Жоокер дүрбү менен карап жатат. Архив

Коргоо министрлигинде жаңы дайындоолор болду. Тизме

(жаңыланган 23:20 29.03.2021)
Президенттин буйругу менен Коргоо министрлигинде жетекчилик кызматтарга жаңы башчы жана орун басарлар дайындалды.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Коргоо министрлигинде президент Садыр Жапаровдун буйруктары менен бир нече дайындоолор болду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Дайындоолор:

  • Нурлан Кирешеев — коргоо министринин биринчи орун басары. Буга чейин ал КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчисинин биринчи орун басары болгон (аскердик реформага чейин);
  • Алмазбек Карасартов — коргоо министринин орун басары;
  • Эрлис Тердикбаев — КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчиси, буга чейин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси;
  • Руслан Мукамбетов — Коргоо министрлигинин түштүк-батыш ыкчам командачылыгынын кол башчысы;

Мындан сырткары, президенттин кол койгон буйругуна ылайык, Нурлан Чомоев КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулду.

Белгилер:
Коргоо министрлиги, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Ташиев: Өзбекстан менен талаштуу тилке болбойт. Жапаров УКМК төрагасын кабыл алды
Ленин районунун акими Чыныбаев кызматтан кетип, ордуна Өскөмбаев келди
Саламаттык сактоо министринин эки орун басары дайындалды. Алар кимдер?
Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалган Алмазбек Акматов. Архив

Алмазбек Акматов өлкөнүн Эсептөө палатасына төрага болду

(жаңыланган 18:36 16.04.2021)
Акматов февраль айында эле аудитор болуп шайланган болчу. Ал Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактык бөлүмдөрүн жетектеген.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Акматов февраль айында эле аудитор болуп шайланган болчу. Ал Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактык бөлүмдөрүн жетектегени маалым.

Буга чейинки жетекчи Улукбек Марипов февраль айында премьер-министр кызматына дайындалган. Жаңы башчы дайындалганга чейин бул милдетти аудитор Айжан Садыркулова аткарып келди.

Алмазбек Акматов бул кызмат орунга Конституциянын 64-беренесинин 5-бөлүгүнүн 4-пунктунун жана "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" мыйзамынын 16-беренесинин негизинде дайындалды.

Белгилер:
Алмазбек Акматов, дайындоо, жетекчи
Тема боюнча
Салык кызматына жаңы жетекчи дайындалды
Кыргызстандын АКШдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган Бактыбек Аманбаев. Архив

Бактыбек Аманбаев АКШга элчи болуп дайындалды

(жаңыланган 17:57 16.04.2021)
Аманбаев 2013-2015-жылдары Кыргызстандын омбудсмени болгон. Былтыркы октябрь окуяларынан кийин өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп дайындалып, ушул жылдын февраль айына чейин иштеген.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын АКШдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул кызматты 2019-жылдан бери Болот Отунбаев аркалап келген. Аны менен катар Отунбаев Кыргызстандын Канададагы элчиси болуп эмгектенген.

Аманбаев 2013-2015-жылдары Кыргызстандын омбудсмени болгон. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясынын тизмесинде катышкан. Октябрь окуяларынан кийин өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп дайындалып, ушул жылдын февраль айына чейин иштеген.

Белгилер:
жарлык, элчи, Бактыбек Аманбаев, АКШ, Кыргызстан
Тема боюнча
Салык кызматына жаңы жетекчи дайындалды
Митингтеги болгон медицина кызматкерлер биринчи вице-премьер Артем Новиков менен

Митингге чыккан медиктер менен бийлик кандай келишимге келди

(жаңыланган 22:56 16.04.2021)
Новиковдун айтымында, медицина кызматкерлеринин базалык эмгек акыларын төлөөдө бийлик мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө таянат.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте өткөн митингге байланыштуу эртең Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинде кеңейтилген жолугушуу болот. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

  • Медицинские работники, вышедшие на митинг к белому дому на встрече с вице-премьер-министром КР. 16 апреля 2021 года
    Бүгүн ондогон медицина кызматкерлери Ак үйдүн жана өкмөт үйүнүн жанында акция өткөрүштү. Алар буга чейин кенемте төлөө жана маянаны жогорулатуу боюнча бийликтин убадаларынын аткарылышын талап кылышты
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Первый вице-премьер-министр КР Артем Новиков встретился с медицинскими работниками, вышедшими на митинг к белому дому. 16 апреля 2021 года
    Митингчилерди биринчи вице-премьер Артем Новиков кабыл алды. Ал медиктерге компенсация төлөө боюнча маселенин үстүндө атайын комиссия иштеп жатканын белгиледи
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 2
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Бүгүн ондогон медицина кызматкерлери Ак үйдүн жана өкмөт үйүнүн жанында акция өткөрүштү. Алар буга чейин кенемте төлөө жана маянаны жогорулатуу боюнча бийликтин убадаларынын аткарылышын талап кылышты

Бүгүн ондогон медицина кызматкерлери Ак үйдүн жана өкмөт үйүнүн жанында акция өткөрүштү. Алар буга чейин кенемте төлөө жана маянаны жогорулатуу боюнча бийликтин убадаларынын аткарылышын талап кылышты. Митингчилерди биринчи вице-премьер Артем Новиков кабыл алды.

Ал медиктерге компенсация төлөө боюнча маселенин үстүндө атайын комиссия иштеп жатканын белгиледи.

"Эртең Саламаттык сактоо министрлигинде биз медицина кызматкерлеринин, министрликтердин өкүлдөрүнүн, кенемтелерди төлөө боюнча комиссия мүчөлөрүнүн жолугушуусун өткөрөбүз. Анда көйгөйлүү маселелердин баары кылдат изилденет. Биз өз кезегинде компенсацияларды төлөө боюнча маселенин мүмкүн болушунча тезирээк чечилиши үчүн болгон аракеттерди көрөбүз. Экономика жана финансы министрлиги медициналык кызматкерлердин базалык эмгек акысын жогорулатуу маселелери боюнча тийиштүү эсептөөлөрдү жүргүзөт. Биз мамлекеттин реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө таянабыз", — деген Новиков.

Медиктер пандемияда кызматтык милдетин аткарууда коронавирус илдетин жуктуруп алгандарга компенсация төлөө, эмгек акынын аздыгы, коргоо жана коопсуздук кепилдигине байланышкан көйгөйлөрдү ортого салышты.

Белгилер:
Кыргызстан, Бишкек, Артем Новиков, медик, митинг
Тема боюнча
Кыргызстандын аэропортторуна чектөөлөр киргизилүүдө
Милиция таяк жеп жатат, Бишкекке дагы 4 РИИБ ачалы. Рысалиевдин сунушу видеодо
Жапаров бир катар медиктердин айлыгын көтөрдү