"Манас" аэропорту тышкы башкарууга берилеби? Компаниянын жообу

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев"Манас" эл аралык аэропорту. Архив
Манас эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Жазылуу
Аэропорттун маалымат кызматынан билдиришкендей, "Манас" ААКсы инфраструктуранын ишин жакшыртуу үчүн инвестиция тартуу боюнча активдүү иш алып барып жатат.
БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы аэропортту чет элдик компаниялардын башкаруусуна өткөрүп берүү ниети бар делген маалыматты расмий түрдө четке какты.
"Аба майдандын жетекчилиги инвестициялык же дагы башка долбоорлордун алкагында мындай сценарийди караган жок, карабайт дагы", — дешти компаниядан.
Аэропорттун маалымат кызматынан билдиришкендей, "Манас" ААКсы инфраструктуранын ишин жакшыртуу үчүн инвестиция тартуу, кирешени көбөйтүү, түз жана кыйыр киреше боюнча жаңы багыттарды иштеп чыгуу аракетин көрүп жатат.
Учурда кытай, түрк жана ички инвесторлор менен сүйлөшүү жүргөнү айтылды. Татарстандын "Ядран" финансылык компаниясынын жетекчилиги менен дагы жолугушуулар болгон.
Ош эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Башкы прокуратура: "Ош" аэропортун реконструкциялоодо мыйзам бузулган
"Манас" аэропортунун башкы директору Бакыт Шаршеев компаниянын инвестицияны талап кылган багыттары, "Манас" менен "Ош" аэропортторуна жаңы учуп-конуу тилкелерин куруп, эскилерин оңдош керектигин айтты. Сүйлөшүүлөр таанышуу иретинде жүрдү. "Манас" аба майданын тышкы башкарууга өткөрүп берүү маселеси жетекчилик тарабынан каралган жок", — дешти компаниядан.
Татарстандагы компаниянын өкүлдөрү Кыргызстанга рынокту изилдөөгө, кызыктыра турган инвестициялык долбоорлорду кароо үчүн келишкени белгиленди. Ошондой эле инвесторлор аэропорттун инфраструктурасынан сырткары мобилдик байланыш жана энергетика тармагында кызматташуу маселесин карап жатышканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0