АКШ долларын кармап турган адам. Архив

Аткаминер парадан баш тартканы үчүн бийликтен "сый акы" алды. Өзбекстандагы окуя

(жаңыланган 22:19 26.03.2021)
Мамлекеттик кызматкерге парник жери боюнча документти мыйзамдаштырып бериш үчүн пара сунуш кылганда, ал тартип коргоо органдарына кабарлаган.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Өзбекстандын райондорунун бириндеги кадастр жана жер маселелери боюнча бөлүмдүн жетекчиси парадан баш тартканы үчүн бийлик аны 10 миллион сум (950 доллар) менен сыйлады. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан кабарлады.

Экономикалык кылмыштар боюнча департаменттин маалымат кызматы аткаминерге курулуш компаниясы 1 000 долларды (10,5 миллион) топографиялык сүрөттү бекитип бериш үчүн сунуштаган. Ал парник үчүн бөлүнгөн жер тилкеси эле. Бул окуядан кийин жетекчи милицияга кайрылган.

Мындай кадамы үчүн аткаминерге акчалай сый акыдан сырткары санаторийге эки адамга жолдомо тапшырылган.

Белгилер:
сый акы, аткаминер, пара, Өзбекстан
Тема боюнча
ЖК депутатынын пара менен кармалган бир тууганы айып пул төлөп эркиндикке чыкты
Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын кеңешмесин өткөрдү

Билбей туруп мени сындап жатышат. Ташиев чек ара маселеси боюнча

(жаңыланган 18:19 10.04.2021)
УКМК төрагасы кабыл алынган протоколдон шек жаралбашы үчүн бийлик органдары элге түшүндүрүү иштерин күчөтүшү керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын кеңешмесин өткөрдү.

Анда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча 25-мартта Ташкентте кол коюлган протокол талкууга алынды.

  • Заседание правительственной комиссии по приграничным вопросам в Бишкеке
    Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын кеңешмесин өткөрдү.
    © Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
  • Глава правительственной делегации Кыргызской Республики по делимитации и демаркации государственной границы -  председатель ГКНБ КР Камчыбек Ташиев провел заседание правительственной комиссии по приграничным вопросам.
    Анда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча 25-мартта Ташкентте кол коюлган протокол талкууга алынды.
    © Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
1 / 2
© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын кеңешмесин өткөрдү.
"Бардык чечимдер мамлекеттин, чектеш аймактарда жашаган жарандардын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынууда жана мындан ары да ушундай болот. Протоколдун ар бир пункту талашка түшүп, көптөгөн күч-аракет жумшап жерибиздин ар бир метрин жактадык. Учурда эл арасында толук маалыматка ээ болбостон, талдоого албастан мени сынга алгандар болууда. Мен өкмөттүк делегациянын башчысы катары чоң жоопкерчиликти алдым. Убакыт бардыгын өз ордуна коюп, бул тарыхый чечим болгондугун айтышат", — деди Ташиев.

Ошондой эле ал кабыл алынган протоколдон шек жаралбашы үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары элге түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылчылыгын белгилеген.

Аны менен катар мамлекеттик чек аранын долбоордук линиясын белгилөө боюнча талаа иштерин тездетүүгө тапшырма берген. 

Белгилер:
түшүндүрүү иштери, кыргыз-өзбек чек арасы, чек ара, УКМК, Камчыбек Ташиев
Тема боюнча
Сууну Өзбекстан башкарып калбайбы? Өкмөттүн жооптуу өкүлү менен видео маек
Ташиев элге чек ара маселеси боюнча келишимди түшүндүрөт. Жолугушуу графиги
Офисте отурган аял. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда 5 300 аял айылдык кеңештин депутаттыгына аттанды

(жаңыланган 13:22 10.04.2021)
Өлкө боюнча 420 айылдык кеңешке 7 560 депутат шайланышы керек, анын ичинен аялдар үчүн 2 900 квота бөлүнгөн.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстанда айылдык кеңештин депутаты болууга 5300 аял талапкерлигин койду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча 420 айылдык кеңешке 7 560 депутат шайланышы керек, анын ичинен аялдар үчүн 2 900 квота бөлүнгөн.

"Шаардык кеңешке пропорционалдык система менен шайлоо (партиялык тизме) болгондуктан аялдар үчүн 30 пайыздык квота каралган. Ал эми айылдык кеңештин депутаттары өзүн-өзү көрсөтүү менен мажоритардык системада шайланат. Буга чейин аял депутаттардын саны тогуз пайызды гана түзгөн. Мындан улам айылдарда дагы 30 пайыздык квота киргизилген. Учурда аялдар үчүн бөлүнгөн 2 900 мандатка 5 300 талапкер ат салышууда", — деди Шайлдабеков.

Айылдык кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлердин жалпы саны 18 772ге жетет.

Мындан сырткары, 28 шаардык кеңештин шайлоосуна 59 партия катышууда. Жарышка чыккан саясий уюмдардын эң көбү Бишкекте — 25, эң азы Көк-Жаңгак шаарында — 3.

Белгилер:
депутат, Кыргызстан, аял, жергиликтүү кеңеш
Тема:
Жергиликтүү кеңештерди шайлоо
Тема боюнча
Бүгүн Кыргызстанда шайлоо алдындагы "жымжырттык күнү". Эрежеси
Партияны эмес, депутатты тандасын. ЖКда шайлоо мыйзамын өзгөртүү сунушталды
Өспүрүм кыз. Архивдик сүрөт

Бишкекте 14 жаштагы дагы бир өспүрүм кыз жоголду. Сүрөт

(жаңыланган 21:01 10.04.2021)
Кыздын энесинин айтымында, өспүрүм үч күн мурда Новосельский көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкекте 14 жаштагы Феруза Сыдыкова жоголуп кетти. Бул тууралуу Свердлов райондук ИИБден билдиришти.

Кечээ күнү милицияга кыздын энеси кайрылган. Ал 7-апрель күнү түшкү саат 14:30да кызы Новосельский көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин билдирген. 

В Бишкеке пропала 14-летняя Феруза Сыдыкова
© Фото / Пресс-служба УВД Свердловского района Бишкека
Бишкекте 14 жаштагы Феруза Сыдыкова жоголуп кетти

Өзгөчө белгилери: бою 160 сантиметр, дене түзүлүшү орточо, чачы узун. Үстүнө кара көйнөк, кара куртка жана кара бут кийим кийип жүргөн. Курсагынын оң жагында аппендицитти алгандан кийинки тырыгы бар (болжол менен 7 сантиметр).

Ферузанын жүргөн жерин билгендер болсо (0553) 10-23-87, (0557) 11-94-10, (0702) 49-88-88, (0709) 33-24-63 жана 102 номерине кабарлай алышат.

Борбор калаада 14 жаштагы Айбийке дагы дайынсыз болууда.

Белгилер:
милиция, өспүрүм, Бишкек
Тема боюнча
"Апаңды да өлтүрүп кетем" деп коркутуп жүрүптүр. Айзаданын жакындарынын видеомаеги