Милиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Бишкек шаардык жана Биринчи май райондук милициясына жаңы жетекчилер дайындалды

308
(жаңыланган 11:47 10.04.2021)
Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен жооптуу 12 кызматкер иштен алынып, 32си тартиптик жаза алган.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясынын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Азамат Ногойбаев дайындалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ногойбаев буга чейин ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын үчүнчү башкармалыгынын (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгы) жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен өз ара аракеттешүү бөлүмүнүн начальниги болуп иштеген.

Ал эми Тилек Тюкебаев жетекчинин орун басары кызматын убактылуу аркаламай болду. Ал буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз РИИБинин начальниги болуп иштеген.

Бишкек ШИИББдин тергөө кызматынын начальнигинин орун басары Кымбат Курманалиева бул кызматтын жетекчиси болуп дайындалды.

Мирлан Ниязалиев Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБинин начальниги кызматына дайындалды. Ал буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.

Улан Орозалиев Бишкек ШИИББдин Криминалдык милиция кызматынын начальнигинин орун басары кызматынан бошотулуп, Биринчи май РИИБдин жетекчисинин ыкчам иштери боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Руслан Бердибаев Бишкек шаардык Октябрь РИИБдин жетекчисинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматынан бошотулуп, Биринчи май РИИБдин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары болуп дайындалды.

Жумадил Шералиев Бишкек ШИИББдин коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиснин орун басарлыгынан бошотулуп, Биринчи май РИИБдин жетекчисинин орун басары, коомдук коопсуздук кызматынын начальниги болуп дайындалды.

Бегимай Турапова ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басарлыгынан бошотулуп, Октябрь РИИБдин жетекчисинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары кызматына дайындалды.

Белгилей кетсек, Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен жооптуу 12 кызматкер иштен алынып, 32си тартиптик жаза алган.

308
Белгилер:
дайындоо, жетекчи, Биринчи май району, милиция, Бишкек
Тема:
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү (46)
Тема боюнча
Айзаданын өлүмү: Бишкек шаардык милициянын жетекчиси Матмусаев кызматтан алынды
Айзаданын өлүмү боюнча 44 милиционер жазаланып, жетекчилер кызматтан алынды
Талибан кыймылынын согушкери. Архив

Афганистан Борбор Азия өлкөлөрүнө "атайын багыттагы күчтөрдүн достугун" сунуштады

35
(жаңыланган 18:17 15.05.2021)
Афганистанда "постамерикалык" тынчтыкты жөнгө салуу процесси атайын инструмент жана опцияларды, анын ичинде күчтү да талап кылары турулуу иш.

Эгерде пикир келишпестиктерди жоюп, бир катар өлкөлөрдүн атайын багыттагы бөлүктөрүнүн каражаттары жана мүмкүнчүлүктөрү ийгиликтүү жуурулушса, Кабулдагы атайын операциялар күчтөрүнүн эл аралык аймактык борборунун долбоору көптү үмүттөндүрөт. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул жолу аталган долбоордун келечеги тууралуу ой калчаган.

Афганистандан АКШ күчтөрү чыгып жатканда аталган Ислам республикасында талибдер менен куралдуу кагылыш күчөдү. Өкмөттүк армиянын Атайын операциялар корпусунун (ANASOC) командачысы генерал-лейтенант Мохаммад Фарид Ахмади географиялык коңшуларына атайын багыттагы жалпы (эл аралык) базада терроризм менен күрөшүүдөгү ыңгайлуу аракеттерди бириктирүүнү сунуштады.

Мындай инструмент Афганистандын аймагында согушкер-моджахеддердин мизин кайтаруунун майнаптуулугун арттырмак. Ошондой эле Борбордук жана Түштүк Азиянын чектешкен өлкөлөрүнө террордук топтордун жер которушун ооздуктай алмак. Андан тышкары, Атайын операциялар күчтөрүнүн улуттук борборлору кыйла чоң аскердик тажрыйбага ээ болмок.

Генерал Ахмадинин демилгесин жүзөгө ашыруу далай тоскоолго кабылары шексиз, ошентсе да Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн атайын багыттагы бөлүктөрүн өнүктүрүүгө чоң көңүл бөлүп келгени, анан да олуттуу потенциалга ээ экени белгилүү. Афганистандагы эл аралык долбоорго атайын багыттагы күчтөрү Сирия Араб Республикасында ири тажрыйбай топтогон Россия да кошулуп калышы ыктымал.

Ал ортодо 2020-жылдын 29-февралындагы АКШ менен "Талибандын"* макулдашууларындагы шарттарга ылайык бошотулган 5000 талибдин көпчүлүгү кайрадан согуш талаасына кайтты. Алар америкалыктарды жана анын НАТОдогу союздаштарын өлкөдөн бачымыраак сүрүп чыгарууга белсенишкен.

Талибдер жазгы чабуулдарын улантып, өкмөттүк коопсуздук күчтөргө жана жарандык инфраструктурасынын объектилерине улам кол салууда. Кабулда 8-майда өтө оор террордук акты жасалып, мектептин жанындагы жардыруу өспүрүм курактагы 75 окуучу кыздын өмүрүн алып, 190 киши жараат алды. Андан мурун эле, тагыраак, 1-майда Логар провинциясынын Пули-Алам шаарындагы жардырууда 30 киши каза таап, 90дон ашуун киши (көбүнесе жергиликтүү университеттин абитуриенттери) жарадар болгон.

Кабул провинциясында 12-майдагы Өзбекстандан Афганистанга электр импорттоодо кызмат кылчу электр түркүгүн жардырышты. Ушундай көрүнүш апта ичинде үчүнчү ирет кайталанып отурат.

Афганистандан америкалык күчтөрдү чыгарып кетүү үчүн 100дөн ашуун аскердик-транспорттук учак каттоодо. Бул багытта иш 1-майда башталып, ушул тапта 12 пайызга аткарылды.

Интеграция мүмкүндүгү

Афганистандын улуттук армиясы терроризм менен күрөшүү үчүн маанилүү ресурс болуп саналат. Чөлкөмдөгү туруктуулукту камсыз кылуу үчүн аны АКШ жана НАТО күчтөрү чыгарылгандан кийин да сактап калуу маанилүү.

ANASOC командачысы генерал Ахмади (баса, Россиядагы Рязанск аба-десанттык командалык жогорку окуу жайынын бүтүрүүчүсү) Афганистандын улуттук куралдуу күчтөрүндөгү атайын багыттагы бөлүгүнүн потенциалын өзгөчө белгилейт. Атайын операциялар күчтөрүн негизги мамлекеттик энчиси деп эсептейт. Анткен менен атайын багыттагы бөлүктүн ондогон аскер кызматкерлери согушкерлер тарабынан өлтүрүлгөнү маалым. Болжол менен Борбор Азиядагы чектешкен өлкөлөр Кабулга жарандык согуштун жаңы эпкининде атайын багыттагы өз бөлүктөрү менен олуттуу көмөктөшө алат. Мисалы, Улуу Британияда өткөн бул багыттагы бөлүктөрдүн эл аралык Cambrian patrol-2019 таймашында Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлигинин Атайын операциялар күчтөрүнүн өкүлдөрү жеңип чыккан. Бул тегин жерден эмес. Аталган республика СССРден атайын багыттагы 15-бригаданы мурастап калган. Кезегинде ал СССР убагындагы афган жаңжалында бир топ курчуган. Кийин өзбекстандык атайын багыттагы бөлүк россиялык, америкалык, британиялык, түркиялык, немец, италиялык жана башка кесиптештери менен тажрыйба алмашкан. Өзбекстан менен Россиянын Атайын операциялар күчтөрү биргелешкен окууларды байма-бай өткөрүп келет. РФтин Коргоо министрлигинин курамына 17-десанттык-штурмдук бригадасы, ыкчам чара көрүү бригадасы, Чыгыш аскердик округунун атайын операциялар батальону кирет. Өзбекстандын да Мамлекеттик коопсуздук кызматынын атайын багыттагы бөлүгүнүн да потенциалы кыйла жогору.

Тажикстандын атайын багыттагы күчтөрүнүн негизин мобилдик күчтөрдүн 7-десанттык-штурмдук бригадасы түзөт. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамындагы "Альфа" да жана ИИМдин ичиндеги атайын багыттагы өзүнчө бригада да белгилүү. Мындан сырткары, Тажикстанда 201-россиялык аскердик база жайгашкан.

Кыргызстан менен Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн атайын операциялар күчтөрү да өз ара аракеттешип келишет. Тоолуу аймактарда болжолдуу душманды атайын чалгындоо, бөгөттөө жана жок кылуу боюнча машыгышат.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн Атайын операциялар күчтөрүн колдонуу чечими эң жогорку деңгээлде кабыл алынат. Афганистанда бир нече мамлекеттин атайын багыттагы бөлүктөрүн жана максаттарын интеграциялоого мүмкүн, бирок ишке ашырылышы коомчулуктун колдоосу менен да арсар.

Аткарылгыс вазийпа

"Атайын багыттагы күчтөрдүн достугунун" идеологу АКШ президентинин атайын өкүлү Залмай Халилзад өңдөнөт. Ал өткөн жумада Кабулдагы республикалык өкмөттү эл аралык колдоону мобилизациялоо максатында Ташкент, Доха (Катардын борбору), Душанбеге барган. Бул шаарлар капыстан тандалганы жок. Доха – талибдер менен сүйлөшүүдө негизги аянтча. Душанбе жана Ташкент – Афганистан менен чектешкен республикалардын баш калаалары.

Анан калса талибдер бир топ жылдардан бери түндүктөгү чек арага жакын провинцияларды көзөмөлгө алууга умтулуп келет. АКШ жана НАТОнун күчтөрү чыгарылган соң бул зоналарды көзөмөлдөө касташкан тараптар үчүн кыйла орчундуу маселеге айланат. Тажикстан менен Өзбекстандын аймагына террордук активдүүлүктүн чагылышы да мүмкүн, "Талибандын"* жана "Ислам мамлекетинин"* катарында бул өлкөлөрдүн жарандары да аз эмес. Халилзаддын вазийпасы аткарылчудайбы?

Тажикстан Афганистан менен 1300 чакырымдан ашуун аралыкта чектешет, бул – КМШнын түштүк чек арасы. Эске салсак, совет мезгилинде тажик-афган чек арасын "жашыл фуражкачан" 25 миң жоокер кайтарган. СССР ыдырагандан тарта 2005-жылга дейре Тажикстан Республикасынын түштүк чек аралары Россиянын 19 миң кишиден турган Чек ара күчтөрүнүн ыкчам тобунун жоопкерчилигинде эле. Кийин алардын ордун 16 миң тажик чек арачы баскан. Маңызы жоокерлердин санында деле эмес. Чек аранын ар бир чакырымын заманбап стандарттарга ылайык жабдуу үчүн 1 млн доллардын тегерегиндеги каражат талап кылынат. Андай суммадагы акча жок, анткен менен чек араны кайтарууга күч менен каражат жетишерлик.

ЖККУнун тутумунда интеграцияланган Тажикстан Коргоо министрлигинин атайын бөлүктөрүн Афганистандын кай бир жеринде Кытай, Пакистан, Иран жана бөлөк өлкөлөрдүн бул багыттагы күчтөрү менен өз ара аракеттешип пайдалануу бүгүнкү күндө мүмкүн эместей туюлат. Маанилүү саясий чечимдер жана алдын ала ири даярдык талап кылынат.

Ташкенттин ЖККУнун чийини боюнча милдеттенмелерге байланышы жок, ошентсе да баары бир жакынкы коңшулары менен аскердик жана аскерий-техникалык кызматташтыкты жамааттык коопсуздук реалдуулуктарын эске алуу менен ийгиликтүү өнүктүрүүдө.

Коргоо жаатында Өзбекстандын саясаты өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн чет жердеги тынчтык орнотуучу операцияларына жана аскердик жаңжалдарга катышпоо принцибине негизделген. Ошону менен бирге эле Өзбекстан – Афганистандагы улуттук кызыкчылыктарды өнүктүрүү стратегиясын кабыл алган Борбор Азиядагы жападан жалгыз өлкө. Ташкент билдиргендей, Афганистан менен Өзбекстандын коопсуздугу – бир бүтүн. Өзбекстан президентинин Афганистан боюнча атайын өкүлүнүн институту да түзүлгөн. Ал чөлкөмдөгү негизги оюнчулар, анын ичинде Россия, Кытай, Иран, АКШ менен өз ара аракеттешет.

Ташкентте быйыл жайда афгандык жөнгө салуу аракети боюнча эл аралык конференция өтөт. Анда Борбор Азия мамлекеттеринин жогорку даражадагы өкүлдөрү чөлкөмдөгү коопсуздук чараларын талкуулашат.

Өзбекстан "постамерикалык" Афганистандын транспорттук жана экономикалык потенциалын кызуу пайдаланууга ниеттенет. Ал үчүн Кабул менен да, талибдер менен да коопсуздук кепилдиктери жөнүндө сүйлөшүүгө даяр. Ташкентте алар афган коомунун бөлүгү деп каралып, юридикалык жактан террорчулар деп эсептелбейт.

Ар бир мамлекет өзүнүн улуттук чектөө жана өзгөчөлүктөрүнө ээ. Азыркы аскердик-саясий реалдуулукта Борбордук жана Түштүк Азиядагы чектеш өлкөлөрдүн өкмөттөрү Афганистандын аймагында жайнаган партизандык түзүмдө менен узакка салгылашууга караганда жеңүүчү (ким болбосун) менен тынч макулдашууга ыктайт.

Пакистан армиясынын башкы командачысы генерал Камар Жавед Бажва 11-майда афган жаңжалын аскердик жол менен чечүү планда жок экенин тастыктады. Кытай 12-майда Борбор Азия өлкөлөрүн Афган Ислам Республикасында тынчтык процессин жайылтууга көмөк көрсөтүүгө үндөдү.

Ошентсе да Кабулда Түштүк жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн Атайын операциялар күчтөрүнүн алдыңкы тажрыйбасы жана терроризм менен күрөшүүчү чөлкөмдүк борборун түзүү демилгеси террордук экспансиянын, башкача айтканда, Афганистандын чегинен тыш да "Ислам мамлекетин" кеңейтүү коркунучунан улам жүзөгө ашырылып калышы ыктымал.

* – бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюмдар.

35
Белгилер:
Пакистан, террорчулук, операция, коопсуздук, саясат, Борбордук Азия, Афганистан
Тема боюнча
ЖМК: АКШ Афганистандан чыгарылган аскер күчүн Борбор Азияга жайгаштырабы?
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев. Архив

УКМК кызматкерлери Ташиевге нааразыбы? Атайын кызматтын жообу

270
(жаңыланган 14:25 15.05.2021)
УКМКнын учурдагы кызматкерлери деп айтылган тараптын кайрылуусунда, атайын кызматтын жетекчисине карата бир катар айыптоолор айтылып, аны текшерүүгө алуу өтүнүчү келтирилген.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Улуттук коопсуздук комитетинин учурдагы кызматкерлеринин атынан социалдык тармактарда тарап жаткан кайрылуу фейк болуп саналат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө президентине, Жогорку Кеңештин төрагасына жана Башкы прокурорго жолдонгон кайрылууда чекисттер (УКМК кызматкерлери) буга чейин Камчыбек Ташиевди УКМК башчылыгынан четтетүүнү өтүнгөнү айтылат. Текстте Ташиевге карата бир катар айыптоолор коюлуп, комитетте текшерүү жүргүзүү өтүнүчү келтирилген.

"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети учурдагы кызматкерлеринин атынан деп социалдык тармактарда тарап жаткан кайрылуу чындыкка дал келбейт, фейк болуп саналарын билдирет. Бул көрүнүш УКМКнын өлкө коопсуздугун камсыздоодогу негизги милдетин аткаруудан алаксытууга далалаттанган айрым бир кызыкдар тараптардын аракети", — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө УКМКнын өздүк курамынын моралдык-психологиялык абалы мыкты экендиги, коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткаруу үчүн бардык шарттар түзүлүп жаткандыгы белгиленди.

270
Белгилер:
Камчыбек Ташиев, кайрылуу, УКМК
Тема боюнча
Кыргызстан жана Өзбекстан башчылары чек ара тилкелерин мыйзамдаштырууну талкуулады
Жээнбеков генерал наамдарын мыйзамсыз ыйгарганбы? УКМК текшере баштады

Минутасына 25 миң сөз окуйт. Өзгөчө ыкма тапкан Элланын өнөрү видеодо

0
(жаңыланган 20:06 15.05.2021)
Элла Зарылбекова мүнөтүнө 25 миң сөз, жарым саатта бир китеп окуй алат. Ал Кыргызстанда биринчилерден болуп тез окуу курсун ачып, мындай ыкманы 3000дей адамга үйрөткөн. Анда 8 жаштан 49 жашка чейинки курактагылар окуп жатат.

Элла 21 жашта, учурда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология жана химия факультетинин 4-курсунун студенти.

Буга чейин Кыргызстанда орус тилинде гана тез окуу курстары бар болчу. Ал алгачкылардан болуп кыргызча ылдам окууну үйрөтүп жатат.

Анын курсунда окугандардын алды мүнөтүнө 42 миң сөз окуганга жетишкен.

"Көпчүлүгү "мүнөтүнө 25 миң сөздү кантип айтып жетишесиң?" деп сурашат. Мындай сырттан окулбайт, адам баласы ашып кетсе минутасына 300 эле сөздү сүйлөп же окуп жетише алат. Тез окуу бир катар көнүгүүлөрдүн натыйжасында көрүү талаасынын кеңейүүсү менен жүргөн процесс болуп саналат. Бир убакытта эле эки сөздөн, эки саптан, бир абзацтан, ошондой эле бир бетти бир карап эле окуу деңгээлине жетсе дагы болот", — деп түшүндүрдү Зарылбекова.

Каарман ушул кезге чейин 4000ге жакын китеп окуганын, үйүндө чакан китепканасы бар экенин айтат. Өзү бала кезинен эле көп окуп, ал эми тез окууну интернеттен карап эле үйрөнүп, ыкмаларын алты айда өздөштүргөн.

"Окуу методикасын үйрөнүп, иштеп чыкканга алты ай убакыт короду. Ошол ыкманы колдонгон бир окуучум 12 күндө эле менден озуп кетти. Ал мүнөтүнө 42 миң сөз окуп, анын маанисин 70-75 пайызга түшүнүп калды. Бул да жакшы деңгээл. Мен тез окуганда 80-85, жеңил китептер болсо 90 пайызга чейин түшүнөм", — деди Зарылбекова.

Ошондой эле ал тез окуу маалыматтарды бат кабыл алууга өбөлгө түзөрүн, айрыкча бүтүрүүчүлөргө Жалпы республикалык тестирлөөдө чоң пайдасы тиерин кошумчалады.

Элла Зарылбекова бир эле учурда университетте окуп, курста сабак өтүп жана борбор калаадагы китеп дүкөндөрүнүн биринде администратор болуп иштейт. Жаш экенине карабай өзүн-өзү каржылап, ата-энесине да каралашып турат.

0
Белгилер:
студент, окуучу, китеп, окуу
Тема боюнча
Короосуна кафелдин 70 түсү менен сүрөт тарткан Бегимгүл. Аксылык кыздын маеги
Шыктандырат! Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү чакан бизнес ачканда. Видео
Селсаяктар менен иштеген Ажар: блогерликтен айына 200 миң сом табам