Фамилиясын өзгөрткөн Султанбеков акыйкатчынын орун басарлыгына өтпөй калды

© Sputnik / Евгений БиятовНаграждение победителей юбилейного конкурса "Учитель года России-2014"
Награждение победителей юбилейного конкурса Учитель года России-2014 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Жазылуу
Жыйында Жанар Акаев талапкер мурда жакын санаалашы болгон депутаттарга кредит берип, алар кайтарбай, бул чуу азыркыга чейин токтой электигин белгиледи.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Акыйкатчынын орун басары кызматына сунушталган Анвар Султанбеков парламенттин кароосунан өтпөй калды.
Талапкерди депутаттарга бүгүн акыйкатчы Токон Мамытов тааныштырды.
Ал 2010-2019-жылдары Тышкы иштер министрлигинин Кадрдык иштер департаментинде, Саясий департаментинде, Өзбекстандагы элчиликте иштеген. Соңку убакта ТИМдин Акыйкатчы аппаратында эмгектенип жүргөн.
Жыйында эл өкүлү Дастан Бекешев талапкер фамилиясын эмне себептен өзгөрткөнүнө кызыкты.
"Ооба, фамилиямды өзгөрткөм. Мурда Төлөгөнов болчу, кийин атамдын ысымы өчпөсүн деп анын атына "Султанбеков" деп алмаштырдым. 2002-2008-жылдары өлкөнүн ар кандай банктарында иштегем", — деди Султанбеков.
Ал эми Жанар Акаев анын буга чейин адам укугун коргоо жаатында иштебегенине нааразы болду. Ошондой эле фамилиясын банкта иштеп жүргөндө ири суммада кредит берүүдөн маселе жаралгандыктан өзгөрткөнүн белгиледи.
"Сиз азыр ушул парламентте отурган депутаттардын кимисине ири суммада кредит берүүгө катышкансыз? Бирок кийин ал төлөнбөй калган. "Азия Универсал" банкындагы иш жөнүндө айтып жатам", — деп сурады Акаев.
Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Парламент Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматтан четтетти
Султанбеков банк тармагынан кеткенине көп жыл болгонун айтып, ал тууралуу эсинде жок экенин билдирди.
Андан соң депутат жакын санаалашы болгон саясатчыларга кредит бергени боюнча чуу азыркыга чейин токтой электигин белгилеп, анын талапкерлигин жактырбоого чакырды.
Натыйжада Султанбековдун акыйкатчынын орун басары болушуна 45 эл өкүлү макул, 25и каршы добуш берип өтпөй калды. Эскерте кетсек, мында 60тан көп депутаттын макулдугу зарыл.
Бир нече мүнөттөн кийин вице-спикер Аида Касымалиеванын сунушу менен кайрадан добушка коюлду. Бирок анда дагы колдоо тапкан жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0