Вице-премьер Улукбек Кармышаков шайлоо ийгиликтүү өткөнүн жарыялады

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер Улукбек Кармышаков. Архив
Вице-премьер Улукбек Кармышаков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Жазылуу
Вице-премьердин айтымында, бардык шайлоо участкаларында орой эреже бузуулар катталган жок.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Вице-премьер Улукбек Кармышаков референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо ийгиликтүү өткөнүн брифингде жарыялады.
"Биз жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана жаңы Конституция боюнча референдумду ийгиликтүү өткөрүп алдык. Алдын ала маалымат боюнча, референдумда 30 пайыздан ашык шайлоочу добуш берди. Бардык шайлоо участкаларында орой эреже бузуулар катталган жок", — деди аткаминер.
Кармышаков мындай көрүнүш мамлекет шайлоо процессин ийгиликтүү өткөрүп алганынан кабар берерин кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0