Кыргызстандын жана Тажикстандын желектери. Архив

Баткен жана Согди облустарынын башчылары бир пикирге келишти. Сүрөт

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы менен тараптар облустар аралык кызматташуу боюнча 10 пункттан турган протоколго кол коюшту.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Баткен облусу Тажикстандын Согди облусу менен кызматташуу боюнча протоколго кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

17-18-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жана эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Гулистан шаарында жолугушту.

  • Встреча главы полпредства правительства в Баткенской области Омурбека Суваналиева с главой области Согди Таджикистана Раджоббоем Ахмадзодой
    Баткен облусу Тажикстандын Согди облусу менен кызматташуу боюнча протоколго кол коюлду
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
  • Встреча главы полпредства правительства в Баткенской области Омурбека Суваналиева с главой области Согди Таджикистана Раджоббоем Ахмадзодой
    17-18-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода жана эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Гулистан шаарында жолугушту
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
  • Встреча главы полпредства правительства в Баткенской области Омурбека Суваналиева с главой области Согди Таджикистана Раджоббоем Ахмадзодой
    Тараптар чек аралаш аймакта акыркы убакта болгон окуяларды, эки жактан тең чек арадан мыйзамсыз өткөн жарандардын маселесин талкуулашты. Ошондой эле буга чейинки кол коюлган протоколдор менен укуктук-ченемдик документтерди аткаруу жагын белгилешти.
    © Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
1 / 3
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
Баткен облусу Тажикстандын Согди облусу менен кызматташуу боюнча протоколго кол коюлду

Тараптар чек аралаш аймакта акыркы убакта болгон окуяларды, эки жактан тең чек арадан мыйзамсыз өткөн жарандардын маселесин талкуулашты. Ошондой эле буга чейинки кол коюлган протоколдор менен укуктук-ченемдик документтерди аткаруу жагын белгилешти.

Бул жолугушууда эки облустун ортосундагы чек арага байланышкан маселелерди чечүүнү тездетүү, аймакта коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кошуна элдердин ынтымагын бекемдөө менен чектеш аймактардын кызматташуусун жакшыртууга өзгөчө маани берилди.

Жыйынтыгында тараптар облустар аралык кызматташуу боюнча 10 пункттан турган протоколго кол коюшту:

  • буга чейинки Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясы тарабынан бекитилген макулдашуулар, келишимдер жана протоколдорду аткарууну тийиштүү органдарга тапшыруу;
  • Баткен, Лейлек жана Исфара, Бабоджон Гафуров райондорунун жетекчилери, чектеш айыл аймак башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары чек аралаш аймакта чыр-чатактардын алдын алуу боюнча үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • укук коргоо органдары тарабынан коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоону активдештирүү;
  • чек аралаш аймактагы маселелерди чечүү боюнча жумушчу топ түзүү;
  • терроризм, экстремизм менен күрөшүү боюнча биргеликте иш алып баруу, аткезчиликке бөгөт коюу максатында эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • чек аралаш аймактагы соода жүргүзүүнү жөнгө салуу;
  • суу ресурстарын пайдаланууда буга чейинки документтердин алкагында кызматташууну активдештирүү;
  • жайыт жерлерди пайдалануу боюнча макулдашууларды кароо;
  • Чек аралаш аймактын жашоочуларынын ортосунда маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды уюштуруу;

Эки тарап мындан ары облустар аралык кызматташууну жандантуу, жаралган көйгөйлөрдү бир тууган, кошуна эл катары сүйлөшүү жолу менен чечүүгө ишеним артарын билдиришти.

Баткен районунун Жаңы Жер айылындагы өткөрүү пунктунун чек арачысы. Архив
© Фото / пресс-служба полпредства правительства в Баткенской области
Жолугушууда пандемияга байланыштуу чек аралардын жабылышы жергиликтүү элдин турмушуна кыйынчылыктарды жаратканы белгиленди. Мындан улам конкреттүү кадамдарга баруу керектиги боюнча орток пикирге келишти. Облус башчылары пандемия шартында жашоого, кызматташууга үйрөнүү учурдун талабы экенин белгилешти. Мындан улам Лейлек районундагы "Кулунду", "Кайрагач", Баткен районундагы "Кызыл-Бел" көзөмөл-өткөрүү жайларын ачуу, жандантуу, жогорку бийлик органдарына сунуш берүү жагы макулдашылды.

Ошол эле учурда чек аралаш аймакта аткезчилик аракеттери күч түзүмдөрү тарабынан дыкат көзөмөлгө алынары, мыйзамсыз иштерге катуу чара көрүлөрү айтылды.

Белгилер:
макулдашуу, Тажикстан, жолугушуу, чек ара, Баткен
Тема боюнча
Баткенде аткезчиликке бөгөт коюу үчүн мобилдүү топтор иштеп жатат
Ташиев: кыргыз-тажик чек арасы чечилип жатканда үйлөр бузулушу мүмкүн
Россиянын Петр Великий атомдук крейсери. Архив

"Бул кемесиз иш жүрбөйт": Россиянын Түндүк флоту НАТОго кандай жооп кайтарат?

(жаңыланган 20:15 22.04.2021)
Эксперттердин баамында, РФтин Түндүк флотуна ушул тапта суу түбүндө жүрүүчү дизелдик кайыктар өтө зарыл.

Куралышы адаттан тыш, купуялуулук, автономдуулугу жогору, бөтөнчө милдеттер... 2027-жылы Россиянын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн Түндүк флоту кеминде эле суу түбүндөгү жаңы дизель-электрдик төрт кайык менен бекемделет. Алар "Лада" 677 долбооруна таандык.

Бүгүнкү күндө мындай кемелер айрыкча Арктикага зарыл. РФтин эң күчтүү аскердик-деңиз бирикмесинин курамы кандай өзгөрөрү тууралуу РИА Новости агенттигинин колумнисти Николай Протопопов толгогон.

Дизелдик серия

Төртүнчү муундагы 677 долбоорунун дизелдик-электрдик кайыктары 1990-жылдардын аягынан бери курулуп келет. Башкы кемеси — ушул тапта сынамык пайдалануудагы "Санкт-Петербург". Суу түбүндө жүрүүчү дагы эки, атап айтканда, "Кронштадт" жана "Великие Луки" кайыктарынын курулушу ар кыл баскычта. Булардан тышкары дагы эки кеменин курулушу келерки жылы башталат.

"Лада" — көбүнесе инновациялык долбоор. "Рубин" борбордук конструктордук бюросунун иштеп чыгуучу адистери россиялык кеме курууга анча мүнөздүү болбогон бир корпустуу схеманы колдонушкан.

Атайын каражат менен капталгандыктан, ошондой эле заманбап радиоэлектрондук системалар менен жабдылып, жогорку даражада автоматташтырылгандыктан "Ладалар" бул типтеги субмариналардын арасынан байкатпастыгы боюнча кескин түрдө айырмаланат. Булардан тышкары, келечекте "677чилерди" абадан көз каранды болбогон күч орнотмолору менен жабдышмакчы.

"Ладалар" — россиялык флоттун "курулушу узакка созулган" кайыктарынан. Кемелерди ишке берүүнүн мөөнөтү улам жылдырылып, каржылоо кыскарып, иш токтотулуп келген. Биргелешкен кеме куруу корпорациясынын жетекчиси Алексей Рахмановдун айтымында, мындайга себеп болгон көйгөйлөр тийиштүү каражаттар менен жабдуучуларга байланыштуу. Ал тургай ушундан улам Тынч океандык флот үчүн "Ладалардын" ордуна башка бир — 636.3 долбоорунун суу түбүндөгү алты кайыгын курууну чечишкен.

Башкы "Санкт-Петербург" кемесин моряктарга араң 2010-жылы беришкен. Негизи бул кеме сынамык стенд катары болуп, пайдаланууда улам толукталып, куроодогу мүчүлүштүктөрүн жоюуга бир далай убакыт кеткен.

"Ладалар" салыштырмалуу чакан субмариналар, сыйымдуулугу — 1800 тонна. Суу түбүндө 21 узелге дейре күүлөнөт, 250 метрге чейин сүңгүй алат. Экипажы — 35 киши, автономдуулугу — 45 сутка. Негизги кеме торпеда жана миналар менен гана жабдылган, сериядагы кийинкилеринде бортторуна "Калибр" канаттуу ракеталары жайгаштырылат.

Алмашкыс кайыктар

Эксперттердин баамында, РФтин Түндүк флотуна ушул тапта суу түбүндө жүрүүчү дизелдик кайыктар өтө зарыл. Азырынча аталган өлкөнүн 877 долбоорунун суу түбүндө жүрүүчү эски дизелдик-электрдик кайыгынан бир нечеси гана бар.

"Палтус", негизи эле суу түбүндөгү күчтөр көп буталуу жана стратегиялык атомдук субмариналар катары таанылган. Натыйжада аларды башкы функциясынан башка багытка буруп, тактикалык операцияларга катыштырууга туура келет. Россияда флоттун мурдагы командачысы адмирал Вячеслав Поповдун айтымында, мындай көрүнүш — 1990-жылдардагы каатчылыктын изи.

"Түндүк флотко суу түбүндө жүрүүчү дизелдик кайыктар ар убак зарыл, — дейт ал. — Ар бир долбоордун өз аскердик багыты бар, башкалар анын ордун баары бир жүз пайызга толтура албайт. Азыркы дизелдик-электрдик суу түбүндөгү кайыктардын атомдук түрлөрүнөн негизги айырмачылыгы — дээрлик дабышсыз, аларды табыш абдан татаал. Негизги милдети — душмандын кайыгы менен кармашуу". Адмирал ушундай субмариналардын жоктугун башка каражаттар, атап айтканда авиация, кемелер, атомдук ракета ташуучулар менен толукталарын түшүндүрөт.

"Түндүк флотко суу үстүндөгү жана суу түбүндөгү кемелердин бардык – дизелдик-электрдик кайыктардан атомдук түрлөрүнө дейре керек, — дейт Попов. — Флотко командачылык кылып турганымда суу түбүндө жүрүүчү дизелдик-электрдик үч кайыгыбыз бар эле. Акырындап алар мөөнөтү боюнча эсептен чыгарылган, бирок кайра жарытарлык эч нерсе жөнөтүлгөн эмес. Кара деңиз флотун суу түбүндөгү дизелдик кайыктар менен толуктоону чечишкен. Саясий себептерден улам ушундай болгону айкын".

Чектешкен чекит

Түндүк флоту кансыз согуш жылдары өзөктүк ооздуктоонун маанилүү элементи болгон. Түндүк деңизчилер эң заманбап стратегиялык атомоход жана суудагы сокку уруучу ракеталык кемелерге ээ болгон.

Бүгүн тарых кайталанып турат: Түндүк флотко өзүнчө аскердик округ макамын ыйгарышкан, ал эми 2014-жылы анын базасында Бириккен страгиялык командачылыкты түзүшкөн. Бул жакка эң акыркы курал жана техника келип турат. Ошентип, түндүк деңизчилер "Борей" долбоорунун суу түбүндөгү жаңы атомдук жана "Ясень" көп буталуу кайыктарын алгачкылардан болуп өздөштүрүштү.

"Адмирал Нахимов" атомдук ракеталык крейсери да толук заманбапташтырылууда. Ага удаа эле "Петр Великий" оор атомдук ракеталык крейсери да толук жакшыртылат. Мындан тышкары, түндүк деңизчилерге 22350 долбоорунун көп буталуу фрегаттарынан бир нече бирдик бөлүшкөн. Алар "Калибр" канаттуу ракеталары жана кемеге каршы коргонуучу "Оникс" ракеталары менен куралданган. Анан да сериянын башкы вымпели "Адмирал Горшковдо" "Циркон" гипер үндүү комплексин башкарууга машыгып жатышат.

Азыркы реалдуулукта Россияга Түндүктө кубаттуу форпост (алдыңкы пункт) өтө зарыл. Арктикага планетадагы алдыңкы державалар тыкыр көз салат. Мында пайдалуу кендин эбегейсиз кору жатат. Далай мамлекеттер аталган чөлкөмдө аскердик күчүн бекемдөөгө умтулат. Анын ичинде Арктикадагы башкы атаандаштары катары Россия менен Кытайды атаган Кошмо Штаттар да аталган аймакта активдешти.

Соңку жылдары америкалыктар Түндүккө курал толтуруп, Аляскада радиолокациялык станцияларды куруп, ал жакка ондогон сокку уруучу истребителдерди жеткирүүдө. Пентагон чөлкөмдө жаңы типтеги күч бөлүктөрүн – көп домендүү топторду уюштурууга ниеттенди. Норвегияда азыр АКШнын стратегиялык авиациясынын учактары бар, ал эми россиялык жээктерге жакын тоңдурулган аскердик-деңиз базаларды кайрадан пайдаланууну пландоодо.

Белгилер:
Авиация, сокку, кайык, ракета, курал, НАТО, Россия, кеме
Тема боюнча
Бура бастырбаган табылга. Россиянын жаңы стратегиялык ракета ташуучусу
Россия президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга жолдогон кайрылуусунда

Россия Батыштын эрежеси менен ойнобойт. Путиндин кайрылуусу боюнча пикирлер

(жаңыланган 10:47 22.04.2021)
Владимир Путин азыр кандай гана чагымчылык болбосун, Россия "өзгөчө" жооп кайтарууга даяр экенин айтты.

Россия президенти Владимир Путин Федералдык жыйынга жолдогон кайрылуусунда тышкы саясат көйгөйүнө дагы көңүл бурду. Ал Буларуста мамлекеттик төңкөрүш жасоо боюнча Батыштын үн катпай жатканын баса белгилеп, Россия азыр кандай гана провокация болбосун, "өзгөчө" жоопторду кайтарууга даяр экенин кошумчалады.

Украина боюнча

Аскердик маселелер боюнча адис Алексей Леонков Владимир Путиндин Россиянын коопсуздугуна жана кызыкчылыгына каршы иштегендерге карата эскертүүсү биринчи кезекте Украинага тиешелүү деген пикирде. 

Военный эксперт, коммерческий директор журнала Арсенал Отечества Алексей Леонков в студии радио Sputnik на IV Международном военно-техническом форуме «Армия-2018»
© Sputnik / Сергей Мамонтов
Аскердик маселелер боюнча адис Алексей Леонков
"Россия бөлөк бирөө коюп берген шарттар менен ойнобойт. Москва дүйнөдө көптөгөн маселелер аскердик күчтүн жардамы менен чечилерин түшүнөт, бирок көйгөйдү сүйлөшүү жолу менен чечүүнү туура көрөт. Кимде-ким сүйлөшкүсү келбесе, тез арада жана өзүнө жараша жооп аларын билиши керек. Украинага байланыштуу кырдаал Крым жана Донбасстын айынан келип чыккан санкциялардан улам түзүлдү. Бирок Россия кимдир бирөө коюп берген шарт менен иш алып барбайт. Путин мына ушуну жеткиргиси келди", — деди адис.

Леонковдун айтымында, Путин ар бир аскердик күчтөр аралашкан аракеттерге тешелүү жооп болорун баарына түшүнүктүү болгудай жеткире алды. Ал эми Украинага өнөктөштөрү "мына, эми согушкула" деген өңүттө мамиле кылууда. Анткени алар Украинага акча салып, аскерлерин даярдаган болчу.

Мындан улам Зеленский Путин менен Донбасста жолугушкусу келгени айтылат. Бирок адис Украина лидери ал жерде Донецк Элдик Республикасы жана Луганск Элдик Республикасынын жетекчилери менен өз алдынча сүйлөшүүсү керектигин кошумчалады.

"Эгер Путин кайрылуу учурунда Донбасс жана Украина тууралуу так кесе бир нерсе айтпаса эле муну алсыздык катары кабыл албашыбыз керек", — деди Леонков.

Беларустагы төңкөрүш

Владимир Путиндин кайрылуусунда Беларусь көйгөйүнө өзгөчө көңүл бурулду. Россия Илимдер академиясынын Европа институтундагы Буларусь тууралуу изилдөөлөр борборунун жетекчиси Николай Межевичтин айтымында, Путин Беларуста жөн гана митингдер эмес, мамлекеттик төңкөрүш даярдалганын билдирди. 

Директор Института прибалтийских исследований, профессор Николай Межевич
© Sputnik
Россия Илимдер академиясынын Европа институтундагы Буларусь тууралуу изилдөөлөр борборунун жетекчиси Николай Межевич
"Владимир Путин Батыш киберкоопсуздук жаатында эмне себептен Россия менен кызматташкысы келбегени эми түшүнүктүү болгонун айтты. Анткени Беларустагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинде интернет аркылуу көптөгөн иштер жасалган экен. Дүйнөдө коопсуздук системасын орнотуп коюуга Россия, Кытай жана АКШнын гана саясий эрки керек. Бирок АКШ бул жаатта Россия менен дагы, Кытай менен дагы иштешүүдөн баш тартууда. Ошондуктан дүйнө азыркыдай кыйын абалда турат", — деди Межевич.

Адис Беларуста мамлекеттик төңкөрүш кылуу аракетине Вашингтондун тиешеси бар экенинен күмөн санабайт.

"Мен Литва же Польшанын чалгынчылары мындай чечимди өз алдынча кабыл алганына ишенбейм. Бул жерде АКШнын кийгишүүсү болгону анык. Акыркы 200 жыл ичинде президенттерди тактан кулатуу Американын сүйүктүү оюну болуп калган", — деди ал.

21-апрелде Россия лидери Владимир Путин Федералдык жыйынга кайрылуу жасады. Анда саламаттык сактоо, социалдык саясат, экономика жана эл аралык мамилелер тууралуу сөз болду.

Белгилер:
Беларусь, Украина, кайрылуу, жыйын, Владимир Путин, АКШ, Россия
Тема боюнча
Байдендин чакыруусун кабыл алды. Путин климат боюнча саммитке катышат
UFC чемпиону, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив

Шевченконун көптөн күттүргөн беттешин кайсы жактан көрсө болот. Тизме

Ушул жуманын этегинде UFC 261 турниринин алкагында кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко чемпиондук наамын бешинчи ирет коргойт.

Турнир Бишкек убактысы боюнча АКШнын Жексонвилл шаарында 25-апрелде эртең менен башталат. Анда дароо үч чемпион бел курун сактап калуу үчүн жан үрөйт.

Кеченин башкы беттешинде Хорхе Масвидаль мурда беттешкен Камару Усмандан наамын тартып алууга аракет жасайт. Мушкерлер октагондо былтыр июлда кезигип, Усман жеңишин майрамдаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Jorge Masvidal (@gamebredfighter)

Турнирдин дагы бир башкы беттешинде Шевченко бразилиялык мушкер Жессика Андраде менен кармашат. Кыргызстандык мушкер беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. 2019-жылы америкалык Жессика Айды, Лиз Кармушту, ал эми былтыр америкалык Кэтлин Чукагянды, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны утуп, наамын коргоп калган.

Кеченин дагы бир маанилүү кармашында UFC уюмунун аялдар арасындагы эң аз салмак боюнча чемпиону Вэйли Чжан менен Роуз Намаюнас кез келет. Чжан акыркы беттешинде Шевченконун эзелки атаандашы Жоанна Енджейчикти утса, Намаюнас Шевченконун учурдагы каршылашы Андрадени жеңген.

UFC 261 турниринин өзгөчөлүгү — уюмдун мелдешине пандемиядан бери алгачкы жолу көрүүчүлөр кирет. Спорттук аренага 15 миң киши келет, билеттер сатыкка чыгары менен сатылып кеткен.

Мелдешти кайдан көрсө болот?

Болжолдуу карддын беттештери Бишкек убактысы боюнча 6:00дө башталып, 8:00дө бүтөт. Негизги карддын кармаштары 8:30-9:00дө, ал эми негизги беттештер 11:30да башталары болжолдонуп жатат.

UFC Fight Pass сервисинен уюмдун беттештерин түз эфирден көрсө болот. Кыргызстанда бул тиркемени айына 277 сом төлөп колдонушат.

Ошондой эле акы төлөп More.TV жана Wink платформаларынан көрө аласыздар.

Аралаш мушташтын күйөрмандарына Setanta Sports (кээде блоктолуп калат) телеканалы бекер беттеш көрсөтүүнү убадалоодо.

NewsMMA сайтында дагы түз эфирден беттеш көрсөтүлөт.

Белгилер:
турнир, беттешүү, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Кыргызстандын өзүнүн ММА спорту бар. Шевченко UFC уюмундагы ийгилиги тууралуу. Видео