Саламаттык сактоо министринин эки орун басары дайындалды. Алар кимдер?

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигинин символикасы. Архив
Саламаттык сактоо министрлигинин символикасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2021
Жазылуу
Бектурганов Ысык-Атадагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери болсо, Рахматуллаев Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын башчысы болуп иштеген.
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлыгына Улук-Бек Бектурганов менен Жалалидин Рахматуллаев дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба Министерства здравоохраненияЖалалидин Рахматуллаев
Назначенный  заместителем министра здравоохранения и социального развития Жалалидин Рахматуллаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жалалидин Рахматуллаев
46 жаштагы Бектурганов буга чейин Чүй облусундагы медициналык мекемелерде жетекчилик кызматтарда иштеген. Ошондой эле Ысык-Атадагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери кызматын аркалап турган.
© Фото / пресс-служба Министерства здравоохраненияУлук-Бек Бектурганов
Назначенный  заместителем министра здравоохранения и социального развития Улук-Бек Бектурганов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Улук-Бек Бектурганов
Ал эми 61 жаштагы Рахматуллаев Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын башчысы болчу. Мындан сырткары, аталган шаардын вице-мэри болгон.
Буга чейин министрдин эки орун басары Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев 25-мартта кызматтан алынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0