Ташиев: Кыргызстан менен Өзбекстан мындан ары бири-бирине жер бербейт

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
УКМК жетекчисинин айтымында, мындан ары Кыргызстан менен Өзбекстан бири-бирине жерлерди жөн гана өткөрүп берип койбойт. Кайтарчу жерлердин маселеси эми алмашуу жолу менен гана чечилет.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Мындан ары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда бири-бирине жер берүү маселеси каралбайт. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
"Азыр эл колдонуп жаткан жерлерде бири-бирине өтүп кеткен тилкелер болушу мүмкүн. Бирок мындан ары Кыргызстан менен Өзбекстан бири-бирине жерлерди жөн гана өткөрүп берип койбойт. Кайтарчу жерлер болсо, эми алмашуу жолу менен гана чечилет. Мисалы, алар бизге Аравандан 31 гектер жер берсе, биз аларга кайсы бир жерден дал ошончо беришибиз зарыл", — деди УКМК жетекчиси.
Буга чейин ал кыргыз-өзбек чек арасы 100 пайызга чечилгенин, талаш-тартыш жараткан жерлер калбаганын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0