Жыйындагы кызматкер. Архив

"Улутман республикалык партиясынан" шаардык кеңешке аттанган талапкерлер

44
(жаңыланган 18:27 18.03.2021)
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешине аттанып жаткан саясий партиялардагы талапкерлердин тизмесин жарыялады.

"Улутман республикалык партиясынан" 69 талапкер тизмеге кирген. Алардын аты-жөнү, туулган жылы жана учурда иштеп жаткан кызматы тууралуу маалыматтарды сунуштайбыз.

Талапкерлердин кызмат орундары БШКда көрсөтүлгөндөй жазылды:

  1. Турдумалиев Кайрат Сазыкбаевич, 1979, "Зеленый континент" ЖЧКсынын башкы директору;
  2. Турсунов Фазильжон Рузибоевич, 1985, "Боорукер колдор" фондунун администратору;
  3. Майлыкова Гульмира Сагынбековна, 1973, жеке ишкананын директору;
  4. Орозобеков Бакытбек Чынарбекович, 1977, жумушсуз;
  5. Токбаев Кенжебек Сакыйевич, 1974, "Форестер" ЖЧКсында соода агенти;
  6. Шаршенова Айнура Сагынбековна, жумушсуз;
  7. Сүйөркулов Нурис Жумабекович, 1984, жумушсуз;
  8. Калекеев Нурбек Каныбекович, 1977, жумушсуз;
  9. Нурланбек кызы Динара, 1994, жумушсуз;
  10. Кыдыров Сыймык Тилекбаевич, 1987, жумушсуз;
  11. Чолпонбай уулу Азамат, 1982, ИИМдин пенсионери;
  12. Майлыкова Айсулуу Алтынбековна, 1992, жумушсуз;
  13. Татарбек уулу Кубатбек, 1987, жумушсуз;
  14. Иманбаев Алтынбек Эмилевич, 1973, пенсионер;
  15. Ибраимова Назгул Исаевна, 1975, жумушсуз;
  16. Сейдахматов Талантбек кайриллаевич, 1976, жумушсуз;
  17. Абдыжапарова Рахат Тынчылыковна, 1975, жумушсуз;
  18. Кадыркулова Назира Кыдырмышевна, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академияда эмгектенет;
  19. Рыспеков Арсен Арзыевич, 1976, "Мурас" ЖЧК;
  20. Бейшеналиева Гулназ Жанышбековна, 1976, жумушсуз;
  21. Тилеков Амир Тилекович, 1979, жумушсуз;
  22. Давузова Айсулуу Сагынбековна, 1981, жумушсуз;
  23. Даниярова Фарида Эмилбековна, 1986, жумушсуз;
  24. Өмүркулов Тендикбек Карыпжумаевич, 1974, жумушсуз;
  25. Тулкуева Назгул Куттубековна, 1980, жумушсуз;
  26. Жумалиева Айзада Медеровна, 1972, жумушсуз;
  27. Табалдиев Максат Исакулович, 1982, жумушсуз;
  28. Чыныбаева Аида Жакыпбековна, 1982, Бишкек шаардык № 3 стоматологиялык клиникасында эмгектенет;
  29. Орозбеков Адилет Орозбекович, 1997, жумушсуз;
  30. Мукамбетова Жанаркуль Сатындиевич, 1984, жумушсуз;
  31. Бекташова Самарбу Рыскулбековна, 1978, жумушсуз;
  32. Сатаев Чолпон Станович, 1965, жумушсуз;
  33. Ашымбекова Саясат, 1954, пенсионер;
  34. Мамбеталиев Керим Белекович, 1977, жеке ишкер;
  35. Касымова Назира Омуркуловна, 1973, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде эмгектенет;
  36. Эсеналиева Сымбатгүл Асаналиевна, 1975, жумушсуз;
  37. Асанов Тургун Эмилевич, 1987, Hard ЖЧКсында инжинер-экономист;
  38. Дайан Бурулкан Сагынбековна, 1977, жумушсуз;
  39. Кылычбекова Айпери Кылычбековна, 1990, жумушсуз;
  40. Шаршеналиев Достукбек Досубакович, 1961, пенсионер;
  41. Акматова Айгүл Байгелдиевна, 1978, жумушсуз;
  42. Шаршенова Раиса Сатыбековна, 1962, пенсионер;
  43. Сыдыгалиев Нургазы Бектурович, 1967, жумушсуз;
  44. Солтекова Айнура Нусупбаевна, 1965, жумушсуз;
  45. Айтбаев Дуулат Карыбаевич, 1969, жумушсуз;
  46. Кокуева Айдай Калмырзаева, 1988, жумушсуз;
  47. Байтолоева Динара Эсенбековна, 1968, жумушсуз;
  48. Ниязбеков Татарбек, 1953, пенсионер;
  49. Досматова Нурийла Асатбековна, 1978, жумушсуз;
  50. Адиева Венера Жапаровна, 1985, жумушсуз;
  51. Имакеева Кульсайра Дакеновна, 1962, пенсионер;
  52. Сыдыгалиева Байрагуль Тентиевна, 1970, жумушсуз;
  53. Юнусалиев Руслан Абдухалилович, 1975, жумушсуз;
  54. Транбаева Рузеля Жапаровна, 1983, адвокат;
  55. Исакова Бактыгүл Кошумбаевна, 1969, мугалим;
  56. Шаршенов Айбек Сагынбекович, 1989, жумушсуз;
  57. Апышова Бактыгул Белековна, 1978, жумушсуз;
  58. Орозобекова Зууракан Сапарбековна, 1981, жумушсуз;
  59. Касаболотов Нурлан Торбаевич, 1977, жумушсуз;
  60. Сулайманова Нагима Болотовна, 1986, жумушсуз;
  61. Асангожоев Урмат Кумбекович, 1967, жумушсуз;
  62. Жолойбекова Айжамал Жолойбековна, 1999, жумушсуз;
  63. Имашов Ислам Кубатбекович, 1990, жумушсуз;
  64. Акматова Гүлнура Советбековна, 1990, жумушсуз;
  65. Нурдинов Мухтар Бакытович, 1987, жумушсуз;
  66. Нуржанова Айжамал Наймановна, 1995, жумушсуз;
  67. Алыбаев Мадинбек Сыныбекович, 1984, жумушсуз;
  68. Ибраимова Таалайкул Исаевна, 1963, жумушсуз;
  69. Залкарбеков Жумабек Залкарбекович, 1997, жумушсуз.
44
Белгилер:
Бишкек шаардык кеңеши, депутат, тизме, саясий партиялар, шайлоо
Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү Кайрат Осмоналиев. Архив

БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев Азербайжанга элчи болуп бекиди

11
(жаңыланган 17:46 24.06.2021)
Буга чейин ЖК комитети Осмоналиевдин талапкерлигин жактырган болчу. Президент аны дипломатиялык кызматка өз жарлыгы менен бекитти.

ИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Осмоналиевди кызматка дайындоону жактырган.

Осмоналиев 2016-жылдан бери БШКнын мүчөсү болуп келген. Ал Кыргыз улуттук университетинин ардактуу илимий доктору, профессор, дасыккан юрист.

11
Белгилер:
юрист, элчи, Кайрат Осмоналиев, БШК, Азербайжан, Кыргызстан
Тема боюнча
Садык Шер-Нияз Францияга элчи болуп дайындалды
Председатель Кабинета Министров Кыргызстана Улукбек Марипов. 24 июня 2021 года

Актанбагылачы! Марипов айыл чарба министри менен орун басарларын зекиди

39
(жаңыланган 17:35 24.06.2021)
Марипов эгерде министрлик өз учурунда көңүл буруп иштегенде суунун тартыштыгы, азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелер чыкмак эместигин айтты.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери өлкөнү азык-түлүк менен камсыздоо ишин жетиштүү аткарбаганы үчүн сөгүш жана эскертүү алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековго эскертүү, ал эми анын орун басары Нурлан Шериповго сөгүш жарыяланган.

Министр сельского, водного хозяйства и развития регионов Аскарбек Джаныбеков. 24 июня 2021 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков

Мындан сырткары, дагы бир орун басар Азамат Мукашевдин бул кызматка ылайык келер-келбеси боюнча маселе каралмакчы.

"Эгерде силер өз учурунда көңүл буруп иштегенде суунун тартыштыгы, азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелер чыкмак эмес. Актанбай эле койгулачы! Тармактык министрлик коюлган милдеттерди аткарып, маселени чечүүнү башынан ойлонушу керек эле. Акыркы беш айдагы иштин планын алалычы. Суу колдонуучулар ассоциациясынын ишине анализ жасоого тапшырма берилген. Бүгүн бир да сунуш түшкөн жок. Аймактардагы кластердик механизмди тереңдетүү боюнча маалыматтар жокко эсе. Жалпысынан алганда, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин иши жетишсиз жасалган", — деген Марипов.

Эске салсак, Марипов 11-июнда Чүй облусун кыдырып жүрүп "эртеңден тарта (12-июнь – ред.) сугат суу фермерлерге жетпей турган болсо, облус, район жетекчилигине карата катуу чара көрүлөт" деген эле.

Быйыл дыйкандар менен фермерлер сугат суунун тартыштыгы боюнча олуттуу маселе жаралып жаткандыгын, аны чечүү боюнча ыкчам чаралар керектигин айтып, коңгуроо кагып жатышат. Эгерде бул маселе чечилбесе көйгөйлөр жараларын, кымбатчылык мындан да тереңдерин айтышууда.

39
Белгилер:
суу тартыштыгы, кургакчылык, түшүм, суу, Чүй облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда тышка мал сатууга коюлган чектөө алынды
Суу жок. Чөптүн жана дан өсүмдүктөрүнүн баасы азыркыдан да көтөрүлүшү мүмкүн
Кыргыз ССРдин аскери. Архив

Даңк орденине беш, Эрдик медалына он рубль. Фронтто кан кечкен кыргызстандыктар

0
(жаңыланган 18:06 24.06.2021)
1945-жылы 24-июнда Москванын Кызыл аянтында СССРдин эли көптөн күткөн Жеңиш парады өткөн эле. Ага кыргызстандык офицерлер менен жоокерлер да катышкан.

Тарыхый параддан кийин Ялта келишими боюнча Советтер Союзу Японияга каршы согушканы даярданып жаткан учур болчу. Кызыл аянттан баскан айрым офицерлер менен аскерлер 8-августта Япониянын Квантун армиясына чабуул койгонго катышкан. Фашисттик Германияга каршы салгылашкан жоокерлер Ыраакы Чыгыштагы япон армиясынын таш-талканын чыгарышат.

Натыйжада 2-сентябрда расмий Токио АКШнын "Миссури" линкорунда СССР, АКШ, Улуу Британия жана башка өнөктөштөрдүн алдында капитуляция тууралуу документке кол коюп, ошону менен экинчи Дүйнөлүк согуш аяктаган. Колумнист Алмаз Батилов кан майданда салгылашкан кыргызстандык аскерлер жөнүндө баянды улантат.

Башкы сүрөт: Кызыл армиянын жоокери Токуш Султанов Курск догосунда гитлерчилерге каршы салгылашын баштап Австриянын борборуна чейин аларды сүрүп барган. Вена шаарындагы аскердик-тарыхый музейинин короосу. 1945-жыл. КР Борбордук мамлекеттик кинофотодокументтер архиви.

Жума Жамгырчиев

Кыргыз элинин алгачкы маданий агартуучуларынын бири Жума Жамгырчиевдин тагдыры бир жагынан аянычтуу, экинчи жагынан жаш муунга өрнөк. Үркүндө 15 жаштагы Жума эл менен Кытайга качып, ал жакта жергиликтүү уйгур байга эки жыл малай болот. 1918-жылы Ата Мекенине кайтып, сабатын жоюп, билим алууга умтулат. Кыргыз жаштарынын ичинен Жума биринчилерден болуп Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетинде окуп, андан соң Кыргыз педагогикалык техникумун бүтүргөн. 1929-1935-жылдары Кыргыз АССРинин агартуу комиссариатында иштеп, билим тармагын өркүндөтүүгө аракеттенген. Ош менен Жалал-Абад аймактарында жана Анжиянда агартуу тармагында эмгектенген. Ошол эле убакта Жамгырчиев "Эр Төштүк" эпосун кагаз бетине түшүргөн, өзү да ыр жазчу. 1931-жылы алгачкы "Ырлар жыйнагы" аттуу китеби чыккан. Ал Кусеин Карасаев, Сатыбалды Нааматов, Сыдык Карачев жана Касым Тыныстанов сыяктуу кыргыздын тунгуч интеллигенциясы менен үзөңгүлөш эле. 1930-жылдары Жамгырчиев репрессияга кабылып кала жаздаган. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Жума өзүнүн кичи мекени Тоң районунда мугалим болуп иштеп жүргөн. 1942-жылы Жамгырчиев Рыбачье шаарынан кан майданга аттанып, 281-дивизиянын 861-замбирекчилердин полкунда аскердик жолун баштаган. 1944-жылы 21-январда курман болгон. Аркасында "Таңкы жарык" жана "Ырлар" аттуу чыгармаларынын жыйнагы калды.

Погибший на фронте Великой Отечественной войны, писатель Жума Жамгырчиев
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
Кан майданда каза болгон жазуучу Жума Жамгырчиев

Чехословак корпусунун подпоручиги Богумил Цейпек

1923-жылы Словакиянын Желин шаарында белгилүү чех социалисти Рудольф Маречек "Интергельпо" аттуу өндүрүш кооперативин түзөт. Бул кооперативдин мүчөлүгүнө венгр, чех, словак жана поляк жумушчулары өтүшкөн. 1925-жылы Кыргызстанга 1317 интергельпочу келген. Алардын арасында 23 жаштагы Богумил Цейпек да бар эле. Булар Кыргызстандын өнөр жайынын өнүгүшүнө зор салым кошту. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Богумил башка жердештери өңдүү Чехословакиянын лидери генерал Людвиг Свободанын жоокерлерине кошулат. Интергельпочулардын мүдөөсү фашисттик баскынчылардын запкысында калган Ата Журту менен жаңы Мекени СССРдин азаттыгы үчүн күрөшүү болчу. Цейпек 1-Чехословак армиялык корпусунун 1-өзүнчө Чехословак бригадасынын катарында Украинаны гитлерчилерден бошотууга катышат. Андан соң ал Словакиядан баскынчыларды сүрүп чыгарууда далай эрдик көрсөтөт. 1945-жылы 10-майда генерал Свободанын кол астында Богумил куралдаштары менен биргеликте Праганы фашисттерден бошотот. Улуу Ата Мекендик согуш бүткөндөн кийин Цейпек Кыргызстанга кайтат.

Ветеран Великой Отечественной войны, активный член производственного кооператива Интергельпо Богумил Цейпек. Фрунзе, 1957 г.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Руденко
"Интергельпо" өндүрүш кооперативинин активдүү мүчөсү, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Богумил Антонович Цейпек. Фрунзе шаары, 1957-жыл

Макизар Абдыкалый Жумакеев

Франциялык партизандардын катарында гитлерчилерге каршы салгылашкан кыргызстандык жоокер Омор Джекишевдин иниси Абды Джекишев агасы менен чогуу кан кечкен куралдаштарын издеп жүрүп, Абды Жумакеев менен кантип таанышканы тууралуу мындайча айтып берди:

Ростов шаарынын батыш жагын коргоодо жоокер У.Омаров буктурмадан пулемет менен душманды аткылап жаткан учуру. 1941-жыл.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР
— 1990-жылы атамдын иниси Омордун француз каршылык кыймылында чогуу согушкан куралдаштарын издеп жүрүп, Абдыкалый байке менен тааныштым. Ал мага кыргызстандык макизарлар жөнүндө айтып берди. Тагдыры абдан кызыктуу жана аянычтуу экен. Согуштун биринчи күндөрүндө туткунга түшкөн. Аны баскынчылар Германиядагы концлагердин бирине жөнөтүшөт. Жумакеев башка советтик туткундар сыяктуу адам көрбөгөн азапты башынан өткөрөт. 1944-жылы Абдыкалый байке Конурбаев, испан, орус жана югослав туткундары менен биргелешип концлагерден качып чыгышат. Түштүк Францияга жетип, партизандарга кошулат, ал жерден башка кыргызстандык жана советтик макизарлар менен таанышат. Булар Гитлерге каршы күрөшүн улантып, Франциянын түштүк аймактарын фашисттерден бошотууга катышат. 1945-жылы СССРге кайтышат. Коопсуздук органдары Абдыкалый байкени чыккынчылык кылгансың деп ак жеринен айыптап сүргүнгө айдашат. Кийин ал акталып Кыргызстанга кайткан. Абдыкалый байкенин көөдөнүндө Францияны бир көрсөм деген кыялы бар экени байкалчу. Тилекке каршы, кыялы ишке ашпай калды.

Макизар Абдыкалый Джумакеев во время трапезы с детьми. Фрунзе. 1967
© Фото / из личного архива Бакировых
Макизар Абдыкалый Жумакеев балдары менен тамак ичип жаткан учур. Фрунзе шаары. 1967-жыл

Сулихар Щилязов

Дунган элинин уулу, он тогуз жаштагы Сулихар Щилязов 1939-жылы Советтик армиянын катарына чакырылат. Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда 3-Украин фронтунда 103-гвардиялык артиллерия полкунда салгылашкан. Анын адистиги топограф болчу. 1944-жылы Суалихар взводу менен Днепр дарыясынын боюнда фашисттердин аткылаганына карабастан замбиректердин таамай атуусун камсыздап "Аскердик каармандыгы үчүн" медалы менен сыйланган.

Ветеран Великой Отечественной войны Сулихар Щилязов с семьей. 1960-г.
© Фото / из личного архива Салимы Щилязовой
Сулихар Щилязов үй-бүлөсү менен. 1960-жыл

Чалгынчы Ч. Токтобаев

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ай сайын советтик жоокерлер аскердик орден жана медалдар үчүн жөлөк пул алчу. Мисалы, 3-даражадагы Даңк ордени үчүн беш, Эрдик медалына он рубль төлөнчү. Чалгынчы Токтобаев эки ордени жана бир медалы үчүн мамлекеттен 20 рубль алчу. 1948-жылы өкмөттүн атайын токтому менен бул жөлөк пул алып салынган.

Чингиз Токтобаев, награжденный Орденом Славы 3 степени и Медалью Мужества. 2-й Белорусский фронт. 1944 г.
© Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Смирнов
Чалгынчы автоматчан Ч.Токтобаев 3-даражадагы Даңк ордени жана Эрдик медалы менен сыйланган. 2-Беларус фронту. 1944-жыл

Александр Нарочный

Александр Нарочный фашисттердин Австриядагы "Маутхаузен" концлагеринде үч жарым жыл туткунда болгон. Ал 1925-жылы 19-майда Чыгыш Украинанын Бердянск шаарында төрөлгөн. 1941-жылы 7-октябрда гитлерчилер бул шаарды басып алышат. 1942–жылы он алты жаштагы Лидия апаны башка курбулары менен баскынчылар Германияга кулчулукка алып кетишет. Белгилей кетчү жагдай, фашисттер Украинада беш миллион үч жүз миң адамды өлтүрүшкөн. Ал эми эки миллион үч жүз миң украиналыкты гитлерчилер кулдукка айдап кетишкен. Нарочнова "Маутхаузен" концлагеринде адам көрбөгөн тозокту башынан өткөрөт. Бир тууганын Гитлердин желдеттери Польшадагы "Майданек" концлагериндеги меште тирүүлөй өрттөшөт. 1945-жылы жазда аны Кызыл армиянын жоокерлери туткундан бошотуп, Лидия апа Австрияда жайгашкан советтик аскердик бөлүктөрдүн биринде иштеп калат. Ал жерден кыргызстандык офицер Александр Нарочный менен таанышат. Экөөнүн үлпөт тою Венадагы Советтер Союзунун элчилигинде өтөт. 1946-жылы эки жаш Фрунзе шаарына келип түтүн булатышат. Лидия апа менен Александр бактылуу жашап, үч кыздуу болушкан.

Ветеран Великой Отечественной войны Александр Нарочный (слева) c женой Лидией Нарочной (справа), узницей фашистского концлагеря, на свадьбе дочери Татьяны. Город Фрунзе. 1970 г.
© Фото / из личного архива Александра Нарочного
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Александр Нарочный (сол жакта) жубайы фашисттик концлагердин туткуну Лидия Нарочнова (оң жакта) менен кызы Татьянанын үлпөт тоюнда. Фрунзе шаары. 1970-жыл.
0
Белгилер:
СССР, Адольф Гитлер, Кыргызстан, жеңиш, парад, Улуу Ата Мекендик согуш
Тема боюнча
Концерт коюп барып, калып калган... Улуу Жеңишти жакындаткан кыргызстандыктар
Согушту чек арадан тосуп алдык... Академик Розалия Дженчураеванын маеги
1418 күнгө созулган Улуу Ата Мекендик согуш. Майданда кан төккөн кыргызстандыктар