Текебаев мандатынан ажырап, депутаттык укук башкага берилди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСаясатчы Өмүрбек Текебаев. Архив
Саясатчы Өмүрбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
Жазылуу
Жогорку сот БШКнын Текебаевге депутаттык мандатын кайтаруу тууралуу токтомун жараксыз деп тапкандыктан, депутаттык мандат "Ата Мекен" партиясында тизме боюнча кийинки турган Шералы Абдылдаевге берилет.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Саясатчы Өмүрбек Текебаев мандатынан ажыратылып, анын ордуна парламентке Шералы Абдылдаев келмей болду.
Жыйын учурунда БШК өкүлүнүн айтканына караганда, Жогорку сот БШКнын Текебаевге депутаттык мандатын кайтаруу тууралуу токтомун жараксыз деп тапкандыктан, депутаттык мандат "Ата Мекен" партиясында тизме боюнча кийинки турган, Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси Шералы Абдылдаевге берилет.
БШК Жогорку соттун катына шилтеме берип билдиргенине караганда, Абдылдаев соттолгон эмес.
Депутат Аккулу Бердиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Депутат: күздөгү шайлоодо партиянын алдыңкы 20 талапкери миллион доллардан берген
Эске салсак, 2017-жылы УКМК Мамлекеттик мүлк фондунун экс-төрагасы Шералы Абдылдаевге айып тагылып, ал издөөгө жарыяланган. Абдылдаев "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана башка адамдарга карата козголгон кылмыш ишинин фигуранттарынын бири болгону айтылган. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Абдылдаевге баш коргоо чарасы катары камакка алуу чечими чыккан.
БШКдан билдиришкендей, анын иши 2017-жылы өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ал эми 2020-жылдын 12-октябрында шектүү оор илдетке чалдыкканына байланыштуу кылмыш иши токтотулган.
Шайлоо комиссиясынын төрайымынын биринчи орун басары Абдыжапар Бекматов анын соттолгондугу жок болгон соң, мандатты бербей коюуга эч кандай негиз жок экенин айтты. Жыйынтыгында БШК мүчөлөрү ага мандат берүү токтомун колдошту.
Жаңылыктар түрмөгү
0