Саат 18:00гө карата маалымат. Референдум өттү деп тааныла элек

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги шайлоо участкасында добуш берүү үчүн үкөктөр
Бишкектеги шайлоо участкасында добуш берүү үчүн үкөктөр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Шайлоо участкалары саат 20:00дө жабылат, эки сааттын аралыгында кеминде шайлоочулардын 0,56 пайызы добуш берсе референдум өттү деп таанылат.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Жергиликтүү кеңешти шайлоого 1 024 891 адам келип добуш берип, жалпы шайлоочулардын 30,89 пайызын түздү. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова саат 18:00гө карата берген маалыматында билдирди.
Ал эми бүткүл элдик добуш берүүгө 1 061 591 жаран катышып, 29,44 пайызды түздү. Мыйзам боюнча шайлоочулардын 30 пайызы катышканда гана референдум өттү деп таанылат. Азырынча бул босогого 0,56 пайыздык добуш жетпей турат.
Шайлоо участкалары саат 20:00дө жабылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0