Кыргызстан менен Кытай коопсуздук боюнча кызматташтыкты талкуулашты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВидеоконференцсвязь секретаря СБ Рыскелди Мусаева с Специальным представителем МИД по вопросам внешней безопасности КНР Чэн Гопином
Видеоконференцсвязь секретаря СБ Рыскелди Мусаева с Специальным представителем МИД по вопросам внешней безопасности КНР Чэн Гопином - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.03.2021
Жазылуу
Жолугушууда тараптар стратегиялык өнөктөштүктүн кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин айтышкан.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчылыгында Кыргызстан менен Кытайдын коопсуздук жаатындагы кызматташтыгы талкууланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин тышкы коопсуздук боюнча атайын өкүлү Чэн Гопин менен видео-конференция форматында сүйлөшкөн.
Иш-чарага Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь да катышты.
"Ведомстволук органдар аралык кылмыштуулукка, террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөшүү, региондо коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери талкууланды", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле "Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы коопсуздук маселелери боюнча диалог" механизминин алкагында социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча пикир алмашуу болгон.
Эки жак ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.
Жаңылыктар түрмөгү
0