БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басарлары Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев кызматтан алынышканы тууралуу маалыматты аталган министрлик тастыктады.
Чечим өкмөттүн буйругу менен чыкканы айтылды.
Азырынча экөөнүн ордун ким ээлей турганы белгисиз.
Эскерте кетсек, Каратаев аталган кызматты 2018-жылдан бери, ал эми Үсөнбаев 2020-жылдын башынан тарта ээлеп келген.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Эми кылмыш иши токтотулуп, баш коргоо чарасы жокко чыгарылганы айтылды.
Ошол эле учурда Матраимов өз ыктыяры менен базар баасы 20 миллион сомдон жогору жалпы аянты 232,3 чарчы метр батирин мамлекеттин бюжетине өткөрүп берди.
Суу үстүндөгү кеме жана субмаринанын функциялары топтоштурулган "Страж" көп өлкөнүн адистерин айран-таң калтырат. Бул саамалык BOSS (Border and Offshore Submersible Sentry) деген аталышта экспорттолмокчу. РФтин Деңиз техникасынын "Рубин" борбордук конструктордук бюросу суу үстүндөгү кеме жана субмаринанын артыкчылыктары айкалыштырылган сууга чумкуучу "Страж" күзөтүү кемесинин долбоорун тааныштырды.
Баасы арзан, көлөмү чакан, алдыңкы техникалык мүнөздөмөлөрү, ынанымдуулугу жогору, бортуна ракеталык-торпедалык куралдын кеңири түрүн жайгаштыра билүү мүмкүнчүлүгү BOSS субмаринасы коргонуу бюджети чакан көп өлкөлөрдүн кызыгуусун жаратпай койбойт. Аталган кеменин артыкчылыктарына аскерий баяндамчы Александр Хроленко кененирээк токтолду.
"Рубин" конструктордук бюросу — субмариналарды долбоорлоодо дүйнөлүк лидерлердин бири, Россияда суу түбүндөгү кеме жана ар кыл класстагы аппараттарды (анын ичинде жарандык техника) чыгарууда 120 жылдык тарыхы бар алдыңкы конструктордук бюро.BOSS сыртынан конструктивдик жактан ийгиликтүү, дүйнөдөгү массалык жана эң көп сатылган 613 долбоорунун дизелдик-электрдик субмариналардын бирин элестетет. Бул да "Рубин" конструктордук бюросунун өндүрүмү. Сууга чумкуучу кеменин да техникалык мүнөздөмөлөрү бирдей: комплектациясына жараша узундугу – 60-70 метр, сыйымдуулугу 1000 тоннанын тегерегинде, экипаж 42 кишиден турат.
Тескелүүчү ракеталар, торпедалар, учкучсуз аппараттар, артиллериялык түзүлүштөр жана кароочу топтор үчүн ыкчам сүзүүчү каражаттар менен жабдууга болот. Курал тутумун, жабдык жана шаймандарды тандоодо "Рубин" КБ адистери текшерүүдөн өткөн заманбап субмариналар, суудагы кеме жана учкучтардын сериялык үлгүлөрүнө таянган.
Жаңы күзөтүүчүнүн суу түбүндө жана суудагы буталары жогорку технологиялык душмандын аскердик кеме жана жээктеги объектилери, ошондой эле азыраак жабдылган пираттар, контрабандисттер, браконьерлер болушу мүмкүн. Кеме чалгындоочу жана илим-изилдөөчү катары да пайдаланылышы ыктымал.
Жаңы кеменин мүмкүнчүлүктөрүн жана функцияларын түшүнүү үчүн 613 долбооруна (НАТОнун бөлүштүрүүсү боюнча – Whiskey) кайталы. Үч сызыктуу винтовкасы жөнөкөй жана ынанымдуу субмаринанын сыйымдуулугу – 1347 тонна, узундугу – 76 метр, туурасы – 6,6 метр. 200 метрге чейинки тереңдикте 18,5 узелге дейре ылдамдыкта сүзө алат. Суу үстүндө 8500 миль (15 миң чакырымдан ашуун) аралыкты багындыра алат.
Негизги куралы – 533 мм калибрдеги алты торпедалык аппарат (төртөө алдыңкы, экөө арткы бөлүгүндө), ошону менен бирге эле алар өзөктүк ок бөлүктөрү (ок-дары комплекти 12 торпеда же 22 мина) жабдылышы мүмкүн. Автономдуулугу – 30 сутка. Экипаж 52 кишиден турат.
613 долбоору торпедалык аппарат катары иштелип чыккан, ошентсе да ракеталык куралдуу алты модификациялык субмарина куралган. Кеменин рубкасынын (өзүнчө бөлмө) тосмосунун тышындагы эки бышык контейнерде 300 чакырымдын тегерегиндеги аралыкты багынтуучу П-5 канаттуу ракетасы (суу түбүндөгү абалда жээктеги буталарга ок ачуу үчүн) жайгашкан. 613 долбоорунун сериялык курулушунда үзгүлтүксүз-секциялык ыкма, автоматтык ширетүү, ширетилип бекитилген жерлерине рентгенографиялык көзөмөл кеңири пайдаланылган. Советтик флот беш күндө бирден жаңы субмарина алып турган. Жети жыл ичинде (1950 – 1957) орточо сыйымдуулуктагы суу түбүндөгү 215 дизель-электрдик кайык чыгарылган. Алар торпедалык соккуну бирдей таамай уруп, душман жайгашкан райондорду чалгындап, мина коюп, оперативдик жана позициялык кызмат өтөй алат.Долбоордун бышыктыгын мындан билиңиз, 613 долбоорунун түзүлүштөрү Советтер Союзу ыдыраганча, башкача айтканда дээрлик 40 жыл бою кызмат өтөгөн. Кара деңиз флотунун катарында 1990-жылы 18 субмарина болгон.
613 долбоорунун суу түбүндөгү көп буталуу кайыктары чет жакка да чыгарылган. Атап айтканда Болгария, Куба, Индонезия, Египет, Сирия, КЭДР, Польшанын аскердик-деңиз күчтөрү 40 бирдик алган. Кытайга техникалык документация берилген, Шанхай жана Ханькоу шаарларындагы заводдордо 20дан ашуун субмарина курулган. Албетте, күзөтүүчү кеме 613 долбоорунун негизги сапаттарын мураска алган. Бышык, ынанымдуу жана майнаптуу. Калган жагынан BOSS – 21-кылымдын сапаттуу жаңы, күчтүү байланыш каражаттары, навигация жана гидроакустикалуу жогорку технологиялык табылгасы.
Суу түбүндө күзөтүү бул субмаринага душманга, чек арадан мыйзамсыз өткөндөр же аткезчилерге байкатпай көз салууга жол ачып, капыстан сокку уруп жана коркунучтун мизин кайтарууну камсыз кылат. Тереңдикте душмандын күчтөрүнө карматпай алыстоо жеңил, бороон да коопсуз. Шельфти изилдөөдө суу үстүндөгү кемеге караганда сууга чумкуучу патрулдук кеменин мүмкүнчүлүгү жогору. Мындан тышкары, BOSS субмаринасын айрым өлкөлөрдүн суу түбүндөгү улуттук күчтөрүн өнүктүрүү, тажрыйба топтоо максатында экипажды жана жээк инфраструктурасын даярдоо үчүн арзан окуу "класс" катары да пайдаланууга болот.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы ирет бир күндө коронавирус жуктурган 300 учур 2020-жылдын 14-декабрында катталган.
Ал учурда өлкөдө бир суткада 318 жаңы учур аныкталган болчу. Андан бери төрт ай өтүп, бүгүн коронавирустун 305 жаңы учуру катталды. Октябрь окуяларынан кийин ооругандардын саны тездик менен өсүп, декабрдын ортосунан тарта оору жуктургандардын статистикасы аз-аздан ылдыйлап баштаган.
Өткөн суткада өлкө боюнча алты адам коронавирустан көз жумду. Анын экөө Чүй облусунан болсо, төртөө Бишкектен каза тапкан. Буга чейин мындай көрсөткүч 12-апрелде катталган.Кыргызстанда пандемия башталгандан тарта коронавирус жалпы 91 144 адамдан табылган. Анын ичинен 86 491 киши дартты жеңсе, 1 540 бейтап каза болду.