БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Ички иштер министри Уланбек Ниязбеков Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча парламентке келбей койду.
Бүгүн эртең менен каргаша тууралуу маалымат угуу үчүн депутаттар министрди чакырган.
Бирок жыйынга анын орун басары Эркебек Аширходжаев келди.
Парламентарийлер нааразы болуп, бул жерде бир кыздын эмес, жалпы аялдардын тагдыры тууралуу кеп болуп жатканын айтышты.Депутат Айсулуу Мамашова ИИМ башчысы Ниязбеков жоопкерчиликтен качып элге да чыкпаганын, ошондой эле парламентке да келбегенин сынга алды.
Ал эми Аширходжаев министр учурда өкмөттөгү кеңешмеге катышып жаткандыктан келе албай калганын айтты.
Натыйжада депутаттар орун басарын залдан чыгарып, министрдин өзүн кайра чакырышты.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.
Акматов февраль айында эле аудитор болуп шайланган болчу. Ал Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактык бөлүмдөрүн жетектегени маалым.
Буга чейинки жетекчи Улукбек Марипов февраль айында премьер-министр кызматына дайындалган. Жаңы башчы дайындалганга чейин бул милдетти аудитор Айжан Садыркулова аткарып келди.Алмазбек Акматов бул кызмат орунга Конституциянын 64-беренесинин 5-бөлүгүнүн 4-пунктунун жана "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" мыйзамынын 16-беренесинин негизинде дайындалды.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бактыбек Аманбаев Кыргызстандын АКШдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул кызматты 2019-жылдан бери Болот Отунбаев аркалап келген. Аны менен катар Отунбаев Кыргызстандын Канададагы элчиси болуп эмгектенген.
Аманбаев 2013-2015-жылдары Кыргызстандын омбудсмени болгон. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясынын тизмесинде катышкан. Октябрь окуяларынан кийин өкмөт аппаратынын жетекчиси болуп дайындалып, ушул жылдын февраль айына чейин иштеген.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Социалдык тармактарда Бишкекте киши "Ысык-Көл тамыры" деген чөптүн кайнатмасын ичип алып ууланып калганы тууралуу маалымат тарап жатат.
Бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына Кыргыз-Россия Славян университетинин клиникалык фармакология кафедрасынын жетекчиси, медицина илимдеринин кандитаты Аида Зурдинова дагы жазган.
"Мессенджер аркылуу мага маалымат түштү. Тез жардамда иштеген таанышыма саат 14:00дө бир киши чалып "жардам бергиле" деп кыйкырыптыр. Бейтап 10-кичи райондо жашайт экен. Дарыгерлер жерине барганда батирдин ичинен бүгүн жарнамаланган уу коргошундун бөтөлкөсүн көрүшкөн. Бейтаптын жүрөгүнүн согушу бузулуп, дем алуусу кескин начарлаган. Бактыга жараша, Тез жардамды убагында чакырышкан. Бейтап өзү дагы ошол кайнатманы ичкенин билдирген. Жаран токсикологияга жеткирилген, жакшы болуп кетет деп үмүт артуудабыз", - деп жазды ал.
Анткен менен Бишкектеги Травмотология жана ортопедия илим изидөө борборунун токсикология бөлүмүнөн мындай бейтаптар түшпөгөнүн билдиришти.
Ал эми Зурдинов өзүнүн жазган постунун алдына бейтап жеке клиникага жаткырылганын жазып, окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат эртең болорун билдирди.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкованын ЖМКларга билдиргенине караганда, "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы менен коронавирусту дарыласа болот деп ойлоо туура эмес.
Журналисттин "Сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу?" деген суроосуна ал: "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек", - деп жооп берди.
Ал эми далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова "Ысык-Көл тамыры" Кыргызстандагы эң уулуу чөп экенин айтып, анын кайнатмасын пайдалануу элдин саламаттыгына коркунуч жаратарын билдирген.