитинин алкагында кезикти. Андан соң НАТО жана европалык түзүмдөр менен сүйлөшөт. Эң оболу дээрлик Кытай тууралуу гана кеп козголору болжонгон. Шектене караган европалыктарды Байден бул ирет экинчи кансыз согушка чакырууга ниеткер. Бул ирет Кытай менен... Союздаштары толук түрдө Кошмо Штаттар келтирген жүйөлөргө ынанабы? Татаал собол. Эгер кайра The Guardian басылмасына таянсак, анда атын атабаган дипломат "европалыктарга Кытайдын (тигил же бул кырдаалда) кадамдары жакпашы ыктымал, бирок америкалыктар дүйнөдө күч жагынан тең келген Кытайдын өзү, анын ар кай багыттагы кадамдарынын эч бирин кыртышы сүйбөстүгүн" айтып берген.

Женевадагы саммит бул жагынан алып караганда Байдендин Европага болгон сапарынан тыш. Москва менен эки тараптуу алакалар ал үчүн экинчи планда. Болду-болбоду америкалык президент алдыдагы он жылдыкта АКШ менен Кытайдын кансыз согушу боюнча Россиянын көз карашын билип, тамырын тартып көрөт. Албетте, Москванын Пекин менен тирешке макул болорун эч ким күтпөйт. Анткен менен Россия андай болжолдуу жагдайларда өзүн кандай алып жүрөрүн билип алуу Америкага пайдалуу.

Болбосо бири жеңилип, бири озуп бараткан эки күчтүү держава, бири экинчисине туруштук берүү далалатында. Экөө тең — экономикалык гиганттар жана технологиялык лидерлер, ошондуктан потенциалдуу пайдалуу өнөктөштөр. Бири Россияга эмнелерди гана жасабады, экинчиси андай жамандыктарга барган жок, ыңгайы келген жерден кызматташууну өрчүтүп келет. Мындайда Москванын кандай позициясын элестетүүгө болот?

94
Белгилер:
чалгындоо, Москва, Россия
Тема боюнча
Байден "Путиндин курьерине" айланып бара жатат. Кырдаалга сереп
Өз үйлөрүндөгүдөй. Түркиянын “жумшак күч” саясаты

Көргөндүн көзүн кубантып. Канайым Айгүл Жапарованын сапардагы сүрөттөрү

1388
(жаңыланган 16:57 12.06.2021)
  • Жетелешкен жубайлар. Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен канайым Айгүл Жапарованын Түркияга барган алгачкы күнү
  • Делегациянын көркүн ачкан канайым
  • Түркия Садыр Жапаров жубайын ээрчитип барган алгачкы мамлекет болду
  • Жанаша баскан канайымдар. Жапарова кыргыздын салтын, кол өнөрчүлүгүн Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын жубайына көрсөтүп, тааныштырып жатат
  • Эки мамлекеттин башчылары менен өкүлдөрү Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземинде
  • Айгүл Жапарованын салттуу кийимине соцтармак колдонуучулары суктанып бүтө элек
  • Сайма түшүрүлгөн туш кийизге суктана караган Айгүл Жапарова менен Эмине Эрдоган
  • Жылмайган, кучакташкан канайымдар
  • Түркия президентинин Анкарадагы сарайы. Эрдоган Жапаровго жана канайымдарга панорамадан Түркиянын жаратылышын көрсөтүүдө
  • Айгүл Жапарова сапарга кыргыздын салттуу кийими болгон белдемчинин башкача түрүн кийип барган
  • Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын акыркы күнү
  • Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктаганы менен, соцтармакта жубайы менен бирге түшкөн сүрөттөрү талкууланып бүтө элек
Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова биринчи ирет жолдошун чет мамлекетке, тагыраагы, Түркияга болгон расмий иш сапарына коштоп барды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги канайымдын сапардагы эл суктанган сүрөттөрүн тартуулайт.

Мамлекет башчы расмий иш сапары менен Түркиянын борбору Анкара шаарына 9-июнда барды. Өлкө башчыны Түркияга бир катар министрлер жана жубайы Айгүл Жапарова коштоп барган. Иш сапардын алкагында президент Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мекендештер менен жолукту.

1388
  • Жетелешкен жубайлар. Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен канайым Айгүл Жапарованын Түркияга барган алгачкы күнү
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Жетелешкен жубайлар. Мамлекет башчы Садыр Жапаров менен канайым Айгүл Жапарованын Түркияга барган алгачкы күнү

  • Делегациянын көркүн ачкан канайым
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Делегациянын көркүн ачкан канайым

  • Түркия Садыр Жапаров жубайын ээрчитип барган алгачкы мамлекет болду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Түркия Садыр Жапаров жубайын ээрчитип барган алгачкы мамлекет болду

  • Жанаша баскан канайымдар. Жапарова кыргыздын салтын, кол өнөрчүлүгүн Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын жубайына көрсөтүп, тааныштырып жатат
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Жанаша баскан канайымдар. Жапарова кыргыздын салтын, кол өнөрчүлүгүн Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын жубайына көрсөтүп, тааныштырып жатат

  • Эки мамлекеттин башчылары менен өкүлдөрү Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземинде
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Эки мамлекеттин башчылары менен өкүлдөрү Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземинде

  • Айгүл Жапарованын салттуу кийимине соцтармак колдонуучулары суктанып бүтө элек
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Айгүл Жапарованын салттуу кийимине соцтармак колдонуучулары суктанып бүтө элек

  • Сайма түшүрүлгөн туш кийизге суктана караган Айгүл Жапарова менен Эмине Эрдоган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Сайма түшүрүлгөн туш кийизге суктана караган Айгүл Жапарова менен Эмине Эрдоган

  • Жылмайган, кучакташкан канайымдар
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Жылмайган, кучакташкан канайымдар

  • Түркия президентинин Анкарадагы сарайы. Эрдоган Жапаровго жана канайымдарга панорамадан Түркиянын жаратылышын көрсөтүүдө
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Түркия президентинин Анкарадагы сарайы. Эрдоган Жапаровго жана канайымдарга панорамадан Түркиянын жаратылышын көрсөтүүдө

  • Айгүл Жапарова сапарга кыргыздын салттуу кийими болгон белдемчинин башкача түрүн кийип барган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Айгүл Жапарова сапарга кыргыздын салттуу кийими болгон белдемчинин башкача түрүн кийип барган

  • Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын акыркы күнү
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын акыркы күнү

  • Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктаганы менен, соцтармакта жубайы менен бирге түшкөн сүрөттөрү талкууланып бүтө элек
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктаганы менен, соцтармакта жубайы менен бирге түшкөн сүрөттөрү талкууланып бүтө элек

Белгилер:
кийим, сүрөт, Түркия, Кыргызстан, Айгүл Жапарова, Садыр Жапаров
Тема:
Садыр Жапаровдун Түркияга расмий сапары
Тема боюнча
Панорамадан табиятка суктанып... Эрдогандын Жапаровду узаткан видеосу
Кучак толо гүл алган Айгүл Жапарова. Президенттин Анкарага барган видеосу
Аялдар кол чатырлар менен жаан учурунда. Архив

Жамгыр жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

7
(жаңыланган 10:27 13.06.2021)
Синоптиктер апта ичинде кээ бир аймактарда гана өткүн өтүп, калган учурда күн ачык болорун божомолдоп жатат.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, борбор калаада дүйшөмбүдөн жекшембиге чейин күн чайыттай ачык болуп турат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

14-18-июнь күндөрү тоолуу райондордо өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. Ал эми 19-июнда күн ачык болот.

Талас облусу

14-15-июнь күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтөт, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 16-17-июнда күн чайыттай ачылат. Ал эми 18-июнда асманды ала булут каптап, өткүн өтөт. 19-июнда кайра эле ачык болот.

Ош, Жалал-Абад облустары

14-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, бийик тоолорго кар түшөт. Кээ бир райондордо жамгыр катуу жаашы күтүлөт.

15-16-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, өрөөндөрдө жамгыр жаабайт.

17-18-июнда тоолуу жерлерде өткүн өтүп, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 19-июнда күн толугу менен ачылат.

Баткен облусу

14-15-16-июнда кээ бир райондордо өткүн өтөт. 17-19-июнь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт.

Ысык-Көл облусу

Дүйшөмбүдөн жумага чейин кээ бир райондордо өткүн өтүп, ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Апта аягында күндүн көзү бузулбайт.

Нарын облусу

14-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, кээ бир райондордо жаан-чачын жаайт. 15-17-июнда күн ачык болот, кээ бир райондордо гана өткүн өтөт.

18-июнда тоолуу райондордо өткүн өтөт, бирок дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 19-июнда күн ачык болот.

7
Белгилер:
күн, жамгыр, аймак, апта, Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Катуу шамал үч адамды жабыркатып, Чүйдөгү мектептин чатырын учуруп кетти. Видео
Күн 37 градуска чейин ысыйт. Июнга карата аба ырайы