Кыргызстанда 5 300 аял айылдык кеңештин депутаттыгына аттанды

© Фото / Pixabay / Anastasia GeppГосударственная служба
Государственная служба - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2021
Жазылуу
Өлкө боюнча 420 айылдык кеңешке 7 560 депутат шайланышы керек, анын ичинен аялдар үчүн 2 900 квота бөлүнгөн.
БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстанда айылдык кеңештин депутаты болууга 5300 аял талапкерлигин койду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, өлкө боюнча 420 айылдык кеңешке 7 560 депутат шайланышы керек, анын ичинен аялдар үчүн 2 900 квота бөлүнгөн.
"Шаардык кеңешке пропорционалдык система менен шайлоо (партиялык тизме) болгондуктан аялдар үчүн 30 пайыздык квота каралган. Ал эми айылдык кеңештин депутаттары өзүн-өзү көрсөтүү менен мажоритардык системада шайланат. Буга чейин аял депутаттардын саны тогуз пайызды гана түзгөн. Мындан улам айылдарда дагы 30 пайыздык квота киргизилген. Учурда аялдар үчүн бөлүнгөн 2 900 мандатка 5 300 талапкер ат салышууда", — деди Шайлдабеков.
Айылдык кеңештин депутаттыгына аттанган талапкерлердин жалпы саны 18 772ге жетет.
Мындан сырткары, 28 шаардык кеңештин шайлоосуна 59 партия катышууда. Жарышка чыккан саясий уюмдардын эң көбү Бишкекте — 25, эң азы Көк-Жаңгак шаарында — 3.
Жаңылыктар түрмөгү
0