Садыр Жапаров дагы бир жетекчиге генерал наамын берди

© Sputnik / Табылды КадырбековКуралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын жетекчиси Эрлис Тердикбаев. Архив
Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын жетекчиси Эрлис Тердикбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Жазылуу
Садыр Жапаров ушуну менен президент болуп шайланган үч ай ичинде беш адамга генерал-майор, бир адамга генерал-лейтенант наамын ыйгарды.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын жетекчиси Эрлис Тердикбаевге генерал-майор жогорку аскердик наамы берилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Эрлис Тердикбаев Генералдык штабдын башчысы болуп 29-майда дайындалган. Бул күнү Коргоо министрлигинде бир нече дайындоолор болгон.
Атамбаев Куралдуу күчтөргө: өлкө эч кимдин алдында тизелебейт, анткени сиздер барсыздар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2021
Кыргызстанда канча адам генерал наамын алган. Тизме
Тердикбаев ага чейин КР Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы кызматын аркалап келген.
Кыргызстанда 2014-жылы аскердик тармактын башкы командалык органы Генералдык штаб деп түзүлгөн. Ушул жылдын 1-февралындагы президенттин жарлыгы менен кайрадан Коргоо министрлиги түзүлүп, Генералдык штаб министрликтин курамында калган.
Ушуну менен Садыр Жапаров президент болуп шайланган үч ай ичинде беш адамга генерал-майор, бир адамга генерал-лейтенант наамын берди.
Жаңылыктар түрмөгү
0