Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сироджиддин Мухриддин Москва шаарында жолугушуу учурунда

Казакбаев Тажикстанда КР жарандарын күтүүсүз текшерүү көбөйгөнүнө тынчсызданды

(жаңыланган 11:13 02.04.2021)
ТИМ коңшу мамлекетте мекендештердин документтерин текшерүүнүн натыйжасында тажик жарандыгын калыбына келтирүү же өлкөдөн чыгып кетүү талаптары коюлуп жатканын айтты.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. ТИМ башчысы Руслан Казакбаев Тажикстандын Лахш (мурунку Жерге-Тал району) аймагында убактылуу же туруктуу жашаган кыргызстандыктардын документтерин күтүүсүз текшерүүлөр боюнча келип түшкөн маалыматтарга тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады.

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сироджиддин Мухриддин Москва шаарында КМШнын тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынында жолуккан.

Памирлик кыргыздар. Архив
© Фото / пресс-служба Государственной службы миграции
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жолугушууларын улантуунун зарылдыгына басым жасалган. Делегациялардын кийинки сүйлөшүүлөрүн жакында Кыргызстанда өткөрүү пландаштырылууда.

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны мыйзамдуу каттоонун аякташы бардык чөйрөдө оң таасирин тийгизет пикирде.

Министр Казакбаев Тажикстандын укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүүчү Лахш (мурунку Жерге-Тал району) аймагында убактылуу же туруктуу жашаган Кыргызстандын жарандарынын документтерин күтүүсүздөн текшерүүлөр боюнча келип түшкөн маалыматтарга тынчсыздануусун билдирген.

"Бул текшерүүлөрдүн натыйжасында кыргызстандыктарга тажик жарандыгын калыбына келтирүү же өлкөдөн чыгып кетүү талаптары коюлууда. Кыргыз тарап мекендештердин укуктук статусун бузуудан алыс болуп, бул ишти мындан ары Тажикстандын эмгек жана миграция мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүүнү өтүндү", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле эки мамлекеттин тышкы иштер министрлери кыргыз-тажик соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелерин талкуулашкан. Аны менен катар эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги 17-отурумун жакын арада өткөрүүгө макулдашышты.

Белгилер:
билдирүү, мекендештер, Руслан Казакбаев, ТИМ, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
ЖМК: Эмомали Рахмон кийинки жумада Ворух анклавына барат
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов. Архив

Матраимовдун кылмыш иши кыскартылып, эркиндикке чыкты

(жаңыланган 11:03 15.04.2021)
Матраимов өз ыктыяры менен базар баасы 20 миллион сомдон жогору жалпы аянты 232,3 чарчы метр батирин мамлекеттин бюжетине өткөрүп берди.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

УКМК мурда билдиргендей, 2021-жылдын 18-февралында Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, камакка алуу баш коргоо чарасы каралган.

Эми кылмыш иши токтотулуп, баш коргоо чарасы жокко чыгарылганы айтылды.

Ошол эле учурда Матраимов өз ыктыяры менен базар баасы 20 миллион сомдон жогору жалпы аянты 232,3 чарчы метр батирин мамлекеттин бюжетине өткөрүп берди.

Белгилер:
кылмыш, эркиндик, Райымбек Матраимов
Тема:
Райым Матраимовдун кармалышы
Тема боюнча
Абактагы Райым Матраимов кан басымы көтөрүлүп жатканын айтты
Камчы Көлбаев атайын эсепке 50 млн. сом которуп, дагы 200 млн. мойнуна илинди
Суу астында сүзүүчү кемени сууга түшүрүү аземи. Архивдик сүрөт

Россияда байкатпай күзөтүүчү субмарина иштелип чыкты

(жаңыланган 10:34 15.04.2021)
Россиялык кеме куруу тармагынын илимий жана технологиялык деңгээли конструктордук чечимдерди адаттан тыш ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Суу үстүндөгү кеме жана субмаринанын функциялары топтоштурулган "Страж" көп өлкөнүн адистерин айран-таң калтырат. Бул саамалык BOSS (Border and Offshore Submersible Sentry) деген аталышта экспорттолмокчу. РФтин Деңиз техникасынын "Рубин" борбордук конструктордук бюросу суу үстүндөгү кеме жана субмаринанын артыкчылыктары айкалыштырылган сууга чумкуучу "Страж" күзөтүү кемесинин долбоорун тааныштырды.

Баасы арзан, көлөмү чакан, алдыңкы техникалык мүнөздөмөлөрү, ынанымдуулугу жогору, бортуна ракеталык-торпедалык куралдын кеңири түрүн жайгаштыра билүү мүмкүнчүлүгү BOSS субмаринасы коргонуу бюджети чакан көп өлкөлөрдүн кызыгуусун жаратпай койбойт. Аталган кеменин артыкчылыктарына аскерий баяндамчы Александр Хроленко кененирээк токтолду.

"Рубин" конструктордук бюросу — субмариналарды долбоорлоодо дүйнөлүк лидерлердин бири, Россияда суу түбүндөгү кеме жана ар кыл класстагы аппараттарды (анын ичинде жарандык техника) чыгарууда 120 жылдык тарыхы бар алдыңкы конструктордук бюро.

BOSS сыртынан конструктивдик жактан ийгиликтүү, дүйнөдөгү массалык жана эң көп сатылган 613 долбоорунун дизелдик-электрдик субмариналардын бирин элестетет. Бул да "Рубин" конструктордук бюросунун өндүрүмү. Сууга чумкуучу кеменин да техникалык мүнөздөмөлөрү бирдей: комплектациясына жараша узундугу – 60-70 метр, сыйымдуулугу 1000 тоннанын тегерегинде, экипаж 42 кишиден турат.

Тескелүүчү ракеталар, торпедалар, учкучсуз аппараттар, артиллериялык түзүлүштөр жана кароочу топтор үчүн ыкчам сүзүүчү каражаттар менен жабдууга болот. Курал тутумун, жабдык жана шаймандарды тандоодо "Рубин" КБ адистери текшерүүдөн өткөн заманбап субмариналар, суудагы кеме жана учкучтардын сериялык үлгүлөрүнө таянган.

Жаңы күзөтүүчүнүн суу түбүндө жана суудагы буталары жогорку технологиялык душмандын аскердик кеме жана жээктеги объектилери, ошондой эле азыраак жабдылган пираттар, контрабандисттер, браконьерлер болушу мүмкүн. Кеме чалгындоочу жана илим-изилдөөчү катары да пайдаланылышы ыктымал.

НАТОнун баш оорусу

Жаңы кеменин мүмкүнчүлүктөрүн жана функцияларын түшүнүү үчүн 613 долбооруна (НАТОнун бөлүштүрүүсү боюнча – Whiskey) кайталы. Үч сызыктуу винтовкасы жөнөкөй жана ынанымдуу субмаринанын сыйымдуулугу – 1347 тонна, узундугу – 76 метр, туурасы – 6,6 метр. 200 метрге чейинки тереңдикте 18,5 узелге дейре ылдамдыкта сүзө алат. Суу үстүндө 8500 миль (15 миң чакырымдан ашуун) аралыкты багындыра алат.

Негизги куралы – 533 мм калибрдеги алты торпедалык аппарат (төртөө алдыңкы, экөө арткы бөлүгүндө), ошону менен бирге эле алар өзөктүк ок бөлүктөрү (ок-дары комплекти 12 торпеда же 22 мина) жабдылышы мүмкүн. Автономдуулугу – 30 сутка. Экипаж 52 кишиден турат.

613 долбоору торпедалык аппарат катары иштелип чыккан, ошентсе да ракеталык куралдуу алты модификациялык субмарина куралган. Кеменин рубкасынын (өзүнчө бөлмө) тосмосунун тышындагы эки бышык контейнерде 300 чакырымдын тегерегиндеги аралыкты багынтуучу П-5 канаттуу ракетасы (суу түбүндөгү абалда жээктеги буталарга ок ачуу үчүн) жайгашкан. 613 долбоорунун сериялык курулушунда үзгүлтүксүз-секциялык ыкма, автоматтык ширетүү, ширетилип бекитилген жерлерине рентгенографиялык көзөмөл кеңири пайдаланылган. Советтик флот беш күндө бирден жаңы субмарина алып турган. Жети жыл ичинде (1950 – 1957) орточо сыйымдуулуктагы суу түбүндөгү 215 дизель-электрдик кайык чыгарылган. Алар торпедалык соккуну бирдей таамай уруп, душман жайгашкан райондорду чалгындап, мина коюп, оперативдик жана позициялык кызмат өтөй алат.

Долбоордун бышыктыгын мындан билиңиз, 613 долбоорунун түзүлүштөрү Советтер Союзу ыдыраганча, башкача айтканда дээрлик 40 жыл бою кызмат өтөгөн. Кара деңиз флотунун катарында 1990-жылы 18 субмарина болгон.

613 долбоорунун суу түбүндөгү көп буталуу кайыктары чет жакка да чыгарылган. Атап айтканда Болгария, Куба, Индонезия, Египет, Сирия, КЭДР, Польшанын аскердик-деңиз күчтөрү 40 бирдик алган. Кытайга техникалык документация берилген, Шанхай жана Ханькоу шаарларындагы заводдордо 20дан ашуун субмарина курулган. Албетте, күзөтүүчү кеме 613 долбоорунун негизги сапаттарын мураска алган. Бышык, ынанымдуу жана майнаптуу. Калган жагынан BOSS – 21-кылымдын сапаттуу жаңы, күчтүү байланыш каражаттары, навигация жана гидроакустикалуу жогорку технологиялык табылгасы.

Дарамети

Деңиздеги классикалык аскердик күзөт — белгиленген райондо бул суу үстүндөгү кеме жана суу түбүндөгү кайыктардын узак машыгуусу, душмандын кемелери, жердеги объектилерге сокку уруу жана аскердик позицияга чыгууга дайым даярдыкта болуу. "Желекти көрсөтүү" деген дипломатиялык түшүнүк бар, учурдагы көрүнүштөр аны өзгөртпөйт, өз жээгинен ыраак күзөтүүчү кеме ар убак ракеталык, артиллериялык же торпедалык соккуга даярдыкта аскердик милдетин аткарат. Дал ошондуктан РФ Кара деңиз, Беринг же Япон деңиздеринин өз тарабындагы жээктеринде америкалык эсминецтердин жакындашына катуу чара көрөт. Буга чейин россиялык Аскердик-деңиз флотунда кароолдук кемелер, НАТОнун аскердик-деңиз күчтөрүндө – эскорттук эсминецтер, фрегаттар, корвет жана жээктеги аймактын кемелери акваторийди күзөтүшөт. Суудагы кадимки кемелер менен чумкуучу BOSS субмаринасын салыштыруу кыйын. Жаңы кемени пайдалануу өзгөчөлүктөрү "Рубин" конструктордук бюросу гибриддик субмаринаны чыгарганын белгилөөгө жол берет.

Суу түбүндө күзөтүү бул субмаринага душманга, чек арадан мыйзамсыз өткөндөр же аткезчилерге байкатпай көз салууга жол ачып, капыстан сокку уруп жана коркунучтун мизин кайтарууну камсыз кылат. Тереңдикте душмандын күчтөрүнө карматпай алыстоо жеңил, бороон да коопсуз. Шельфти изилдөөдө суу үстүндөгү кемеге караганда сууга чумкуучу патрулдук кеменин мүмкүнчүлүгү жогору. Мындан тышкары, BOSS субмаринасын айрым өлкөлөрдүн суу түбүндөгү улуттук күчтөрүн өнүктүрүү, тажрыйба топтоо максатында экипажды жана жээк инфраструктурасын даярдоо үчүн арзан окуу "класс" катары да пайдаланууга болот.

Белгилер:
Аскер, күзөтчү, деңиз, кеме, субмарина, Россия
Тема боюнча
"Циркон" Россиянын жээктеринен батыш кемелерин "кубалады"
Медициналык кызматкер иш учурунда. Архив

Коронавирус күч алды. Акыркы жолу өлкөдө 300 учур качан катталды эле

(жаңыланган 11:11 15.04.2021)
Өткөн суткада коронавирус 300дөн ашык адамдан аныкталды. Акыркы төрт айдан бери өлкөдө коронавирусту мынча көп жуктургандар каттала элек болчу.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы ирет бир күндө коронавирус жуктурган 300 учур 2020-жылдын 14-декабрында катталган.

Ал учурда өлкөдө бир суткада 318 жаңы учур аныкталган болчу. Андан бери төрт ай өтүп, бүгүн коронавирустун 305 жаңы учуру катталды. Октябрь окуяларынан кийин ооругандардын саны тездик менен өсүп, декабрдын ортосунан тарта оору жуктургандардын статистикасы аз-аздан ылдыйлап баштаган.

Өткөн суткада өлкө боюнча алты адам коронавирустан көз жумду. Анын экөө Чүй облусунан болсо, төртөө Бишкектен каза тапкан. Буга чейин мындай көрсөткүч 12-апрелде катталган.

Кыргызстанда пандемия башталгандан тарта коронавирус жалпы 91 144 адамдан табылган. Анын ичинен 86 491 киши дартты жеңсе, 1 540 бейтап каза болду.

Белгилер:
өлүм, оору, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкекте канча окуучу жана мугалимден коронавирус аныкталганы айтылды
Адис ашказан коронавирусу пайда болгонун айтып, белгилерин санап берди