Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдабаев менен Өзбекстандын вице-премьери — инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолугушуу учурунда

550 млн. долларлык 60 долбоор. Кыргыз-өзбек министрлеринин жолугушуусу

(жаңыланган 16:09 07.04.2021)
Министр энергетика тармагы боюнча кызматташууну да сөз кылып, бир катар маселелерди ортого салган.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстан жалпы жонунан 550 миллион доллардан ашуун каражат сарпталчу 60 долбоорду ишке ашырат. Бул тууралуу маалымат коңшу мамлекеттин Инвестиция жана тышкы соода министрлигинин расмий сайтында жарыяланды

Ага ылайык, 6-апрелде Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдабаев менен Өзбекстандын вице-премьери — инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков менен жолуккан. Анда тараптар үстүбүздөгү жылдын март айында мамлекет башчылары кол койгон макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин, кыргыз-өзбек алакасын талкуулаганы айтылды.

"Тараптар ортосунда өндүрүштүк кызматташуу боюнча кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү максатында жол картасы түзүлгөн. Анын негизинде жалпы суммасы 550 миллион доллардан ашык каражатка биргеликте 60 долбоорду ишке ашыруу каралган", — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле аткаминерлер энергетика тармагы боюнча кызматташууну да сөз кылып, бир катар маселелерди ортого салган.

Эске сала кетсек, өткөн айда президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барып, коңшу мамлекет менен жалпы суммасы 127,6 миллион долларды түзгөн бир катар инвестициялык жана соода келишимдерге кол койгон.

Белгилер:
долбоор, кызматташуу, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан Өзбекстанга айыл чарба жаатында бир нече долбоор сунуштады. Тизме
Жапаровдун Өзбекстанга сапары жыйынтыкталды. Президент эмне менен кайтып келди
Өзбекстандын ЖОЖдоруна КР жарандары үчүн 100 гранттык орун бөлүндү
Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалган Алмазбек Акматов. Архив

Алмазбек Акматов өлкөнүн Эсептөө палатасына төрага болду

(жаңыланган 18:36 16.04.2021)
Акматов февраль айында эле аудитор болуп шайланган болчу. Ал Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактык бөлүмдөрүн жетектеген.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Акматов февраль айында эле аудитор болуп шайланган болчу. Ал Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактык бөлүмдөрүн жетектегени маалым.

Буга чейинки жетекчи Улукбек Марипов февраль айында премьер-министр кызматына дайындалган. Жаңы башчы дайындалганга чейин бул милдетти аудитор Айжан Садыркулова аткарып келди.

Алмазбек Акматов бул кызмат орунга Конституциянын 64-беренесинин 5-бөлүгүнүн 4-пунктунун жана "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" мыйзамынын 16-беренесинин негизинде дайындалды.

Белгилер:
Алмазбек Акматов, дайындоо, жетекчи
Тема боюнча
Салык кызматына жаңы жетекчи дайындалды
Кыргызстандын АКШдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган Бактыбек Аманбаев. Архив

Бактыбек Аманбаев АКШга элчи болуп дайындалды

(жаңыланган 17:57 16.04.2021)
Аманбаев 2013-2015-жылдары Кыргызстандын омбудсмени болгон. Былтыркы октябрь окуяларынан кийин өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп дайындалып, ушул жылдын февраль айына чейин иштеген.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын АКШдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул кызматты 2019-жылдан бери Болот Отунбаев аркалап келген. Аны менен катар Отунбаев Кыргызстандын Канададагы элчиси болуп эмгектенген.

Аманбаев 2013-2015-жылдары Кыргызстандын омбудсмени болгон. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясынын тизмесинде катышкан. Октябрь окуяларынан кийин өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп дайындалып, ушул жылдын февраль айына чейин иштеген.

Белгилер:
жарлык, элчи, Бактыбек Аманбаев, АКШ, Кыргызстан
Тема боюнча
Салык кызматына жаңы жетекчи дайындалды
Ысык-Көл тамыры чөп кайнатмасы

Бишкекте киши уу коргошунга ууландыбы? Дарыгерлердин жообу

(жаңыланган 22:40 16.04.2021)
"Ысык-Көл тамыры" уусу күчтүү дары чөп болуп эсептелет. Тажрыйбалуу медицина кызматкерлери коронавирустан бекитилген протоколдун негизинде дарыланууну сунуштайт.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Социалдык тармактарда Бишкекте киши "Ысык-Көл тамыры" деген чөптүн кайнатмасын ичип алып ууланып калганы тууралуу маалымат тарап жатат.

Бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына Кыргыз-Россия Славян университетинин клиникалык фармакология кафедрасынын жетекчиси, медицина илимдеринин кандитаты Аида Зурдинова дагы жазган.

"Мессенджер аркылуу мага маалымат түштү. Тез жардамда иштеген таанышыма саат 14:00дө бир киши чалып "жардам бергиле" деп кыйкырыптыр. Бейтап 10-кичи райондо жашайт экен. Дарыгерлер жерине барганда батирдин ичинен бүгүн жарнамаланган уу коргошундун бөтөлкөсүн көрүшкөн. Бейтаптын жүрөгүнүн согушу бузулуп, дем алуусу кескин начарлаган. Бактыга жараша, Тез жардамды убагында чакырышкан. Бейтап өзү дагы ошол кайнатманы ичкенин билдирген. Жаран токсикологияга жеткирилген, жакшы болуп кетет деп үмүт артуудабыз", - деп жазды ал.

Анткен менен Бишкектеги Травмотология жана ортопедия илим изидөө борборунун токсикология бөлүмүнөн мындай бейтаптар түшпөгөнүн билдиришти.

Ал эми Зурдинов өзүнүн жазган постунун алдына бейтап жеке клиникага жаткырылганын жазып, окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат эртең болорун билдирди.

Уу коргошун чуусу

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкованын ЖМКларга билдиргенине караганда, "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы менен коронавирусту дарыласа болот деп ойлоо туура эмес.

Журналисттин "Сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу?" деген суроосуна ал: "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек", - деп жооп берди.

Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирүү таратып, сыноодон өтпөгөн дарыны каттоо жана калкка кеңири колдонууга сунуштоого болбой турганын эскертти. Клиникалык сыноолордо препараттын натыйжасы жана коопсуздугу аныкталарын эске салган.

Ал эми далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова "Ысык-Көл тамыры" Кыргызстандагы эң уулуу чөп экенин айтып, анын кайнатмасын пайдалануу элдин саламаттыгына коркунуч жаратарын билдирген.

Белгилер:
бейтап, дары, Ысык-Көл тамыры, уу коргошун, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Садыр Жапаров уу коргошун кайнатканды кимден үйрөнгөн?
Министр: уу коргошунду туура эмес ичкен адам беш мүнөткө жетпей өлөт
Барыктабасова: "Ысык-Көл тамыры" элдин саламаттыгын коркунучка кептейт