УКМК төрагасы Ташиев чек ара көйгөйүн талкуулоо үчүн Ташкентке учуп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековУКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.03.2021
Жазылуу
Өзбек тараптан делегацияны өлкө премьер-министри Абдулла Арипов жетектеп, тараптар 24-25-март күндөрү жыйын өткөрөт.
БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган өкмөттүк делегация кыргыз-өзбек чек арасындагы делимитация жана демаркация кылынчу тилкелер боюнча маселени талкуулоо үчүн Ташкент шаарына учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Өзбек тараптан делегацияны өлкө премьер-министри Абдулла Арипов жетектеп, тараптар 24-25-март күндөрү жыйын өткөрөт.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Ташиев: кыргыз-тажик чек арасы чечилип жатканда үйлөр бузулушу мүмкүн
Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарында чек арадагы маселени аягына чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр болгон.
Эске салсак, 15-18-мартта Ташиев Тажикстандын Кожент шаарына барып, кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын эки мамлекеттин ортосундагы чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйынына катышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0