Кара-Сууга аким болом деп 74 адам арыз берди

© AFP / JIM WATSONАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.03.2021
Жазылуу
Буга чейин Кара-Сууну Тилек Матраимов жетектесе, Ноокатты өкмөт башчы Улукбек Мариповдун бир тууганы башкарып турган.
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунун башчылыгына 74 киши талапкер катары арыз тапшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Абдырахман Маматалиев билдирди.
Анын айтымында, Ноокат районунун акимчилик кызмат ордуна 24 адамдан арыз түшкөн.
"Талапкерлердин документтерин кабыл алуу аяктады. Учурда Ош облусундагы район акимдери менен орун басарлары аттестациядан өтүп жатат. Бул иш аяктагандан кийин Кара-Суу менен Ноокат райондорунун акимчилик кызматына талапкерлигин койгондорго тестирлөө уюштурулат", — деди Маматалиев.
Нарын шаарынын администрациясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Нарында жетекчилик кызматтагы бир нече адам аттестациядан өтпөй калды
Эске сала кетсек, Ош облусунун Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов 2020-жылдын октябрындагы саясий окуялардан кийин кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өтүп бара жатканда кармалган.
Бул фактынын негизинде ага карата кылмыш иши козголуп, кийинчерээк ал кызматынан кеткен.
Ал эми Ноокат районунун акими Бакытбек Марипов бир тууган агасы Улукбек Марипов өкмөт башчы болуп дайындалгандан кийин кызматын тапшырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0