Шайлоо участогунда добуш берип жаткан адам - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстанда шайлоо өтүп жатат. Онлайн-репортаж

Жазылуу
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдумга добуш берүү башталды. Шайлоо участкалары эртең менен саат 8:00дө ачылып, кечинде 20:00дө жабылат.
28 шаардык кеңештин шайлоосуна 59 партия катышууда. Жарышка чыккан саясий уюмдардын эң көбү Бишкекте — 25, эң азы Көк-Жаңгак шаарында — 3.
Жергиликтүү кеңешти шайлоо менен кошо жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум да өтүүдө.
Кыргызстанда шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.
Мазмуну
14:36 11.04.2021
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
21:31 11.04.2021
IV Восточный экономический форум. День первый - Sputnik Кыргызстан, 1920
Бишкек шаардык кеңешинде мандаттар кандай бөлүштүрүлүп жатат. Болжолдуу эсеп
20:56 11.04.2021

Автоматтык эсептөө урналарынын (АСУ) алдын ала жыйынтыгына караганда Ош шаардык кеңешине ат салышкан партиялардын төртөө алдыда бара жатат.

Азыркы тапта АСУ добуш бергендердин 80 пайыздан ашык добушун эсептеди. Ага ылайык, төмөнкү партиялар алдыда:

"Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы — 48.82%
"Улуттар биримдиги элдик партиясы" саясий партиясы — 17.79%
"Ыйман Нуру" Адилеттүүлүк жана ѳнүгүү саясий партиясы — 7.96%
"Ынтымак" саясий партиясы — 7,03%


Дагы: https://sputnik.kg/politics/20210411/1052093501/osh-shaardyk-keneshine-otkon-partiyalar.html

20:52 11.04.2021
Принесение присяги новоизбранных министров Греции - Sputnik Кыргызстан, 1920
Бишкек шаардык кеңешине 6 партия өттү. Алдын ала жыйынтык
20:30 11.04.2021

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жалпысынан 24 арыз жана келип түштү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Алардын ичинен 16 маалымат жарандардын добушун сатып алуу, 4 маалымат шайлоо участокторундагы бейбаштык, 4 маалымат шайлоо процессине тоскоолдук жасоо белгилери боюнча катталды. Бардык катталган маалыматтар боюнча текшерүү иштери жүргузулду. Шаардагы №5304 шайлоо участогундагы шайлоочулар жана байкоочулар ортосундагы жаңжал боюнча териштирүү башталды.

20:28 11.04.2021

Бишкек убактысы боюнча саат 20.00гө карата бүткүл элдик добуш берүүгө келгендердин жалпы саны 2789 КР жаранын түздү.

Бишкек убактысы боюнча саат 20.00дө РФтеги Түштүк Сахалин, Владивосток, Якутск, Иркутск, Красноярск шаарларындагы КР элчилигинин Канцеляриясынын аймагында түзүлгөн референдумдун 13 участкалары, Япониядагы, Кореядагы, КЭРдеги, Малайзиядагы, Казакстандагы, элчиликтерде, Гуанчжоу, Новосибирск, Алматы шаарларындагы Башкы консулдуктарда иштеп жаткан участкалар ишин аяктады. 

Азыркы учурда, бүткүл элдик добуш берүүнүн 35 участкаларында добуш берүү өтүп жатат.

20:12 11.04.2021
Жаңы Конституция боюнча референдумдун алдын ала жыйынтыгы. АСУнун эсеби - Sputnik Кыргызстан, 1920
Жаңы Конституциянын долбоорун канча киши колдоду. АСУ эсеби
20:08 11.04.2021
Жаңы Конституция боюнча референдумдун алдын ала жыйынтыгы. АСУнун эсеби - Sputnik Кыргызстан, 1920
Жаңы Конституциянын долбоорун канча киши колдоду. АСУ эсеби
20:05 11.04.2021

Өлкөдө 20:00дө добуш берүү аяктап, участкалар ишин токтотту. 

Өлкө боюнча бүгүн 2 273 шайлоо участкасы иштеди. Жалпысынан референдумга 3 606 201, ал эми шайлоого 3 318 130 жаран катышуу укугуна ээ болду.  

Алгач автоматтык эсептөө урнасынын жыйынтыгы жарыяланат. Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум аяктады.


 

19:26 11.04.2021

Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна 1 024 891 адам келип добуш берип, жалпы шайлоочулардын 30,89 пайызын түздү. 
Ал эми бүткүл элдик добуш берүүгө 1 061 591 жаран катышып, 29,44 пайызды түздү. Мыйзам боюнча шайлоочулардын 30 пайызы катышканда гана референдум өттү деп таанылат. Азырынча бул босогого 0,56 пайыздык добуш жетпей турат. Бул туурасында БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова саат 18:00гө карата берген маалыматында билдирди.
Шайлоо участкалары саат 20:00дө жабылат.

18:41 11.04.2021

Бет кап чуусуна байланышкан фактылар териштирилип, добуш сатып алуу фактысы аныкталган жок. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Ош шаарында шайлоочуларга акча таратып, алар добуш берүүгө кирип жатканда бет кабынын чекесин тешип, белги койду деген сүрөттөр тараган. Ушул эле сыяктуу ыкма менен адамдарга жашыл түстөгү бет кап тагып киргизип жатканы айтылган.
“Эки фактыны тең териштирилди. Добуш сатып алуу боюнча аныкталган жок”, — деди Макилов.

18:05 11.04.2021
Миллион сомдон ашык салыкты жашырып койгон ишкер жана ишкана аныкталды - Sputnik Кыргызстан, 1920
Депутаттыкка аттанган талапкерлер шайлоого 155,2 млн. сом коротту
17:10 11.04.2021

Саат 16:00гө карата  Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого  856 404 адам добуш берип, шайлоого келген жалпы элдин көрсөткүчү  25,81 пайыз болду.

Ал эми  референдумга (бүткүл элдик добуш берүү) 888 331 адам добуш берип, келгендердин көрсөткүчү 24, 63 пайыз болду. Бул маалыматтарды БШК билдирди.

15:21 11.04.2021

Бүгүн, 11-апрелде Германиядагы үч шайлоо участкаcында (КРдин Берлиндеги элчилиги, Франкфурттагы консулдук агенттик жана элчиликтин Бонндогу бөлүмүндө) референдумга  добуш берүү жүрүп жатат.

Германияда добуш берүү укугуна ээ болгон 3334 шайлоочу катталган (консулдук каттоого туруп, биометрикалык маалыматтарын тапшыргандар):

1. Берлиндеги №9029 шайлоо участогунда 1669 шайлоочу катталган;

2. Франкфуртта №9030 шайлоо участогунда 1207 шайлоочу;

3. Бонндогу №9031 участогунда  458 шайлоочу.

Референдум Германиянын бийлигинин уруксаты менен, чектөө чаралары жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүлүүдө.

Бул туурасында аталган элчиликтен кабарлашты.

 

15:17 11.04.2021

Ош шаарында беш тилкеде шайлоо участкасынан сырткары добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул туурасында Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Муктар Пазилдаев билдирди.
Тагыраак айтканда, шаарда мөөнөтүнөн мурда добуш берилген №5279, 5551, 5284; 5904; 5316 шайлоо участкаларынын жыйынтыгын жокко чыгаруу чечими кабыл алынган.
Пайзилдаевдин №5279 участкада шайлоо комиссиянын мүчөлөрү "Ата Журт Кыргызстан" партиясынын талапкери Чыңгыз Жороевдин унаасы менен кыдырып жүргөнү аныкталган.


"Бул факты боюнча ошол көчмө урнадагы 30 добушту жокко чыгардык, ушуга жол бергени үчүн участкадагы шайлоо комиссиясынын жетекчисинин кызматтан алуу сунушталды. Бул шайлоодон кийин каралат, себеби азыр чара колдоно албайбыз. Талапкердин өзүн да чететтүү маселеси каралбай болду. Ал эми №5284; 5904; 5316 участкаларында бирден үчкө чейин ашыкча бюллетень чыккан. Ошондой эле №5551 шайлоо участкасында реестрде жок адамга бюллетень берилгени аныкталып, 35 шайлоочунун добушу жокко чыгарылды", — деди Пайзилдаев.


Өлкө боюнча мөөнөтүнөн мурда добуш берилген 15 шайлоо участкасында жыйынтык жокко чыгарылган. Алар Бишкек, Ош, Токмок шаарлары жана Аламүдүн району.
 

15:14 11.04.2021

Саат 14:00гө карата  Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого 674 419 адам добуш берип, шайлоого келген жалпы элдин көрсөткүчү  20,33 пайыз болду.

 

Ал эми  референдумга (бүткүл элдик добуш берүү) 700 000 адам добуш берип, келгендердин көрсөткүчү 19, 41 пайыз болду. Бул маалыматтарды БШК билдирди.

Ош облусу — 151 356 адам;
Жалал-Абад облусу — 147 321;
Чүй облусу — 95 465;
Бишкек ш.— 65 740;
Баткен облусу —59 504;
Ысык-Көл облусу —57 977;
Нарын — 46 459;
Ош —39 786;
Талас облусу  — 35 037;
Чет өлкөлөрдө (ТИМдин маалыматы) — 1 355.

 

14:58 11.04.2021

Кара-Суу районундагы Жаңы-Маала айылындагы №5221 "Жаңы-Маала" шайлоо участкасында жергиликтүү кеңешке талапкерлигин койгон Н. Х. жана С. А. аттуу жарандар саясий партиялардын бири акча таратып жана коркутуулар болуп жатканын милицияга кабарлашкан.
Маалыматты облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев тастыктады.

Бул туурасында Кара-Суу РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, азыркы учурда текшерүү иштери башталды.

14:35 11.04.2021

 Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жубайы менен Сузак районунун Барпы айылындагы №2395 шайлоо тилкесинде добуш берди. 

Облус жетекчиси мамлекеттин алдыңкы багытын аныктоочу референдум жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгү облус аймагында ачык айкындыкта өтүүсү зарылдыгын белгилеп жана тургундарды жарандык милдетин аткарып, добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды.

Жалал-Абад облусундагы 452 шайлоо тилкесинде 672 миң 859 шайлоочу референдумга, 418 участокто 620 миң 106 шайлоочу жергиликтүү кеңештерге добуш берүүгө катталган. Облуста 62 айылдык, 7 шаардык кеңештин депутаттары шайланат.

13:28 11.04.2021

Сооронбай Жээнбеков шайлоо боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, төмөндөгүлөрдү белгиледи:
"Бүгүн шайлоо күнү. Бул күнү үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган. Буга кошумча – ар бир жаран кимге добуш бергенин купуя сыр катары сактоого укуктуу. Негизгиси – бүгүнкү жарандык милдетимди аткардым", - деди ал.
Ошону менен бирге коомчулукта, журналисттерде ага, экс-президент катары суроолор көп экендигин кошумчалады.
“Жеке менин дарегиме да ар кыл ойлор, калп-чыны аралаш пикирлер айтылып келет. Мен мунун баарын угуп, көрүп, анализдеп жатам. Албетте, менде айтылчү сөздөр көп. Бирок, азыркы кырдаалда менин сүйлөп, саясатчылар менен талашып-тартышып, диалогго аралашканыма караганда, унчукпай турганым – өлкө үчүн чоң пайда. Анткени, саясий туруктуулук жаңыдан бекемделип келатат. Менин айтканым, дегеним, кырдаалга таасир этпей койбойт. Саясий чайкоочулук кылчулар да жок эмес. Мен ошого жол бергим келбейт”, - деген Жээнбеков.

Жээнбеков өлкөдөгү саясий туруктуулук ал үчүн кымбат экендигин айткан. 
"Жеке мен тууралуу эмне дешсе да көтөрөм, чыдайм. Өлкөдөгү саясий туруктуулук, эл биримдиги мен үчүн баарынан кымбат. Дүйнөдө, биздин мамлекетте коронавируска байланыштуу экономикалык абал жеңил эмес. Дагы башка маселелер көп. Мамлекет жетекчилиги колунан келишинче иштеп жатат. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Ошондуктан, баарыбыз тең азыр саясатты азайтып, жаратмандыкка басым жасашыбыз керек. Менин унчукпай келаткандыгымдын негизги себеби – ушул. Буйруса, сүйлөшүүгө дагы мүмкүнчүлүктөр болот", - деген мурдагы президент. 

13:28 11.04.2021
Ветеран Великой Отечественной войны  М. В. Ермолаев - Sputnik Кыргызстан, 1920
Ошто 77 жаштагы карыя добушун 1000 сомго сатып алуу аракети болгонун айтты
13:24 11.04.2021

Жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана референдумга катышкандардын саны 13 пайыздын тегерегинде болду. 
Жергиликтүү кеңештин депутаттарына шайлоодо 445 533 жаран добуш берди. Бул жалпы шайлочулардын 13,43 пайызын түзөт. Учурда Сүлүктү шаардык кеңешинде 22,82 шайлоочу келип эң активдүү деп табылды.
Ал эми референдумга 465 121 адам катышып, шайлоочулардын 12,9 пайызын түздү. Бул туурасында БШК төрайымы саат 12:00гө карата берген маалыматында билдирди.

Бардык региондордун ичинен бишкектиктер жаңы Конституцияны кабыл алууга катышкандардын саны эң төмөн же 9,95 пайызы гана добуш берген. Ал эми Ош шаары 19,05 пайыз менен активдүүлүгүн көрсөтүүдө. 

12:48 11.04.2021

Ош шаарында бир партия шайлоочуларга акча таратып жатканы жана Бишкекте бюллетендер таштанды урнасына ыргытылганы туурасында ЖМКга чыккан маалыматтар териштирилип жатат. Бул туурасында БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров билдирди. Аны менен катар Ошто жарандарды добуш берүүгө  бет каптарына белги коюп киргизишкени боюнча кабарланган факты да каралып жатканын айтты.

12:47 11.04.2021

 Эртең менен саат 9:30дан 12:00гө чейин Борбордук шайлоо комиссияга мыйзам бузуулар тууралуу 25 кайрылуу түштү. Бул туурасында БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, учурда 12 даттануу аныкталып бүттү, калганы текшерилип жатат.  

Мындан сырткары прокуратура органдарына дагы 21 кайрылуу түшкөнү белгилүү болду.

12:44 11.04.2021

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов добуш берди

Бүгүн, 11-апрель күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы №5555 шайлоо участкасында добуш берди.

Шаар башчысы референдум жана жергиликтүү шайлоо өткөрүүгө бардык шайлоо тилкелери даярдалып, партияларга бирдей шарт түзүлгөнүн билдирди.

Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов  - Sputnik Кыргызстан
12:36 11.04.2021
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920
Токмокто участкадан тышкаркы 3 тилкеде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыкты
12:34 11.04.2021

Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо жана референдумда добуш берди. 

Марипов Бишкек шаарындагы № 40 жалпы билим берүүчү мектептин имаратында жайгашкан № 1032 шайлоо участогунда добушун берди.

Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
11:33 11.04.2021
11:31 11.04.2021

Саат 10:00гө карата алынган маалымат:

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого 172 139 адам катышты (5,19%)

Референдумга 181 801 адам катышты (5,04%)

11:21 11.04.2021
Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
10:53 11.04.2021

"Урматтуу мекендештер!

Бүгүн өлкө келечеги үчүн жоопкерчиликти жана мамлекеттик башкарууда тартипти жогорулатууга багытталган жалпы элдик добуш берүү күнү келди.

Кыргызстан отуз жыл бою өз жолун таппай чайналды. Бир нече ирет толкундоолор болду.

Мунун баары — багытыбыздын, ниетибиздин түз эместигинин кесепети.

Былтыркы октябрь айындагы окуялар мындан ары өз жолубузду тандоону, журтубузда жоопкерчилик менен тартиптин орношун талап кылды. Ал окуялар — тарыхыбыздагы эң ыплас, таза эмес шайлоонун  натыйжасы. Бийлик элдин үнүн уккан жок.

Бийликтин ушундай жоопкерчиликсиздигинен, адилетсиздигинен, өзүм билемдигинен тажаган эл системалуу өзгөрүүлөрдүн болушун талап кылды. 

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн тарыхында элге биринчи жолу өлкөнүн башкаруу формасын тандоо укугу берилди. Сиздерге белгилүү болгондой, 10-январда кыргыз эли өз жолун тандап, президенттик башкарууну колдоду.

Ушундан улам, Баш мыйзамды өзгөртүү зарылдыгы бышып жетилди. Илимий чөйрөнүн, коомчулуктун активдүү жана көрүнүктүү өкүлдөрүнүн катышуусу менен Конституциянын жаңы долбоору иштелип чыкты.

Мындан аркы алган багытыбыз кандай болору Сиздердин бүгүнкү чечимиңиздер менен тыгыз байланыштуу.

Мамлекеттик башкарууда жоопкерчиликти ыйык тутуп, мыйзамдуулуктун бекем сакталышына багыт алсак гана эл алдында  жүзүбүз жарык болуп, келечекке карай үмүтүн арттырабыз.  

Мен мамлекет башчысы катары добуш берүүгө укуктуу бардык мекендештерибизди өлкө келечегине кайдыгер карабоого чакырам.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум административдик ресурстар колдонулбастан, адилеттүү, калыс өткөрүлүшү керек.

Биз буга чейинки бийликтин кетирген кемчиликтерин кайталабай, өткөн күндөрүбүздөн сабак алышыбыз зарыл.

Демократиялык кайра жаңылануунун негизги шарты — шайлоодо өз сөзүн эркин айткан элдин эрки. Атаандаштык эрежесин бузбай, шайлоону таза өткөрө алган бийлик гана өлкө жарандарынын ишенимин актай алат. Ал эми таза шайлоо өз кезегинде өлкөдөгү тынчтыктын жана туруктуулуктун пайдубалына айланат.

Ошондуктан мен кыргыз элин жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана референдумга активдүү катышууга чакырам, ал эми тиешелүү органдардан шайлоону таза өткөрүүнү дагы бир ирет талап кылам. Күчтүү мамлекетти калыптандыруу үчүн, биринчи кезекте, өлкөнүн негизги мыйзамы күчтүү болушу керек.

Мен дагы бир жолу бардык мекендештерибизди өлкө келечегине кайдыгер карабоого, ар бир жаранды мамлекеттин келечеги үчүн өз салымын кошуп, туура чечим кабыл алууга үндөйм".

10:36 11.04.2021
10:27 11.04.2021

Садыр Жапаров менен биринчи айым Айгүл Жапарова Чоң-Арыктагы №1053 шайлоо участкасында добуш беришти. Андан соң Жапаров сөз сүйлөп, бүгүнкү күндүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал буга чейин Конституция башка жактан көчүрүлүп жазылганын, бул жолкуда биринчи жолу кыргыз эли өзү жазганына токтолду.

10:24 11.04.2021
10:01 11.04.2021

Бишкектин Патрулдук милиция кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Шаардык милиция кабарлагандай, тартип сакчылары шайлоо участкаларына жакын жерлерде иштөөдө.

Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
09:51 11.04.2021

Чет жакта 48 шайлоо участкасы ачылды. Тизмеде 58 598 жаран катталган. 

Биринчилерден болуп Бишкек убактысы менен саат 3.00дө Түштүк Сахалин шаарындагы шайлоо участкасы ачылды. Ал эми эң акыркы болуп АКШдагы шайлоо участкасы жабылат. Добуш берүү Бишкек убактысы менен эртең саат 7.00дө токтойт.

09:14 11.04.2021

Бүгүн шайлоонун жүрүшүнө 31 өлкөдөн келген 183 байкоочу көз салмакчы. Алардын арасында Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, эл аралык уюмдардын жана башка өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрү бар.

09:11 11.04.2021

Баткен облусунда референдумга карата 218 шайлоо участкалары, ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосуна 201 шайлоо участкалары ачылып, өз ишмердүүлүгүн башташты.

Облус боюнча референдум боюнча добуш берчүлөрдүн саны 300 500, ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого 279 875 киши добуш бере алат.

Облуста 27 айылдык, 6 шаардык кеңештерге шайлоолор өтүүдө.

Шаардык кеңештин депутаттыгына 166 мандат үчүн 56 партия жана айылдык кеңештин депутаттыгына 577 мандат үчүн1 633 талапкер ат салышууда.

Выборы в местные кенеши и референдум по проекту новой Конституции в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
09:05 11.04.2021

Шайлоонун жүрүшүн чагылдыруу үчүн Кыргызстандан 179 ЖМК аккредитациядан өткөн. Мындан сырткары, шайлоону 25 чет өлкөлүк маалымат каражаты чагылдырмакчы.

08:50 11.04.2021

Бир катар саясий партиялардын даттануусунан кийин шайлоо участкасынан тышкаркы алты тилкеде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин аймактык комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. 

10-апрель күнү Бишкек шаардык кеңешине депуттарды шайлоо жана жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумга шайлоо участкасынан тышкары добуш берүү өткөрүлгөн. Айрым саясий партиялар мыйзам бузуулар болгонун айтып, жыйынтыгын жоко чыгарууну талап кылышкан.

Бишкекская ТИК на основании жалоб от ПП Республика и ОФ "Общее дело " отменила итоги голосования вне помещения на 6 УИК!

Опубликовано Кайратом Маматовым Суббота, 10 апреля 2021 г.
08:42 11.04.2021

Борбордук шайлоо комиссиясында 1255 ыкчам байланыш номери иштеп жатат. Чалуу акысыз. Шайлоого байланышкан бардык суроолорго ушул номерден жооп алсаңыз болот

08:40 11.04.2021

10-апрелде шайлоо участкаларынан сырткары 17 099 жаран добуш берген. Бул тууралуу Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы билдирди.

Жалпысынан мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө 19 298 киши арыз берген.

08:37 11.04.2021

Шайлоо участкаларында коопсуздукту күч түзүмүнүн 11 миң өкүлү коргоп жатат.

08:36 11.04.2021

Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берчүлөрдүн тизмесинде 3,3 миллион, ал эми референдумда добуш бере тургандардын тизмесинде 3,6 миллион киши катталган.

08:32 11.04.2021

Саламатсыздарбы!

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдумга добуш берүү башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0