Казакстан Кыргызстанга аскердик техниканы бекер бермекчи. Жардамдын тизмеси

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүОктор. Архив
Октор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Мыйзам долбоорунда өзүнчө пункт менен кыргыз тарап макулдашуунун алкагында алган жардамды үчүнчү жактарга бере албай турганы белгиленген.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Казакстандын Коргоо министрлиги Кыргызстанга колдонулбай турган аскердик мүлкүн бекер берүүнү карап жаткандыгын Sputnik Казакстан жазды.
"Казакстандын Кыргызстанга аскердик-техникалык жактан акысыз көрсөтө турган жардамы боюнча өкмөттөр аралык макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору талкуулоо үчүн Ачык ченемдик-укуктук актылар порталына жайгаштырылган", — деп кабарлады Sputnik Казакстан.
Мыйзам долбоорун иштеп чыгуу чечими Кыргызстан президенти Садыр Жапаровдун 2-3-мартта Казакстанга, анын ичинен Нур-Султанга болгон мамлекеттик сапарынан кийин кабыл алынганы айтылган.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевдин жолугушу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Жапаров менен Токаев талкуулаган маселелер. Жолугушуунун сүрөттөрү
"Документке ылайык, Казакстандын Коргоо министрлиги колдонулбаган аскердик мүлкүн кыргызстандык кесиптештерине бекер берүүгө даяр. Анын максаты — эки элдин достук маанайдагы мамилеси менен аскердик кызматташуусун андан ары өнүктүрүү, мындан сырткары, Борбор Азия аймагындагы коопсуздукту бекемдөө", — деп жазылган маалыматта.
Мыйзам долбоорунда өзүнчө пункт менен кыргыз тарап макулдашуунун алкагында алган бул жардамды үчүнчү жактарга бере албай турганы белгиленген.
Талкууга коюлган документте бериле турган аскердик техникалардын төмөнкү тизмеси да жайгаштырылган:
  • 5,45 калибрлүү алты миллиондон ашык ок;
  • жогорку-жарылуучу башы бар 122 миллиметрлик реактивдүү снаряд – миң даана;
  • кызгылт сары түстөгү жер үстү менен белги бере турган патрон – эки миң даана;
  • сары түс менен белги бере турган патрон – миң даана;
  • үндү кармап, кабылдай урган "Восток-СП" техникасы – төрт даана;
  • ракетаны ишке киргизүүчү "Галактика" деп аталган комплекс – алты даана;
  • "Калина 12х80" антенналык коммутатору – бир даана.
Жаңылыктар түрмөгү
0