ЖК депутаты Мирлан Жээнчороев. Архив

Залдан чыгарып салалы! Жээнчороев менен президенттин өкүлү айтыша кетишти

(жаңыланган 19:51 25.03.2021)
Депутат президенттин өкүлү өзүм билемдик кылып жатканын белгилеп, залдан чыгарып салууну сунуштады. Тараптар бир нече мүнөт айтышып турушту.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Парламенттин жыйынында президенттин ЖКдагы өкүлү Анарбек Калматов менен депутат Мирлан Жээнчороев айтыша кетти.

Жогорку Кеңештин депутаттарын преференциалдык система менен шайлоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралып бүткөндөн кийин Калматов сөз алды.

"Жаңы Конституциянын долбоору жактырылса, азыркы мыйзамдар өзгөртүлөт. Кечээ эле президент шайлоо мыйзамдарын өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду. Ага ылайык, эртең шайлоо мыйзамдары боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отуруму болот. Мамлекет башчынын өкүлү катары жекече оюм, президенттин жарлыгын сыйлап, уруксат берсеңиздер ошондон кийин бул мыйзам долбоорун жакшылап талкуулап алып чыксаңыздар жакшы болот эле деген оюмду айтып жатам", — деди Калматов.

Ага демилгечи депутат Алтынбек Сулайманов жооп берип, бул мыйзам долбоору ал жарлыкка таасир этпей турганын айтты.

Анда Калматов "шашылбай, поезддин алдында чуркабай эле карасаңыздар. Президенттин жарлыгын сыйлап коёлу деген эле сөз болуп жатат" деп кайрылды.

Мындан улам Жээнчороев микрофонго чыгып, президенттин өкүлүн жеке оюн айтып, депутаттарга шек келтирбей сүйлөөгө чакырды.

"Сиз өкүл катары президенттин позициясын так айтсаңыз, эгер юрист катары эксперттик оюңуз болсо бул жерде айтууга укугуңуз жок. "Мындай кылбагыла, депутаттар поезддин астында чуркабагыла" деп айтпаңыз. Бүгүн талкууланып бүткөн мыйзам долбоорун "алып койгула, карабагыла" деген мааниде айтып жатасыз. Аныңыз бир аз туура эмес болуп калды. Эксперттик оюңузду бул залдан тышкары айтыңыз", — деди Жээнчороев.

Президенттин өкүлү депутаттын сөзүн акыл үйрөтүү катары кабылдап жооп кайтарды.

"Кечирип коюңуз, сиз мага үйрөтпөңүз, макулбу?! Колумда президенттин жарлыгы турат, ошону гана айтып койдум. Эксперттик кылганым жок. Мен башында кечирим сурадым, ишиңиздерге кийлигише албайм деп да айттым", — деди Калматов.

Андан соң Жээнчороев төрага Талант Мамытовго кайрылып, президенттин өкүлүн залдан чыгарып салууну сунуштады. Аны менен катар өзүм билемдик кылбай, депутаттарды сыйлап иштешин талап кылды.

"Мени чыгарып коё турган сиз эмессиз, оозуңузга карап сүйлөңүз", — деп кекетти Калматов.

Акырында спикер эки тарапты жайгарып, жыйында депутаттар оюн айтып жатканын эскертти.

Белгилер:
шайлоо, айтышуу, Анарбек Калматов, Мирлан Жээнчороев
Тема боюнча
Жээнчороев: президенттердин башын жуткан кошоматчыларды люстрациялаш керек. Видео
Партияны эмес, депутатты тандасын. ЖКда шайлоо мыйзамын өзгөртүү сунушталды
РФ президенти Владимир Путин. Архив

Путин коронавируска каршы вакцинанын экинчи компонентин сайдырды

(жаңыланган 16:33 14.04.2021)
Россия башчысы биринчи вакцинасын 24-мартта алып, өзүн жакшы сезип, дароо ишке чыккан. Администрация президент кайсы препаратты тандаганын так айткан эмес.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путин коронавируска каршы экинчи ирет эмделди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Россиянын башчысы биринчи вакцинасын 23-мартта алган. Анда администрация президент кайсы препаратты тандаганын так айткан эмес, бирок ал Россия чыгарган үч вакцинанын бири экендиги белгилүү болгон.

Россия ушуга чейин "Спутник V", "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак" деп аталган үч вакцина чыгарды.

Белгилер:
вакцина, коронавирус, Россия, Владимир Путин
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстанга жакында 30 миң доза "Спутник V" вакцинасы алып келинет
Россия Түркия менен аба байланышын токтотту. Туристтик сезон эмне болот
Россияда коронавируска каршы дагы бир вакцина иштелип жатат
Саясий серепчи Марат Казакбаев. Архив

УКМК: саясий серепчи Марат Казакпаев мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалды

(жаңыланган 13:03 14.04.2021)
Марат Казакпаев 55 жашта. Ал көбүнесе геосаясат жана жергиликтүү маселелер боюнча ЖМКларга пикирин айтып келет.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мамлекетке чыккынчылык кылган деп шектелип кармалган эки жарандын бири саясий серепчи Марат Казакпаев экенин кабарлады.

Буга чейин УКМК мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен М.К. жана М.Т. аттуу эки кыргызстандык кармалганын билдирген.

Маалымат кызматынан билдиришкендей, кылмыш иши КР Жазык кодексинин 307-беренесине ("Мамлекеттик чыккынчылык кылуу") ылайык кылмыш иши козголгон.

"Аталган кылмыш ишинин чоо-жайы сыр бойдон сакталышы керек деген талаптарга ылайык, иликтөө соңуна чыкмайынча маалымат берилбейт", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Комитеттен эске салышкандай, мыйзамга ылайык, мамлекетке чыккынчылык кылгандардын күнөөсү далилденсе, 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Марат Казакпаев 55 жашта. Буга чейин Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинде сабак берген. КР Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтундагы эл аралык көйгөйлөр бөлүмүндө илимий кызматкер, "Полис Азия" аналитикалык борборунда адис болгон.

Ал көбүнесе геосаясат жана жергиликтүү маселелер боюнча ЖМКларга пикирин айтып келет.

Белгилер:
кылмыш иши, Марат Казакпаев, УКМК
Тема боюнча
УКМК мамлекеттик чыккынчылыкка шектелген эки кыргызстандыкты кармады
Автоунаанын мамлекеттик номерлери. Архив

Кыргызстан жараксыз автоунаа номерлерин темир катары 12 млн. сомго сатты

(жаңыланган 16:30 14.04.2021)
2018-жылдан бери кампаларга салмагы 143 тонналык утилизацияланган автономерлер толуп калган. Аны сатууга аукцион уюштурулду.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 143 миң тонна колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилер темир-тезек катары 11 миллион 920 миң сомго сатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 14-апрелде, колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилерди сатуу боюнча аукцион болуп өттү. Аны Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" ишканасы уюштурган. 1 килограмм алюминийдин баштапкы баасы 65 сом деп бааланган. Соодалашуунун натыйжасында 83 сом 23 тыйындан сатылды.

"Аукциондун жыйынтыгында 143 миң 280 килограмм болгон темир-тезек 11 миллион 920,9 миң сомго сатылды", — деп айтылат маалыматта.

"Унаа" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Бакыт Шералиевдин айтымында, 2018-жылдан бери кампаларга салмагы 143 тонналык утилизацияланган автономерлер толуп калган. Түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.

Белгилер:
алюминий, темир, мамлекеттик номер, аукцион, автоунаа, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандан темир-тезек экспорттоого тыюу салган токтом чыкты
Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн