Ош шаардык кеңешине шайлоо: алдыда 4 партия баратат

© Sputnik / Акылбек БатырбековОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Бүгүн, 11-апрелде, Кыргызстанда шаардык жана айылдык кеңештерге шайлоо болуп өттү. Саат 20:00дө добуш берүү аяктап, алдын ала жыйынтыктары чыгууда.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Автоматтык эсептөө урналарынын (АСУ) алдын ала жыйынтыгына караганда, Ош шаардык кеңешине ат салышкан партиялардын төртөө алдыда бара жатат.
Азыркы тапта АСУ добуш бергендердин 80 пайыздан ашык добушун эсептеди. Ага ылайык, төмөнкү партиялар алдыда:
  • "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы — 48.82%
  • "Улуттар биримдиги элдик партиясы" саясий партиясы — 17.79%
  • "Ыйман нуру" адилеттүүлүк жана ѳнүгүү саясий партиясы — 7.96%
  • "Ынтымак" саясий партиясы — 7,03%
Жаңылыктар түрмөгү
0