Россия лидери Владимир Путин

Путин Байденге анын дарегине айткан сөзү боюнча жооп берди

(жаңыланган 18:49 18.03.2021)
АКШ президентинин Россия лидери туурасында телеканалдан айтканы коомчулукта кызуу талкууга алынган.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин АКШ президенти Жозеф Байденге эки ооз сөз менен жооп берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Путин ага ден соолук каалап, "мен ага "соо бол" деп айтмакмын", — деген.

Ал кесиптешинин айтканын тереңирээк карап, мисал келтирген.

"Бала кезде короодо ойноп жатып, бири-бирибиз менен талашып-тартышып кетсек, "ким жаман сөз менен тилдесе, ал өзү ошондой" дечү элек. Бул эми жөн жеринен айтылган эмес. Балдардын ойноп айткан сөзү да эмес. Мунун психологиялык жактан мааниси терең. Башка кишиден дайыма өзүбүздүн сапаттарыбызды көрөбүз да, бул деле биздей адам деп ойлойбуз ", — деп айткан Путин.

Президент ар бир элдин тарыхында "кандуу жана коогалуу көп окуялар" болгондугун белгилеген.

"Бирок башка адамдарга, ал тургай башка мамлекеттерге, элге баа берип жатканда күзгүнү караган сымал болобуз. Ал жактан дайыма өзүбүздү көрөбүз", — деген ал.

Эске салсак, ЖМКлар Байден ABC телеканалынын журналисттери менен сүйлөшүп жатып, "россиялык президентти жан кыйгыч деп эсептейсизби?" деген суроого "ооба" деп жооп берген. Бирок кандай мааниде айтайын дегени түшүнүксүз болуп калгандыгын жазып чыгышкан.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки Байдендин бул сөзү Путин жөнүндөгү метафора болгонбу же жокпу деген суроого түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан.
Ал эми Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов Москвага Вашингтон менен болгон мамилелердин азыркы контекстин сүйлөшүү үчүн чакырылгандыгын ТИМ кабарлаган.

Россиялык дипломатиялык миссия Facebook социалдык тармагындагы баракчасында "түзүлгөн бул кырдаал Вашингтондун соңку жылдардан бери жүргүзүп келе жаткан максаттуу багытынын кесепети" экендигин айткан. Алар "мындай жол менен эки тараптуу өз ара мамилени туңгуюкка кептеген".

Россиянын Федерация кеңешинин вице-спикери Константин Косачев АКШнын жаңы администрациясынан күтүлүп жаткан нерселер эми "бул адепсиз билдирүү менен таштандыга кетерин" айтты.

Сенатор эгерде Вашингтон кечирим сурабаса, Москва башка аракеттер менен реакция кылат деген маанайда пикирин билдирген.

Белгилер:
жооп, Жо Байден, Владимир Путин, АКШ, Россия
Тема боюнча
Вашингтон өзү түшүндүрсүн! Захарова Байдендин айткандары боюнча үн катты
Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалган Алмазбек Акматов. Архив

Алмазбек Акматов өлкөнүн Эсептөө палатасына төрага болду

(жаңыланган 18:36 16.04.2021)
Акматов февраль айында эле аудитор болуп шайланган болчу. Ал Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактык бөлүмдөрүн жетектеген.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Акматов февраль айында эле аудитор болуп шайланган болчу. Ал Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактык бөлүмдөрүн жетектегени маалым.

Буга чейинки жетекчи Улукбек Марипов февраль айында премьер-министр кызматына дайындалган. Жаңы башчы дайындалганга чейин бул милдетти аудитор Айжан Садыркулова аткарып келди.

Алмазбек Акматов бул кызмат орунга Конституциянын 64-беренесинин 5-бөлүгүнүн 4-пунктунун жана "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" мыйзамынын 16-беренесинин негизинде дайындалды.

Белгилер:
Алмазбек Акматов, дайындоо, жетекчи
Тема боюнча
Салык кызматына жаңы жетекчи дайындалды
Кыргызстандын АКШдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган Бактыбек Аманбаев. Архив

Бактыбек Аманбаев АКШга элчи болуп дайындалды

(жаңыланган 17:57 16.04.2021)
Аманбаев 2013-2015-жылдары Кыргызстандын омбудсмени болгон. Былтыркы октябрь окуяларынан кийин өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп дайындалып, ушул жылдын февраль айына чейин иштеген.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын АКШдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул кызматты 2019-жылдан бери Болот Отунбаев аркалап келген. Аны менен катар Отунбаев Кыргызстандын Канададагы элчиси болуп эмгектенген.

Аманбаев 2013-2015-жылдары Кыргызстандын омбудсмени болгон. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясынын тизмесинде катышкан. Октябрь окуяларынан кийин өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп дайындалып, ушул жылдын февраль айына чейин иштеген.

Белгилер:
жарлык, элчи, Бактыбек Аманбаев, АКШ, Кыргызстан
Тема боюнча
Салык кызматына жаңы жетекчи дайындалды
Бишкек шаарынын дрондон көрүнүшү. Архив

Бишкектин жаңы башкы планы тез арада иштелип чыкмай болду

(жаңыланган 22:03 16.04.2021)
"Бишкек башкы архитектура" ишканасында өткөн жыйында шаар куруу боюнча документациялык көйгөйлөрдү тезинен чечүү зарылдыгы айтылды.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы менен Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине борбор калаанын жаңы башкы планын иштеп чыгуу өтүнүчүн камтыган кат жиберилет. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" мекемесинин маалымат кызматы билдирди.

Учурда иштеп жаткан генералдык пландын мөөнөтү бүтө элек болсо да аракеттер көрүлөт.

Бүгүн аталган мекемеде шаар куруудагы документацияны иштеп чыгуу жана бекитүү маселесине арналган отурум болду. Ага профилдик министрликтин өкүлдөрү, "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын башчысы Марат Жороев, Кыргызстандын архитекторлор союзунун жетекчилери жана мүчөлөрү, прокуратура жана курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Талкуудан соң Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине айрым процедураларды жөнөкөйлөштүрүү максатында тийиштүү ченемдик-техникалык документацияларды тез арада өркүндөтүү зарылдыгы боюнча кайрылуу чечими кабыл алынды.

"Бишкек мэриясына, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине Бишкектин учурдагы башкы планынын мөөнөтү бүткөнгө чейин эле жаңысын иштеп чыгуу өтүнүчү менен кат жиберилет", — деп айтылат маалыматта.

Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов буга чейин Бишкек шаарынын башкы планынын ачыктыгын камсыздоо негизги милдеттеринин бири экенин билдирген.

Учурда ордо калаада 2025-жылга чейинки генералдык план иштеп жатат. Ал 2006-жылы кабыл алынып, бекитилген.

Белгилер:
Бишкекбашкыархитектура, башкы план, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте түркүн түстүү жоогазындар гүл ачты. Ажайып сүрөттөр
Бишкекте дагы эки көчөнүн кесилишинде оңдоо иштери жүрүп, жолдор жабылат
Бишкекте эмен бактарын курттан коргоо үчүн ийне сайылып баштады. Сүрөт