Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү башталды

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевТашкент шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү
Ташкент шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Жазылуу
Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы кечээ, 23-мартта, Ташкентке жөнөп кеткен. Аны УКМК төрагасы Ташиев жетектесе, Өзбекстандын делегациясынын башында премьер-минстр Арипов турат.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Ташкент шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү башталды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
"Кеңешменин жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин делимитациялоо маселеси талкууланат. Кыргыз делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми өзбек делегациясын өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов жетектөөдө", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын чек арасындагы байкоочу мунарада чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2021
Талаш жерден тажикстандыктардын шагыл алышына КР чек арачылары жол берген эмес
Эске салсак, кечээ, 23-мартта, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган өкмөттүк делегация Ташкент шаарына учуп кеткен. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр 24-25-март күндөрү жүрмөкчү.
Буга чейин 15-18-мартта Ташиев Тажикстандын Кожент шаарына барып, кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын эки мамлекеттин ортосундагы чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйынына катышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0