"Социал-демократтар" саясий партиясынан тизмеге 74 талапкер кирген. Алардын аты-жөнү, туулган жылы жана учурда иштеп жаткан кызматы тууралуу маалыматтарды сунуштайбыз.
Талапкерлердин кызмат орундары БШКда көрсөтүлгөндөй жазылды:
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгынын абалын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындады. Бул тууралуу Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымына караганда, Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү иштери 2019-жылдын август айында экспертиза соңуна чыкканга чейин токтотулган.
Жолдубаева ошондой эле бүгүнкү жыйынга соттолуучу Равшан Жээнбеков келбегенин белгиледи. Анын жактоочулары экс-депутат коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн деген маалымкат беришкен.
Биринчи май райондук соту соттук териштирүү иштери токтотулуп, экспертиза дайындалганын ырастады.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин коронавируска каршы экинчи ирет эмделди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Россиянын башчысы биринчи вакцинасын 23-мартта алган. Анда администрация президент кайсы препаратты тандаганын так айткан эмес, бирок ал Россия чыгарган үч вакцинанын бири экендиги белгилүү болгон.
Россия ушуга чейин "Спутник V", "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак" деп аталган үч вакцина чыгарды.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. ТИМге караштуу Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров анафилактикалык шоктон каза болгон. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Парламент сабактары" берүүсүндө билдирди.
Белгилей кетсек, дипломат 1-апрель күнү Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда көз жумган. Министр анын өлүмүнүн диагнозу соттук-медициналык экспертизада далилденгенин билдирди.
"39 жаштагы ТИМ кызматкерин жаш балдардын жанына жаткырып, антибиотик сайган. Ал анафилактикалык шоктон каза болуптур. Ошон үчүн ал оорукананын директорун, башкы дарыгерин, антибиотик сайылган лор бөлүмүнүн башчысын жана медайымды тергөө бүткөнгө чейин жумуштан бошоттум. Себеби мындай кырсык болбошу керек эле. Биринчиден, кичинекей балдар жаткан жерге алып барып тамчылатма ийне саюу — чоң ката. Экинчиден, антибиотик сайганда алдын ала текшерип көрүш керек болчу", — деди Бейшеналиев.
Эске салсак, Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинова Шакиров Кыргызстанга Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасын алгачкылардан болуп алгандардын бири экенин айтып чыккан эле.
Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги такталбаган мындай маалымат эки өлкөнүн достугуна көлөкө түшүрүп жатканын билдирген.