Депутат: күздөгү шайлоодо партиянын алдыңкы 20 талапкери миллион доллардан берген

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаДепутат Аккулу Бердиев. Архив
Депутат Аккулу Бердиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Жазылуу
Бердиев өзү 2015-жылкы шайлоодо Ош облусунан эң көп добуш алып, бирок партия тизмесинин алдында тургандар 500-1000 добуш менен өтүп кеткенин белгиледи.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Былтыр күздөгү парламенттик шайлоодо партиянын алдыңкы 20 орунун ээлөө үчүн миллион доллардан беришкен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев парламенттин жыйынында билдирди.
Белгилей кетсек, учурда Жогорку Кеңештин депутаттарын преференциалдык система менен, башкача айтканда, партияга жана анын тизмесиндеги талапкерди тандап добуш берүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.
"2015-жылкы шайлоодо Алай жана Чоң-Алай районунан 4000ден ашуун добуш алып биринчи орунга чыккам. Ош облусу боюнча үчүнчү орунду алгам. Бирок мага мандат беш жылдан кийин тийди. Ал эми алдыда тургандар 500-1000 добуш менен эле өтүп кетти. Жыйынтыгы жокко чыккан шайлоодо 20-орунга чейин бир миллион доллар, 35-орунга чейин 500 миң доллар таштагандар болду. Ошон үчүн азыркы сунушталып жаткан жаңы мыйзам долбоору калыстыкка жакын, идеалдуу болуп жатат", — деди депутат.
Аккулу Бердиев "Республика — Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү, 2020-жылы октябрь айында ЖК депутаты мандатын алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0