Бишкек шаарындагы электрондук урналар

Референдумдун алдын ала жыйынтыгы чыгып, жаңы Конституция колдоо тапты

504
(жаңыланган 20:48 11.04.2021)
Автоматтык эсептөөнүн жыйынтыгы менен жаңы Баш мыйзамды шайлоочулардын 79,39 пайызы колдоп, 13,58 пайызы каршы добуш берди.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Референдумдун алдын ала жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда жаңы Конституция кабыл алынды.

Учурда өлкөдөгү 2 483 автоматтык саноо урналарынын 80,79 пайызы эсептелип бүттү. Ага ылайык, бүткүл элдик добуш берүүгө шайлоочулардын 30,07 пайызы катышты.

Автоматтык эсептөөнүн жыйынтыгы менен жаңы Баш мыйзамды шайлоочулардын 79,39 пайызы колдоп, 13,58 пайызы каршы добуш берди.

Белгилей кетсек, референдум өттү деп таануу үчүн жалпы шайлоочулардын 30 пайызы катышышы шарт.

504
Белгилер:
конституция, референдум, жыйынтык, шайлоо
Тема:
Жергиликтүү кеңештерди шайлоо (63)
Тема боюнча
Референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо аяктады
ИИМ өкүлү: бет кап чуусу иликтенип, добуш сатып алуу фактысы аныкталган жок
Манас эл аралык аэропорту. Архив

"Манас" аэропортунун директорлор кеңеши алмашты

11
(жаңыланган 15:49 08.05.2021)
Кеңештин дээрлик бардык мүчөсү алмашып, бир гана Маммүлк фондунун мурдагы төрагасы Ренат Түлөбердиев кайра шайланган.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. "Манас" Эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы алмашты. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Манас аэропорту. Архивдик сүрөт
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Кыргызстандын биржа фондунун сайтында 30-апрель күнү компаниянын акционерлеринин жылдык жалпы жыйыны өткөнү жазылат. Тагыраак айтканда, директорлор кеңешинин дээрлик бардык мүчөсү алмашып, бир гана Маммүлк фондунун мурдагы төрагасы Ренат Түлөбердиев кайра шайланган. Кеңештин беш мүчөсү бар.

Жаңы түзүлгөн кеңеш Ахматбек Абыловду директор кылып шайлаган. Ага чейин бул кызматты Алмазбек Мусабеков ээлеп келген. Ал директорлор кеңешине 2019-жылы мүчө борлуп, былтыр июлда төрагалыкка бекитилген.

Директорлор кеңеши менен башкаруучулуктун айырмасы:

  • Директорлор кеңеши — акционерлер аркылуу жетекчилик кылган компаниянын башкаруучу органы.
  • Ал эми компаниянын башкаруучулугу директорлор кеңеши белгилеген учурдагы ишмердүүлүгүн, анын ичинде стратегиясын жана саясатын аныктайт. Башкаруучулук директорлор кеңешине отчёт берет.

Учурда "Манас" Эл аралык аэропортунун" башкаруучулугун Бакыт Шаршеев жетектейт.

11
Белгилер:
башкаруу, "Манас" эл аралык аэропорту, директорлор кеңеши
Тема боюнча
"Манас" аэропорту тышкы башкарууга берилеби? Компаниянын жообу
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы алмашты
Генерал-майор Марат Иманкулов. Архив

Марат Иманкулов Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

99
(жаңыланган 13:26 08.05.2021)
Иманкуловдун аскердик чини генерал-майор, мурда УКМКнын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары болуп иштеген.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Марат Иманкулов Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин бул кызматты Рыскелди Мусаев аркалап келген.

Марат Иманкулов генерал-майор, мурда УКМКнын төрагасынын мурдагы биринчи орун басары болуп иштеген. 2017-жылы президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон.

99
Белгилер:
дайындоо, Коопсуздук кеңеши, Марат Иманкулов
Тема боюнча
Жапаровдун жаңы администрациясы түзүлдү. Ким жетектеди?
Жаңы билим берүү министри Болотбек Купешев туурасында эмне белгилүү
Президент Баткенге чек ара айылдарын калыбына келтирүү боюнча өкүлүн дайындады