Бишкек шаардык кеңешинде мандаттар кандай бөлүштүрүлүп жатат. Болжолдуу эсеп

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүАткаминерлер. Архив
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Автоматтык түрдө эсептеген урнанын болжолдуу маалыматына ылайык, Бишкек шаардык кеңешине алты партия өттү.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешинде мандаттар кантип бөлүштүрүлөрү болжолдуу түрдө белгилүү болду.
АСУнун алдын ала маалыматы боюнча, мандаттар төмөнкү алты партияга бөлүштүрүлөт.
"Эмгек" — 13,90 пайыз (9 мандат);
"Ак Бата" — 12,21 пайыз (8 мандат);
НДПК — 10,48 пайыз (8 мандат);
"Ата-Журт Кыргызстан" — 9,78 пайыз (7 мандат);
"Ынтымак" — 8,37 пайыз (7 мандат);
"Биздин эл" — 7,79 пайыз (6 мандат).
Бул болжолдуу эсептөө экенин маалымдайбыз. Мандаттардын саны менен бөлүштүрүлүшү өзгөрүп кетиши мүмкүн.
Бишкек шаардык кеңешине 25 партия ат салышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0