Жапаров: эл жаңы Конституцияны колдоп берсе бир катар мыйзамдар өзгөрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Президент жаңы мыйзам долбоорлорунун пакети иштелип чыгып даяр турганын айтып, жаңы Конституциянын долбоору кабыл алынса парламенттин кароосуна жөнөтүлө турганын кошумчалады.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Референдумда жаңы Конституциянын долбоору кабыл алынса, биз ага жаңы мыйзам долбоорлорун киргизебиз. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров добуш бергенден кийин брифингде айтты.
Жапаров Кыргызстанда бири-бирине карама-каршы жазылып калган мыйзамдар көп экенин белгиледи.
"Жазык кодексинде, Жазык-процесстик кодексинде бири-бирине карама-каршы келген жагдайлар бар. Биз ошолордун бардыгын иретке келтиришибиз керек. Бир эле бул кодекстерде эмес, бардык мыйзамда ошондой. 30 жылдан бери ошол карама-каршылыктарда жашап келдик. Жаңы Конституциянын долбоору даярдалган күндөн баштап өкмөткө, сотко, аппаратка, прокуратурага "мыйзамдарды карап чыгып, бири-бирине карама-каршы келгендер болсо оңдогула" деген тапшырма бергенбиз", — деди Жапаров.
Президент мыйзам долбоорлорунун пакети иштелип чыгып даяр турганын айтып, жаңы Конституциянын долбоору кабыл алынса, алар парламенттин кароосуна жөнөтүлө турганын кошумчалады.
Шайлоо участогунда добуш берип жаткан адам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Шайлоо башталгандан бери кандай мыйзам бузуу болгону айтылды
"Жогорку Кеңеш жайкы шайлоого чейин жаңы мыйзам долбоорлорун карап, кабыл алып бериши керек. Андан кийин жаңыча жашайбыз", — деди өлкө башчы.
Белгилей кетсек, бүгүн, 11-апрелде, өлкөдө элдик референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат. Мамлекет башчы Чоң-Арык айылындагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Учурда Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы добуш берүүнүн жүрүшү боюнча Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуй аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0